Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-июлу № 479
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жарандары: Мамбетова Айжан Аманбековнага - 5,68 га жана Мамбетова Акылай Ешенкуловнага - 5,36 га жеке менчик укугунда таандык жалпы аянты 11,04 га сугат айдоону туристтик комплекс объекттерин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- бөлүп берилген жер участокторго курулуш курууга шаар куруу документтерин "Чок Тал" эс алуу зонасынын негизги планынын шаар куруу чечимдерин эске алуу менен иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |