Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-июлу №442
Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар жаатындагы макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар жаатындагы макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун 16-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар жаатындагы макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |