Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-июлу № 466
"Кувейт шаарында (Кувейт мамлекети) 2006-жылдын 30-майында кол коюлган, Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясын уюштуруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кувейт шаарында (Кувейт мамлекети) 2006-жылдын 30-майында кол коюлган, Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясын уюштуруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кувейт шаарында (Кувейт мамлекети) 2006-жылдын 30-майында кол коюлган, Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясын уюштуруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу
1-берене.
Кувейт шаарында (Кувейт мамлекети) 2006-жылдын 30-майында кол коюлган, Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясын уюштуруу жөнүндө макулдашууга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Ислам Өнүктүрүү банкына кошулуу жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|