Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-июлу №438
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айыл округунун аймагында жайгашкан сугат айдоолорду жайыттарга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айыл округунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 1,8 га сугат айдоосун жайыттарга которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер сугат айдоодон жайыттарга которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |