Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-июлу № 459
Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 40,76 га айдоону жеке турак жай куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
- Дюшенкулова Кенжекүл Сагынбековнага - 3,18 га;
- Рысалиев Төрөбек Топиевичке - 8,92 га;
- Тайчиева Өктөмгө - 7,38 га;
- Тайчиев Жолборсбек Турдумаматовичке - 4,47 га;
- Рысбекова Айсулуу Кубанычовнага - 2,46 га;
- Арваз Бакыт Якубовичке - 1,64 га;
- Арвазов Юсуф Шалифовичке - 2,05 га;
- Илесова Жамила Нардалиевнага - 2,46 га;
- Арвазова Мариям Шалифовнага - 1,64 га;
- Васер Моте Сулеймановнага - 1,64 га;
- Арваз Арли Шалифовичке - 2,46 га;
- Назаралиев Кыштобай Бекматовичке - 2,46 га.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери менен бирдикте зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |