Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры №653
"1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндөгү грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|