Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-августу № 529
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзам долбоорлору жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө".
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж.,№ 7, 229-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 16-глава төмөнкүдөй мазмундагы 118-1-берене менен толукталсын:
"118-1-берене. Венерикалык оорулар, ВИЧ/СПИД, кургак учук
менен ооругандардын текшерүүдөн жана дарылануудан
качуусу
Венерикалык оорулар, ВИЧ/СПИД, кургак учук менен ооругандардын администрациялык жаза колдонулгандан кийин текшерүүдөн жана дарылануудан качуусу -
жыйырмадан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып менен жазаланат.".
2. 145-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "билдирип койгондо," деген сөздөрдөн кийин "ал ошондой эле аракеттери үчүн администрациялык жаза чарасы көрүлгөндөн кийин бир жылдын ичинде жасалса " деген сөздөр менен толукталсын.
3. 211-берененин экинчи абзацындагы ", же эсептик көрсөткүчтүн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салуу менен" деген сөздөр алып салынсын.
4. 265-берененин биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жүзгө чейинки" деген сөздөр "үч жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 266-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып, же үч жылдык мөөнөткө түзөтүү иштери, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.".
6. 268-берененин экинчи абзацындагы "жүздөн эки жүзгө чейинки" деген сөздөр "үч жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 270-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"эки жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.";
- 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч жылга чейинки" деген сөздөр "үч жылдан беш жылга чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 271-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр "беш жүздөн жети жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 272-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "жүздөн эки жүзгө чейинки" деген сөздөр "үч жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр "беш жүздөн жети жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын.
10. 273-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "жүздөн эки жүзгө чейинки" деген сөздөр "эки жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "жүздөн эки жүзгө чейинки" деген сөздөр "эки жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын.
11. 274-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"беш жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылып, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.".
12. 275-берененин экинчи абзацындагы "эки жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр "беш жүздөн жети жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 276-беренеде:
- 1-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып, же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.";
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылып, беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.".
14. 277-берененин экинчи абзацындагы "эки жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөр "беш жүздөн жети жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 278-беренеде:
- 1-бөлүктүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"беш жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып, же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери, же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.";
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылып, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.".
16. 279-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "элүүдөн жүзгө чейинки" деген сөздөр "эки жүздөн жети жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жүздөн эки жүзгө чейинки" деген сөздөр "жети жүздөн миңге чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 163-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "(Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-1, 305-1, 305-2-статьялары)" деген цифралар жана сөздөр "(Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-1, 304-2, 305-1, 305-2, 315-1-статьялары)" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|