Редакцияот 20.07.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 20-июлу № 463

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы №716 "Кыргыз Республикасында 2006-2008-жылдарда ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы №60 "2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы №716 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 83-пункту.

 

Премьер-министр

И.Чудинов