Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 651
Муниципалдык менчикке "Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводу" акционердик коомунун балансында турган бала бакчаны өткөрүп берүү жөнүндө
Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл округунун социалдык инфраструктурасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Навои атындагы № 33 орто мектебинин окуу корпусу катары пайдалануу үчүн "Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводу" акционердик коомунун балансында турган, Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчанын имаратын Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл округунун муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти каттасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов
|