Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-августу №504
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыма толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., N 7, 371-берене) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 15-берененин үчүнчү бөлүгү "чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар" деген сөздөрдөн кийин "жана 5 жылдан жогору Кыргыз Республикасынын аймагында болушкандар" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 32-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "6)" пункт менен толукталсын:
"6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адамга - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|