КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 652
Анкара шаарында 1993-жылдын 3-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда Аскердик билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу
Анкара шаарында 1993-жылдын 3-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда Аскердик билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимдин 21-беренесинде каралган мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Анкара шаарында 1993-жылдын 3-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда Аскердик билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндө тиркелген келишим бекитилсин.
2. Аталган Келишимди аткаруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө түрк тарабына нота жиберсин.
Премьер-министр | И.Чудинов
|