Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-августу №535
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы N 724 "Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттеринин Кыргыз Республикасынын экономикасына жана Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы абалга таасирин минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы №724 "Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүм менен толукталсын:
"8. Кризистин Кыргыз Республикасынын эмгек рыногуна таасирин минималдаштыруу
Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу көп өзгөрмөлүүлүгү менен айырмаланат. Иш берүүчүлөр кризистүү шартта ишкананын экономикалык проблемалары менен алектенишип, кызматкерлерди болсо жетекчиликтин демилгеси боюнча отпускага жиберишет же бошотушат. Мындай абал эмгек рыногу жумушсуздар менен толукталышына шарт түзүүдө (кызматкерлер өз каалоолору боюнча бошонушат жана жаңы иш издеп жүрүшөт), бул социалдык жаңы кыйынчылыктардын көрсөткүчү болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 2009-жылдын февралында 68 ишкана кызматкерлерди бошоткону жөнүндө билдиришкен, 865 адам штатты кыскартуу боюнча бошотулган, 447 адамды бошотуу белгиленген, 11482 адам акы төлөнбөчү отпускада жүрөт жана 3450 адам толук эмес иш күн режиминде иштеп жатышат.
Кыскартуу боюнча бошотулгандардын арасынан эң көп саны өнөр жайда белгиленген, анда 620 адам, же кыскартуу боюнча бошотулгандардын 72 проценти кыскартылган.
2009-жылдын январынын ичинде ишке орноштуруу кызматына 12,2 миң адам кайрылып, 5,3 миң адам иш издеп жүргөндөр катары катталган.
Мындан тышкары, дүйнөдөгү экономикалык кризис күчөп жаткан шартта эмгек рыногундагы кыйынчылык эмгектик мигранттардын кайтып келишине түрткү болушу мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда төмөнкүдөй багыттар боюнча иш жүргүзүү зарыл, алар:
- иш менен камсыздалууга көмөктөшүү үчүн бөлүнчү каражаттарды топтоонун эсебинен айыл жеринде экономикалык натыйжаны камсыздоочу ишке орноштуруу боюнча чакан долбоорлорду ишке ашыруу (арыктарды тазалоо, чарба ичиндеги жолдорду, көпүрөлөрдү куруу жана оңдоо);
- коомдук жумуштар боюнча иш орундарды түзүү;
- майда кредиттерди берүү жолу менен жаңы иш орундарды түзүү;
- жумушсуздук боюнча пособиелерди берүү.";
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 7, 11, 16, 18, 20, 21, 29 жана 30-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 9-пункттун "Аткаруучулар" деген графасындагы "ТИМ" деген кыскартылган сөз алып салынсын;
- 10-пункттун "Аткаруучулар" деген графасындагы "Саламатсакмин" деген кыскартылган сөз алып салынсын;
- 17-пунктта:
- "Ишке ашыруунун түрү" деген графасындагы "Тышкы жардамды тартуу боюнча концепцияны кабыл алуу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы менен алынчу кредиттердин приоритеттүүлүгүн жана экономикалык натыйжалуулугун аныктачу тышкы карыздарды тартуунун процедуралары боюнча концепция жана механизм жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруунун мөөнөтү" деген графадагы "2009-жылдын I кварталы" деген сандар жана сөздөр "2009-жылдын III кварталы" деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын;
Иш-аракеттер планы төмөнкүдөй мазмундагы 36-39-пункттар менен толукталсын:
"┌──┬───────────────────┬───────────────┬──────┬────────────────────┐
│36│Социалдык- │Социалдык- │2009- │Экономсоодамин, │
│ │экономикалык │экономикалык │2010- │Финмин, КРУБ │
│ │кризистерди эртелеп│кризистерди │жылдар│(макулдашуу боюнча),│
│ │алдын алуу │эртелеп алдын │ │Улуттук статком │
│ │системасынын │алуу системасын│ │(макулдашуу боюнча),│
│ │методологиясын жана│түзүү жана ишке│ │Мамлекеттик бажы │
│ │индикаторлорун │киргизүү │ │комитети,Финкөзөмөл,│
│ │иштеп чыгуу боюнча │ │ │башка кызыкдар │
│ │ведомстволор аралык│ │ │министрликтер жана │
│ │эксперттик топ │ │ │ведомстволор │
│ │түзүү │ │ │Дүйнөлүк банк │
│ │ │ │ │(макулдашуу боюнча),│
│ │ │ │ │МВФ (макулдашуу │
│ │ │ │ │боюнча) │
├──┼───────────────────┼───────────────┼──────┼────────────────────┤
│37│Бизнес │"Ишкердиктин │2009- │Экономсоодамин, │
│ │жүргүзүүдөгү ашыкча│субъекттерине │жылдын│ишкердик │
│ │администрациялык │текшерүүлөрдү │IV │субъекттерине │
│ │тоскоолдуктарды │жүргүзүүнүн │квар- │текшерүү жүргүзүүгө │
│ │жоюу жана ишкердик │тартиби │талы │укуктуу ыйгарым │
│ │жүргүзүүнү текшерүү│жөнүндө" Кыргыз│ │укуктуу органдар │
│ │системасын дебюро- │Республикасынын│ │менен макулдашуу │
│ │кратиялаштыруу │Мыйзамына │ │боюнча │
│ │ │өзгөртүүлөдү │ │ │
│ │ │жана │ │ │
│ │ │толуктоолорду │ │ │
│ │ │киргизүү │ │ │
│ │ │тууралуу" │ │ │
│ │ │Кыргыз │ │ │
│ │ │Республикасынын│ │ │
│ │ │Мыйзамынын │ │ │
│ │ │долбоорун иштеп│ │ │
│ │ │чыгуу │ │ │
│ │ ├───────────────┼──────┼────────────────────┤
│ │ │"Кыргыз │2009- │Экономсоодамин, │
│ │ │Республикасынын│жылдын│ишкердик │
│ │ │Жогорку │IV │субъекттерине │
│ │ │Кеңешинин │квар- │текшерүү жүргүзүүгө │
│ │ │"Ишкердик │талы │укуктуу ыйгарым │
│ │ │субъекттерине │ │укуктуу органдар │
│ │ │текшерүү │ │менен макулдашуу │
│ │ │жүргүзүүгө │ │боюнча │
│ │ │укуктуу ыйгарым│ │ │
│ │ │укуктуу │ │ │
│ │ │органдардын │ │ │
│ │ │тизмесине │ │ │
│ │ │өзгөртүүлөрдү │ │ │
│ │ │жана │ │ │
│ │ │толуктоолорду │ │ │
│ │ │киргизүү │ │ │
│ │ │тууралуу" │ │ │
│ │ │токтомунун │ │ │
│ │ │долбоорун │ │ │
│ │ │жактыруу │ │ │
│ │ │жөнүндө" Кыргыз│ │ │
│ │ │Республикасынын│ │ │
│ │ │Өкмөтүнүн │ │ │
│ │ │токтомунун │ │ │
│ │ │долбоору │ │ │
├──┼───────────────────┼───────────────┼──────┼────────────────────┤
│38│Экспортту колдоонун│Кыргызстандын │2009- │Экономсоодамин │
│ │институттук │продукциясын │жылдын│ │
│ │системасын │экспорттоону │III │ │
│ │өркүндөтүү │өнүктүрүү жана │квар- │ │
│ │ │илгерилетүү │талы │ │
│ │ │боюнча │ │ │
│ │ │корпорация │ │ │
│ │ │түзүү жөнүндө │ │ │
│ │ │сунуштарды │ │ │
│ │ │киргизүү │ │ │
├──┼───────────────────┼───────────────┼──────┼────────────────────┤
│39│Жумушсуз мезгилде │Жумушсуздук │Жыл │Миграциямамком, │
│ │социалдык колдоо │боюнча пособие │бою │жергиликтүү өз │
│ │көрсөтүү │төлөө │ │алдынча башкаруу │
│ │ │ │ │органдары │
└──┴───────────────────┴───────────────┴──────┴────────────────────┘".
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |