Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-августу № 518
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Турак жай имараттарын жана турак үйлөрдөгү жана башка курулмалардагы турак жайларды, бузуу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, жаңылоо же кайра жабдуу жөнүндө маселени чечүүдө жашоо үчүн жараксыз категорияларга киргизүү жана адамдардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан кийин 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-августу № 518
Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
Имараттарды, анын ичинде турак үйлөрдөгү жана башка курулуштардагы турак имараттарды жана турак жайларды бузуу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, модернизациялоо же кайра жабдуу жөнүндө маселени чечүүдө жашоо жана эксплуатациялоо үчүн жараксыз категорияга киргизүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө жана адамдардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыялангандан кийин 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |