Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-августу № 507
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 11, 448-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин үчүнчү бөлүгү "ошондой эле сайсыз" деген сөздөрдөн кийин ", сайлуу" деген сөз менен толукталсын.
2. 6-беренеде:
- "токтому" деген сөз алып салынсын;
- "жана" деген сөз ", ошондой эле" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Кортик, шашка, сайсыз найы кыска тапанча же аңчылык курал сыйлык куралы болушу мүмкүн.".
3. 22-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "токтомунун" деген сөз "буйругунун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Найы кыска курал менен сыйланган жарандар ар бир беш жылда контролдук атып көрүү үчүн ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте куралды берүүгө милдеттүү.
Сыйлык куралын сактоо, алып жүрүү, берүү жана ташуу жарандык куралга карата белгиленген нормаларды жана эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.
Сайсыз найы кыска куралды жана анын патрондорун сатууга, белекке берүүгө, алмашууга жана мурастоого жол берилбейт. Ээси каза болгон учурда сайсыз найы кыска сыйлык куралы аны андан ары колдонуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан алынат. Сыйлык куралынын башка түрлөрүнө ушул Мыйзамдын жарандык куралдар үчүн каралган нормалары колдонулат.".
2-берене.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|