КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-августу №505
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Башталгыч кесиптик билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-августундагы №553 "Кыргыз Республикасында башталгыч кесиптик билим берүү тармагын андан ары өнүктүрүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-сентябрындагы №700 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин баштапкы кесиптик билим берүү тутумун реформалоо жөнүндө" токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |