Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-августу № 537
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү, ошондой эле мамлекеттик менчик объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-жыл, № 8, 323-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
47-беренеде:
- алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын объекттерин башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми муниципалдык объекттерди башкаруу жана тескөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.";
- жетинчи жана онунчу бөлүктөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы Саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2004-жылдын 27-августу № 73-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
26-берененин үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү алып салынсын.
3-берене.
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 4, 169-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
22-беренеде:
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик системасына бекитилген имараттарды, курулмаларды, мүлктүк комплекстерди, жабдууларды, керектөөчү, социалдык, маданий арналыштагы зарыл болгон мүлктү башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик системасынын билим берүү уюмдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана бекитилет.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-жыл, № 9, 420-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. УИАнын мүлкү
Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн УИАга тиешелүү жайлар, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорттук каражаттар жана башка мүлктөр бөлүнүп берилет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.".
5-берене.
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2009-жылдын 14-апрели № 25) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
34-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-берене. Маданият объекттерин башкаруу жана тескөө
Мамлекеттик маданият жана искусство объектилерин башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми муниципалдык менчиктеги объекттерди башкаруу жана тескөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.".
6-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2000-жылдын 2-февралы № 11-12) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
36-берененин аталышы жана биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36-берене. Дене тарбия жана спорт объекттерин башкаруу жана
тескөө
Дене тарбия жана спорт, анын ичинде дене тарбия-чыңдоо, спорттук жана спорт-техникалык курулмаларынын объектилерин башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми муниципалдык объекттерди башкаруу жана тескөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.".
7-берене.
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-жыл, № 12, 498-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
3-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Транспортто мамлекеттик мүлктү башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми муниципалдык менчиктеги объекттерди башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.".
8-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 1998-жылдын 25-ноябры № 185-185) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
23-берененин бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттин менчигинде турган облустук, шаардык, райондук китепканалардын мамлекеттик имараттарын, жайларын башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.".
9-берене.
"Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 1999-жылдын 17-ноябры № 90) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин бешинчи бөлүгү алып салынсын.
10-берене.
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2001-жылдын 10-октябры № 74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Мамлекеттик кинематография уюмдарынын мүлкүн башкаруу
жана тескөө
Мамлекеттик кинематография уюмдарынын мүлкүн башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.".
11-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 4, 165-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
16-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Улуттук архив фондунун документтерин жана мүлктөрүн сактоо";
экинчи бөлүктөгү ", ошондой эле архив мекемелеринин имараттары жана жайлары" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Улуттук архив фондунун имараттары жана жайлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте пайдаланылат.".
12-берене.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-жыл, № 11, 510-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
11-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү ", имараттарга, курулуштарга, дагы башка материалдык баалуулуктарга жана мүлктөргө" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Социалдык фондунун имараттарын, курулмаларын жана башка мүлктөрүн башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.".
13-берене.
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2006-жылдын 22-августу № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Гидрометеорология жаатындагы мүлкттөр";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Гидрометеорология жаатындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.".
14-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2005-жылдын 22-апрели № 34) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
57-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57-берене. Мамлекеттик ветеринария мүлктөрүн органдарга жана
мекемелерге бөлүп берүү
1. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик ветеринария органдарына жана мекемелерине тиешелүү жайлар, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорттук каражаттар жана башка мүлктөр бөлүнүп берилет.
2. Бул берененин 1-пунктунда аталган мүлктөрдү пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
15-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-жыл, № 6, 187-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берененин төртүнчү бөлүгү алып салынсын.
16-берене.
Бул Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|