Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-августу № 512
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 40,25 га айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
- Кочербаев Темирбек Акишовичке - 3,69 га;
- Кочербаев Шаршенбек Акишовичке - 2,05 га;
- Кенжебаева Майрам Какеновнага - 4,56 га;
- Жусумалиев Шаршенбекке - 5,33 га;
- Фоменко Игорь Петровичке - 1,64 га;
- Исмайылов Козубай Аркабай уулуга - 9,84 га;
- Кайипкулов Адылбек Аскаровичке - 1,64 га;
- Арзыбеков Жыргалбек Осмоналиевичке - 2,46 га;
- Турганбаев Жолдошбек Алымкуловичке - 0,82 га;
- Кольев Иванга - 0,82 га;
- Сычева Вера Андреевнага - 1,23 га;
- Нестеренко Юлия Сергеевнага - 0,82 га;
- Осмонова Санам Балабековнага - 0,40 га;
- Осмонова Гүлбатун Балабековнага - 0,40 га;
- Асланова Зейне Усеновнага - 0,40 га;
- Кошалиев Салимбек Калматовичке - 4,15 га.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери менен бирдикте зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |