Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-июлу № 469
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Саламаттык сактоо системасындагы илимий-изилдөө уюмдарынын ишмердигин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун уставына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
17-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17. Борбордун жетекчиси медицина илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы, жетекчилик тажрыйбасы жана башкаруу көндүмдөрү бар 65 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жетектөөчү илимпоздорунун ичинен шайланат.".
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги юридикалык жакты юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон белгиленген тартипте өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |