КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августу № 494
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жаатында нормативдик укуктук актыларды системага салу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 28-июнундагы №446 "Кыргыз Республикасында бүтпөгөн курулуш объекттерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-июлундагы №568 "Кыргыз Республикасында бүтпөгөн курулуш объектилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 28-июнундагы №446 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |