Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августу № 498
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлерин социалдык жактан коргоо жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы №14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлерине карата," деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлери | Шаардык жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрүндө(таксиден башка) жана айыл жериндеги автомобиль транспортунда | Дайыма |
|
".
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте жүргүнчүлөр билеттерин сатып алуу жолу менен жазык-аткаруу системасынын кызматкерлеринин жеңилдиктүү жүрүүсүн камсыз кылуу механизмин иштеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |