Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-июлу №449
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 10,38 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
- Г.А. Ахуновага - 0,31 га;
- К.Т.Баетовага - 2,79 га;
- М.Караевге - 1,24 га;
- М.М.Караевге - 0,31 га;
- Н.М.Караевага - 0,08 га,
- К.К Кашкабашевге - 0,15 га;
- М.Кулболдиевге - 1,55 га;
- М.С.Кожокматовго - 1,86 га;
- Н.Дж.Мотукеевге - 0,15 га;
- Р.Ж.Осмоналиевге - 0,08 га;
- Ш.Осмоналиевага - 0,08 га;
- М.Ж Осмоналиевге - 0,39 га;
- С.Султановага - 0,15 га;
- К.Эсеналиевге - 0,62 га;
- Ч.К.Эсеналиевге - 0,62 га.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |