Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-июлу №443
"Нарын облусунда эркин экономикалык зона түзүү жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 20-апрелиндеги № 459-ХII токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө
Нарын облусундагы эркин экономикалык зонасынын иштерин "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Нарын облусунда эркин экономикалык зона түзүү жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 20-апрелиндеги № 459-XII токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жактырылсын.
2. Аталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому "Нарын облусунда эркин экономикалык зона түзүү жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 20-апрелиндеги № 459-ХII токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Нарын облусунда эркин экономикалык зона түзүү жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 20-апрелиндеги № 459-ХII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Нарын облусунун Эл депутаттар кеңешинин 1991-жылдын 19-мартындагы чечими колдоого алынсын жана Нарын облусунда эркин экономикалык зона ушул токтомдун 1-1-пунктуна ылайык чек араларда түзүлсүн.".
Төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Нарын облусундагы эркин экономикалык зонанын чектери тиркемеге ылайык аныкталсын (топографиялык карта):
- түштүк тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айыл округунун Бишкек - Торугарт автожолу (9 га);
- түндүк тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айыл округунун Бишкек - Торугарт автожолу (15 га).".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
|