КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августу № 501
Мамлекеттик объекттерди Талас облусунун Манас районундагы Покровка айыл округунун, Бакай-Ата районунун Ленинпол айыл округунун жана Талас районунун Көк-Ой айыл округунун муниципалдык менчигине которуу жөнүндө
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка көрсөтүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- Талас облусу, Манас району, Покровка айылы, Жаманкулов көчөсү дареги боюнча жайгашкан Манас коммуналдык ишканалардын көп тармактуу комбинатын Манас районунун Покровка айыл округунун муниципалдык менчигине;
- Талас облусу, Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү дареги боюнча жайгашкан көп тармактуу ишкана - коммуналдык ишканалар комбинатын Бакай-Ата районунун Ленинпол айыл округунун муниципалдык менчигине;
- мамлекетке таандык "Сабырайым" ААКнын (Талас облусу, Талас району, Көк-Ой айылы, Кеңкөл көчөсү дареги боюнча жайгашкан) акцияларынын пакетин Талас районунун Көк-Ой айыл округунун муниципалдык менчигине.
2. Манас районундагы Покровка айыл округуна, Бакай-Ата районунун Ленинпол айыл округуна жана Талас районунун Көк-Ой айыл округуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды жана "Сабырайым" ААКнын акцияларынын пакетин белгиленген тартипте кабыл алуу, аларды муниципалдык ишканаларга өзгөртүп түзүү жана аларды юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |