Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-августундагы №525
Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) 6 жана 16 беренелерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Россия Федерациясынын «Өнүктүрүү жана тышкы экономикалык иш банкы (Тышкыэкономбанк)» мамлекеттик корпорациясынын ортосунда 2009-жылдын 29-апрелиндеги Макулдашуу боюнча эсепке алуу жана эсептешүүлөр тартиби жөнүндө Макулдашуу жактырылсын.
2. Макулдашуу боюнча кепилдик депозитти тейлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы 2009-жылдын 19-июнундагы Макулдашуу жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2009-жылы кепилдик депозитти жайгаштыруу үчүн тийиштүү акчалай каражат бөлсүн;
- Макулдашууга ылайык Россия Федерациясынын Тышкыэкономбанкында кепилдик депозитин мындан ары өз убагында каражат менен толуктап турууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |