Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-августу №515
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы №133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 7-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүү жүргүзөт жана техникалык паспорт берет;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча райондук (шаардык) башкармалар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча райондук (шаардык) башкармалар жөнүндө типтүү жободо:
- II главанын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүү жүргүзөт жана техникалык паспорт берет;";
- III главанын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүү жүргүзүү жана техникалык паспорт берүү;";
- IV главанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жергиликтүү каттоо органдары иштерин өзүн өзү каржылоо принциптеринде (толук чарбалык-эсеп) жүргүзөт.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-августу №515
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы N 708, 2012-жылдын 10-февралындагы N 85, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы N 708 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы N 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |