Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-августу №508
"JM Соmраnу" жоопкерчилиги чектелген Кыргыз-Кытай биргелешкен коомуна жер участокторун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 233-6, 384-беренелерине жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5, 8 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл округунун Беш-Бадам участогунда жайгашкан жалпы аянты 12,0 га кайрак айдоону, анын ичинен кыш чыгаруу боюнча чакан завод куруу үчүн - 2,5 га жерди жана лицензиянын колдонуу мөөнөтүнө карьер үчүн - 9,5 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана аталган жерлерди "JM Соmраnу" жоопкерчилиги чектелген Кыргыз-Кытай биргелешкен коомуна 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун жана "JM Соmраnу" жоопкерчилиги чектелген Кыргыз-Кытай биргелешкен коомуна ижаралык шарттарда убактылуу пайдаланууга берилсин:
- кыш чыгаруу боюнча чакан завод куруу үчүн - 2,5 га 49 жылдык мөөнөткө;
- карьер үчүн - 9,5 га лицензиянын колдонуу мөөнөтүнө.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы №66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "JM Соmраnу" жоопкерчилиги чектелген Кыргыз-Кытай биргелешкен коомунун төлөшүн;
"JM Соmраnу" жоопкерчилиги чектелген Кыргыз-Кытай биргелешкен коому тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл округу менен жер участокторго ижара келишимдерин түзүүнү;
"JM Соmраnу" жоопкерчилиги чектелген Кыргыз-Кытай биргелешкен коомуна кыш чыгаруу боюнча чакан заводунун долбоордук-сметалык документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну, макулдашууну жана экспертиза жүргүзүүнү белгиленген тартипте камсыздоо сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |