Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-июлу №441
Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин техникалык регламенттерин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө 2005-жылдын 24-мартындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин техникалык регламенттерин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө 2005-жылдын 24-мартындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун 2-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин техникалык регламенттерин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө 2005-жылдын 24-мартындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |