Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-июлу № 472
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 4-сентябрындагы № 1346-IV "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтому;
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-октябрындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-жыл, № 4, 392-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 6-берененин алтынчы бөлүгү "ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи курамынын адамдарына;" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын адамдарына;" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|