Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августу № 497
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын чегара жанындагы облустарында дүң, сервистик-соода рынок комплекстерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-октябрындагы №474 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айыл округунун аймагында жайгашкан 100,0 га жерди которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:
- 50,0 га жайыт дүң-сервистик-соода рынок комплексин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 50,0 га сугат айдоосу жайыттарга.
2. Төмөнкүлөр которулсун:
- ушул токтомдун 1-пунктунун 2-абзацында аталган 50 га жайыт дүңсервистик-соода рынок комплексин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына;
- ушул токтомдун 1-пунктунун 3-абзацында аталган Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 50,0 га сугат айдоосу жайыттарга.
3. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- которулуучу жерлерге шаар куруу документтерин белгиленген тартипте иштеп чыгууну, макулдашууну жана колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык бекитүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |