Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августу № 496
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны Абдыкеев Насир Закировичке жеке менчик укугунда таандык 2,6 га сугат айдоону туристтик комплекстин объекттерин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Эс алуу зонасынын негизги планынын шаар куруу чечимдерин эске алуу менен бөлүнгөн участокторго курулуш курууга шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |