Редакцияот 09.07.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 9-июлу №445

Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин энергетикалык рыногун маалыматтык камсыздоонун жалпы системасын түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин энергетикалык рыногун маалыматтык камсыздоонун жалпы системасын түзүү жөнүндө макулдашуунун 14-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин энергетикалык рыногун маалыматтык камсыздоонун жалпы системасын түзүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

И.Чудинов