Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-июлу № 480
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 11,12 га айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
- Сатыбалдиева Сакина Абышевнага - 2,30 га;
- Дженбаева Каличага - 1,02 га;
- Дельдешев Рыскелдиге - 0,50 га;
- Арыпбеков Өмүрбек Аралкановичке - 1,20 га;
- Мырсалиев Нияспек Бектургановичке - 1,0 га;
- Дженбаев Айтбек Узеновичке - 1,0 га;
- Ибраимова Анара Кемелевнага - 0,5 га;
- Ибрагимов Кубатбек Кемелевичке - 1,0 га;
- Бейшембиев Муктарга - 0,5 га;
- Жээнбаев Абылмажин Дегешовичке - 1,1 га;
- Кудайбергенов Балкиге - 1,0 га.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- которулуучу жер участокторго курулуш куруунун долбоорун колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык жана Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш районунун дыкат пландоо долбоорунун чечиминин негизинде иштеп чыгууну жана макулдашууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |