Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 27-январындагы № 51 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-августу № 543
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Покровка карылар жана майыптар үй интернатынын профилин Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Покровка ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй интернатына кайра профилдөө
Ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык коргоону андан ары чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Покровка карылар жана майыптар үй интернатынын профили Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Покровка ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй интернатына өзгөртүлсүн (мындан ары - Покровка балдар үчүн реабилитациялык үй интернат).
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Беловодск психоневрологиялык балдар үй интернатындагы психоневрологиялык оорулуу балдарды Покровка деп-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй интернатына которуу жана жайгаштыруу боюнча уюштуруу маселелерин чечсин.
КР Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинин 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 114 "Покровкадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо жатак-үйү жөнүндө" буйругу
КР Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинин 2009-жылдын 12-октябрындагы № 129 "Покровка ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй интернатынын Уставын бекитүү жөнүндө" буйругу
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги 2009-жылдын 1-сентябрынан тартып Покровка ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй интернатын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине мындай максаттарга каралган каражаттар чегинде республикалык бюджеттен каржылоону караштырсын.
4. Төмөнкүлөр өз күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы № 312 токтому "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Покровка эркектер психоневрологиялык үй интернатын карылар жана майыптар үчүн үй интернатына кайра профилдөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы № 312 Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин "Покровка эркектер психоневрологиялык үй интернатын социалдык жат жүрүм-турумдагы кары-картаңдар жана майыптар үй интернатына кайра профилдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |