Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-июлу № 475
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Камбарата ГЭС-2нин курулушун аяктоо боюнча натыйжалуу ишти камсыз кылуу максатында, биринчи агрегатты 2009-жылдын аягына карай эксплуатациялоого киргизүү боюнча мөөнөттөрдүн жакындаганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги №183 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуладагы "15" сандары "21" сандарына алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо жана эксплуатациялоо боюнча башкы дирекция" деген сөздөр "Бишкек-Ош автожолу мамлекеттик дирекциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Камбарата гидроэлектрстанция - 2нин курулушу үчүн арналган жүктөрдү ташуучу;
- "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүк электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" жана "Чыгыш электр" ачык акционердик коомдорунун электр энергетикалык ишканалары.";
- 5-пункттун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгы" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгы" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |