Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-августу № 528
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жылдын 3-марты, № 15) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
- 2-пункттагы "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо (кайра каттоо), иш-аракетин токтотууну каттоо" деген сөздөр "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо (кайра каттоо), иш-аракетин токтотууну каттоо (мындан ары - каттоо)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункттагы экинчи сүйлөм алып салынсын.
2. 5-беренеде:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- саясий партияларды каттоону;";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, уюмдарын жана мекемелерин кошпогондо мамлекеттик органдарды каттоону;
- ушул берененин 2-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоону;";
- 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- тиешелүү аймакта ишмердиги пайдалуу кен иштетүүгө (иштеп чыгууга) багытталган чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоону;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Айрым жерлерде каттоочу орган коммерциялык уюмдарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоо функциясын аткаруу үчүн өзүнүн өкүлүн - каттоочуну аныктоого укуктуу.".
3. 6-беренеде:
- 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8. Улуттук банк лицензиялоочу жана (же) жөнгө салуучу финансы-кредиттик мекемелердин жана башка мекемелердин (мындан ары - финансы-кредиттик мекемелер), коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтерин кошпогондо устав, уюштуруу келишими жана жобо каттоочу органга тапшырылууга жатпайт.
9. Коммерциялык уюм өзүнүн иш-аракетин типтүү уставдын же коммерциялык уюм өз алдынча иштеп чыккан жана бекиткен уставдын негизинде жүргүзүүгө укуктуу.
Коммерциялык уюм типтүү уставды колдонгон учурда чечимде катталуучу (кайра катталуучу) коммерциялык уюм өзүнөн иш-аракетин типтүү уставдын негизинде жүргүзөөрү белгиленет.
Финансы-кредиттик мекемелердин уставынан тышкары коммерциялык уюмдардын типтүү уставдарын иштеп чыгуу жана бекитүү каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.".
4. 7-берененин 2-пунктунда:
- экинчи абзацтагы "Каттоо жөнүндө күбөлүк мөөргө жана (же) штампка ээ болууга укук берет" деген сөздөр "Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мөөргө жана (же) штампка ээ болууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Банк жана башка финансылык-кредиттик мекемелер алыш-бериш эсептерди ачууда юридикалык жактан, филиалдан жана (же) өкүлчүлүктөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка кандайдыр бир документтерди талап кылуусуна тыюу салынат.".
5. 8-беренеде:
- 1-пункт "юридикалык жактарды" деген сөздөрдөн кийин "филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункттагы "жана башка коммерциялык эмес уюмду" деген сөздөр "финансы-кредиттик мекемелер, коммерциялык эмес уюмдар жана чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6. 10-беренеде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Финансы-кредиттик мекемелерди, алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Улуттук банктын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодо, юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк алардын алдында мурунку аталышы менен мөөрлөрдү жана (же) штамптарды ички иштер органына тапшыргандыгы жөнүндө маалымкатын каттоочу органга тапшырууга милдеттүү.";
- 10-пункттагы "Акционердик коомду" деген сөздөр "Юридикалык жакты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-15-пункттар менен толукталсын:
"13. Мамлекеттик кайра каттоодо жана ишмердикти токтотууну каттоодо, финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтери жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу орган аныктаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде жарыяланган жоготулгандыгы (бузулгандыгы) жөнүндө жарыя каттоочу органга тапшырылат.
Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетин токтотууну каттоодо, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү, мөөрлөрү жана (же) штамптары жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу орган аныктаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде жарыяланган жоготулгандыгы (бузулгандыгы) жөнүндө жарыя каттоочу органга тапшырылат.
14. Акционердик коомду, коммерциялык кооперативди жана коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик кайра каттоодо, арызга кайра катталып жаткан акционердик коомдун, коммерциялык кооперативдин жана коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колу менен чет өлкөлүк катышы бары же жогу көрсөтүлгөн документ тиркелет.
15. Юридикалык жактардын бирикмесин (ассоциация, союз) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) анын уюштуруучуларынын бардык өкүлдөрү колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада каттоо арызына тиркелет. Ошону менен бирге, юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.
Саясий партияны мамлекеттик каттоодо саясий партиянын бекитилген программасы каттоо арызына тиркелет.
Диний уюмду мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) диний уюмдун дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү каттоо арызына тиркелет.".
7. 11-беренеде:
- 1-пункттун биринчи абзацындагы "Саясий партияларды, диний уюмдарды жана башка коммерциялык эмес уюмдарды" деген сөздөр "Ушул берененин 4 жана 4-1-пункттарында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктта:
биринчи абзацтагы "мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөр "түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "уюштуруучу (уюштуруучулар) жөнүндө маалыматтарды" деген сөздөр "ар бир уюштуруучу жөнүндө маалыматтарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацтагы "уюштуруучулардын" деген сөз "ар бир уюштуруучунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ушул берененин 4 жана 4-1-пункттарында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамга коет. Ушул берененин 1-пунктунда аталаган документтер каттоо органына уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан түздөн түз берилген учурда уюштуруучунун (уюштуруучулардын) - жеке жактын (жеке жактардын) кол тамгасын нотариалдык формада милдеттүү ырастоо талап кылынбайт. Юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталууга же нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
- каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
- коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимди;
- коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колтамгасы коюлган эки нускадагы уставды;
- коммерциялык эмес уюмдун жетектөөчү органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү, туулган жылы, шайланган кызматы көрсөтүлгөн тизмесин;
- коммерциялык эмес уюмду түзүүчү уюштуруучулардын тизмесин.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу жеке жак болгон учурда, уюштуруучулардын тизмесинде ар бир уюштуруучунун аты-жөнү, туулган жылы көрсөтүлөт жана уюштуруучунун колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу юридикалык жак болгон учурда, уюштуруучулар тизмесинде ар бир юридикалык жактын аталышы жана каттоо (кайра каттоо) датасы көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн тизмеде юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы коюлат жана алардын колтамгалары нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир жеке жак болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн чечимге ушул уюштуруучунун колтамгасы коюлат жана анын колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир юридикалык жак болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн чечимге уюштуруучу-юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлат жана анын колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын;
"4-1. Финансы-кредиттик мекемени мамлекеттик каттоодо, арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
- каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;
- финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими;
- финансы-кредиттик мекеменин жетекчисинин колтамгасы коюлган уставы эки нускада;
- финансы-кредиттик мекеменин бардык уюштуруучуларынын колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада.
Финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамгасын коет, мында жеке жакты уюштуруучунун колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт, ал эми юридикалык жактын өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталууга же нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш.";
- 5-пункттун үчүнчү абзацындагы "саясий партиялар, диний уюмдар жана башка" деген сөздөр "финансы-кредиттик мекемелер жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Мамлекеттик каттоодон кийин финансы-кредиттик мекеменин жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтери каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен ырасталат.";
8. 12-беренеде:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "(банктарды жана микрофинансылык компанияларды кошпогондо)" жана "кооперативдин" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же уюштуруу документтерин жаңы редакцияда бекитүү (түзүү) (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш болгон юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактын жайгашкан жери өзгөргөндө (бир облустан экинчи облуска, же облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче);";
3-пункт:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИНН көрсөтүлбөгөн учурда, салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү же ал жоголгон (бузулган) учурда кайра катталып жаткан юридикалык жактын ИНН көрсөтүлгөн салык органын маалымкатын;";
алтынчы-сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар каттоочу органга төмөнкүлөрдү кошумча түрдө тапшырат:
- уюштуруу документтеринин түп нускасын;
- жаңы редакциядагы же киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен уюштуруу документтери эки нускада.";
- 4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Чарбалык шериктештиктерди жана коомдорду (акционердик коомдорду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимине ар бир уюштуруучу (катышуучу) колтамга коет, мында жеке жакты уюштуруучунун (катышуучунун) колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Юридикалык жак болгон уюштуруучунун (катышуучунун) өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастайт же өзүнүн колтамгасын нотариалдык формада күбөлөндүрөт.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Чарбалык шериктештиктерден жана коомдордон (акционердик коомдорду кошпогондо) өзүнүн үлүшүн ээликтен чыгып жаткан катышуучу (катышуучулар) же алардын үлүшүнүн өлчөмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо, каттоочу органга үлүштү өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу тапшырылат. Мында үлүштү ээликтен чыгарып жаткан катышуучунун - жеке жактын колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт. Үлүштү ээликтен чыгарып жаткан, юридикалык жак-катышуучу макулдашууну мөөр менен ырастайт же өзүнүн колтамгасын нотариалдык формада күбөлөндүрөт.";
- 8-пункттун үчүнчү абзацындагы "саясий партиялар, диний уюмдар жана башка" деген сөздөр "финансы-кредиттик мекемелер жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Мамлекеттик кайра каттоодон кийин финансы-кредиттик мекеменин жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтери каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен ырасталат.".
9. 13-беренеде:
- 3-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- уюштуруу документтеринин түп нускасы (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);";
- 4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге ар бир катышуучу колтамга коет, мында жеке жактын катышуучусунун колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Юридикалык жактын - катышуучунун өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастоого же өзүнүн колтамгасын нотариалдык формада күбөлөндүрүүгө тийиш.".
10. 15-беренеде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга ушул берененин 1-пунктуна кошумча түрдө төмөнкүлөрдү тапшырат:
- филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө бекитилген жобону эки нускада;
- филиал (өкүлчүлүк) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн.";
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- тапшырылган документтердин мазмунунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүүгө (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Мамлекеттик каттоодон кийин чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоболору каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен ырасталат.".
11. 16-беренеде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш болгон филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери өзгөргөндө (бир облустан экинчи облуска, же облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче);";
- жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же жобону жаңы редакцияда бекитүү (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);";
- 3-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИНН көрсөтүлбөгөн учурда, салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү же ал жоголгон (бузулган) учурда кайра катталып жаткан филиалдын (өкүлчүлүктүн) ИНН көрсөтүлгөн салык органын маалымкатын;
алтынчы абзацтагы "коммерциялык эмес" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- тапшырылган документтердин мазмунунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүүгө (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Мамлекеттик кайра каттоодон кийин чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоболору каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен ырасталат.".
12. 17-беренеде:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Жобонун түп нускасы (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);".
13. 18-беренеде:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул берененин 1-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда, билдирүүгө киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.".
14. 19-беренеде:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "мамлекеттик" деген сөз "Бирдиктүү мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15. 21-берененин 2-пунктунда:
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тапшырылган документтери мыйзамдарга ылайык келбегенде.";
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- чечимде ушул Мыйзамда каралган маалыматтар жок болгондо;
- ушул Мыйзамда белгиленген ишмердикти токтотууну каттоо тартиби бузулганда;".
16. 24-беренеде:
- 2-пунктта "Ушул Мыйзам" деген сөздөрдөн мурун "Ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|