Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-июлу № 439
"Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
"Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кошумча иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 220 токтомуна ылайык жиберилген "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 220 "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |