Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 654
"Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов
|
Долбоор
Бул Мыйзам эталондук жана уникалдуу жаратылыштык комплекстерди жана объекттерди, кооз табигый түзүлүштөрдү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн генетикалык фондун сактоо, биосферадагы табигый процесстерди изилдөө жана анын абалынын өзгөрүүлөрүн контролдоо максатында өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды уюштуруу жана башкаруу, коргоо жана пайдалануу, ошондой эле контролдоо тармагындагы мамилелерди жөнгө салат.
1-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан башка нормативдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.
Жер, суу, токой ресурстарын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин корууга жана пайдаланууга, атмосфералык абаны коргоого, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоого жана пайдаланууга байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды өнүктүрүү жана алардын туруктуу иштетилиши тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2-статья. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
Акватория - табигый, жасалма же элестетилген (шарттуу) чек ара менен чектелген суу мейкиндиги.
Биосфералык аймактар - өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар, алар биологиялык жана ландшафттык түрлөрдүн туруктуу балансын, экономикалык өнүгүүнү жана тийиштүү маданий дөөлөттөрдүн сакталышын камсыздоочу жер үстүндөгү жана суудагы экологиялык системалардын участокторунан же алардын комбинацияларынан турат.
Буфердик зона - аймактын адатта негизги зона курчап турган же аны менен чектешкен жана илимий изилдөөлөр, айыл чарбалык жерлерди регламенттүү пайдалануу үчүн пайдаланылчу участогу.
Мамлекеттик заказниктер - заказ режимдүү же чарбалык иштин жөнгө салынчу режиминдеги, мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун бир же бир нече объекттерин сактоо жана көбөйтүү үчүн арналган өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар.
Мамлекеттик ботаникалык бактар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде өсүмдүктөрдүн сейрек жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн коруу, сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жана илимий иштеп чыгууларды жүргүзүүгө арналган өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар.
Мамлекеттик дендрологиялык парктар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, бак-дарак жана бадал породаларды коруу, сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу үчүн арналган, зоналары боюнча коруу режимдери белгиленген өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар.
Мамлекеттик зоологиялык парктар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, маданий-агартуучу, илимий, окуулук жана жаратылышты коргоо, жаныбарлардын типтүү, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн генофондун жасалма чөйрөнүн шартында сактоо жана өстүрүү иштери үчүн арналган өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар.
Мамлекеттик жаратылыштык парктар - жаратылышты коргоочу жана илимий мекеменин статусу бар, биологиялык жана ландшафттык түрлөрдү сактоого, мамлекеттик жаратылыштык-корук фонддун өзгөчө экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана рекреациялык баалуу уникалдуу табигый комплекстерин жана объекттерин жаратылышты коргоочу, экологиялык-агартуучу, илимий, туристтик жана рекреациялык максаттарда пайдаланууга арналган өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар.
Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери - экологиялык, илимий, маданий жана эстетикалык жактардан баалуу, уникалдуу, орду толбочу өзүнчө жаратылыштык комплекстерди камтыган өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар, ошондой эле мамлекеттик жаратылыштык-корук фонддун объекттерине киргизилген табигый жана жасалма объекттер.
Мамлекеттик жаратылыштык коруктар - жаратылышты коргоочу жана илимий мекеменин статусу бар, ишинде өзүнүн аймагындагы табигый процесстерди жана кубулуштарды, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын айрым түрлөрүн, типтүү жана уникалдуу экологиялык системаларды сактоо жана изилдөө максаты көздөлгөн өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймак.
Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын мамлекеттик кадастры өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын статусу, орду, сандык жана сапаттык касиеттери, алардын экологиялык, илимий, агартуучу, тарыхый, маданий жана башка баалуулуктары жөнүндө маалыматтардын жыйнагы.
Өзөк зона - мамлекеттик жаратылыштык коруктун жалпы аянтынын 75 проценттен кем эмесин түзгөн аймактын участогу, анда бүткүл табигый комплекс корулат, экологиялык системалардын абалына мониторинг, илимий изилдөөлөр жана жаратылыштагы процесстердин табигый өнүгүүсүн бузбачу башка иш-чаралар жүргүзүлөт.
Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар - аймактардын жана/же акваториялардын жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык жана тарыхый жактардан приоритеттүү мааниге ээ, чарбалык пайдалануудан толук же айрым бөлүгү туруктуу же убактылуу алып коюлган участоктору, алар үчүн коруунун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленет жана жалпы улуттук байлык болуп эсептелет.
Корулчу зона - чарбалык иштин жөнгө салынып турчу режими бар аймак, ал аймакка жакын жашаган жергиликтүү жамааттардын чарбалык иштеринин натыйжасында бүткүл табигый комплекске болчу таасирди азайтуу максатында түзүлөт.
Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын паспорту - өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын түзүлгөнү, аталышы, турган жери жөнүндө, мамлекеттик жаратылыштык-корук фонддун өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактагы объекттеринин тизмесин жана сандык жана сапаттык касиеттери, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын функциялык зоналары жана коргоо режиминин түрү жөнүндө информацияны камтыган документ.
Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын тармагы - өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын ар кыл категорияларынын бири-бири менен региондогу табигый, тарыхый-маданий жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрдү эске алып уюштурулган экологиялык коридорлор менен байланышкан комплекси.
Функциялык зоналарга бөлүштүрүү - зоналардын чектеринде өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын экологиялык системаларынын жана алардагы мамлекеттик-жаратылыштык-корук фонддун объекттеринин абалдарына, алардын калыбына келүүсүнө терс таасир этүүчү ар кандай иштерге тыюу салуу жана (же) чектөөнү көздөгөн өзүнчө зоналарды аныктоо.
Экологиялык коридор - өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды бири-бири менен жандуу жаратылыштын объекттеринин табигый миграциясын жана биологиялык түрлөрдүн сакталышын камсыздоо үчүн байланыштырып туруучу экологиялык тармактын бөлүгү, ал жерлердин жана суу объекттердин корулчу участокторунан турат.
3-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын тармагы
1. Айлана-чөйрөнү коргоо, жаңыртуу, калыбына келтирүү жана андагы табигый процесстердин жүрүшүн жана шарттардын балансын, биологиялык жана ландшафттык түрлөрдү, табигый-маданий чөйрөнү сактоо, туруктуу жаратылыш пайдаланууну камсыздоо, биосферага туруктуу мониторинг жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипте өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын тармагы түзүлөт.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыты өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын ар түрдүү категорияларынын бир бүтүн жана функциялык жактан байланыштуу айкаштыгын түзүү болот.
4-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын категориясы жана статусу
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарга табигый жана/же жасалма жаратылган жаратылыштык комплекстер жана табигый объекттер кирет.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар айлана-чөйрөнүн туруктуулугунун жөнгө салуучусу болгон табигый экосистемалардын сакталышына жана/же кайра калыбына келишине негиз болушат.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар максаттык арналышына, табигый ресурстарды жана объекттерди коруунун режимине жараша Жаратылышты коргоонун эл аралык союзу кабыл алган эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык келген төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт, алар:
- мамлекеттик жаратылыштык коруктар;
- мамлекеттик жаратылыш парктары;
- мамлекеттик заказниктер;
- жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери;
- мамлекеттик ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар;
- биосфералык аймактар жана/же резерваттар;
- трансчегаралык өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар.
4. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды коргоонун тийиштүү режимин камсыздоо максатында аларда төмөнкүдөй: негизги же корук (өзөк зона), корголуучу, буфердик жана башка зоналар түзүлөт.
Зоналарды аныктоо маселеси илимий негизделген рекомендациялардын негизинде өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын тийиштүү категориясын түзүү менен чогуу чечилет.
5-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарга менчик
1. Мамлекеттик жаратылыштык коруктар, мамлекеттик жаратылыштык парктар, ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, трансчегаралык өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар мамлекеттин гана менчигинде болушат.
2. Мамлекеттик заказниктердин, жаратылыштын мамлекеттик эстеликтеринин жана биосфералык аймактардын жана/резерваттардын жерлери мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте болушу мүмкүн.
3. Мамлекеттик заказниктердин, жаратылыш эстеликтеринин, биосфералык аймактарды жана/же резерваттардын табигый ресурстары мамлекеттин коргоосунда болот.
4. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын аймактарындагы жерлерде табигый ресурстардын жана объекттердин сапатын начарлатууга жана азайтууга багытталган, ошондой эле андай жерлерди мамлекеттик коргоо режимин бузууга багытталган иштерди жасоого тыюу салынат.
6-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды туристтик максаттарга пайдалануу
1. Экологиялык туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны түзүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын туруктуу иштешин камсыздоого тартуу, аймактын табигый жана тарыхый-маданий көрөсөндүү жерлери менен тааныштыруу максатында өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар туризмди өнүктүрүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда аныкталган зонанын режимине жараша атайын бөлүнгөн участоктордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана аялдамаларды уюштурууга жана ачууга, туризм объекттерин, музейлерди жана ачык асман алдындагы экспозицияларды жайгаштырууга жол берилет.
7-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды уюштуруу
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды уюштуруунун, пайдалануунун, категориясын өзгөртүүнүн жана жоюунун тартибин, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын чектерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контроль жана мамлекеттик мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар экологиялык жана экономикалык негиздемени эске алуу менен, ошондой эле илимий маалыматтардын негизинде алардын тарыхый-маданий баалуулуктары эске алынып уюштурулат.
4. Экологиялык негиздеменин таянычы болуп өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын категориясын аныктоо менен табигый объекттердин жана комплекстердин уникалдуулугун жана маанисин аныктоо эсептелет, аймактын экологиялык абалына баа берилет. Аларды коруу, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча сунуштар киргизилет.
5. Экономикалык негиздемеде төмөнкүдөй аныктамалар негиз болот:
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын курамына өткөрүп берилчү жерлердин чектери жана аянттары;
- жерди менчик ээлеринен же жер пайдалануучулардан алууга байланышкан компенсациялык чыгымдар;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын функциялык зоналарга бөлүнүшү;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын корголуш режими;
- экологиялык-туристтик жана тарыхый-маданий баалуулугу;
- тарыхый-маданий жактан изилденгендиги жана мааниси;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймакты уюштуруу, кармоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жана чыгымдар.
6. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды уюштурууда жерлерди алып койгондуктан юридикалык жана жеке жактардын ишмердиги чектелгенине же токтотулганына байланыштуу чыгымдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык орду толтурулат.
7. Жерлердин максаттык арналышын өзгөртүүгө мамлекеттик экологиялык экспертизанын уруксат корутундусу болгондо гана жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилет.
8-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет, алар:
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды коруунун жана максаттык арналышы боюнча пайдалануунун белгиленген режими сакталышын камсыздоо;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар.
9-статья. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери
1. Жеке адамдар жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды уюштуруу, коруу жана иштетүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга жардам көрсөтүшөт.
2. Жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды уюштуруу, иштетүү, коруунун жана максаттык арналышы боюнча пайдалануунун белгиленген режимин сактоо маселелери боюнча толук, туура жана өз убагында маалымат алууга укуктуу.
3. Жеке адамдар жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын режими сакталышына жана максаттык арналышы боюнча пайдаланылышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук контроль жүргүзүүгө укуктуу.
4. Жеке адамдар жана юридикалык жактар ушул Мыйзамдын талаптарын бузган кызмат адамдарынын, мекемелердин жана уюмдардын иштеринин үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жана/же соттук жол менен даттанууга укуктуу.
5. Жеке адамдар жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды коргоонун жана пайдалануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган режимдерин сактоого милдеттүү.
10-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын мамлекеттик кадастры
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын мамлекеттик кадастры жаратылыштык-корук фонддун абалын баалоо, ал аймактардын тармагын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо, белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландоодо ал аймактарды эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын мамлекеттик кадастры өзүнө алардын категориясы, максаттык арналышы, географиялык абалы, чек аралары, коруу режими, биологиялык, экологиялык-агартуучу, илимий, экономикалык, тарыхый жана маданий баалуулугу жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын мамлекеттик кадастрын жүргүзүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипте ишке ашырылат.
11-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын паспорту
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарга белгиленген үлгүдөгү паспорт жасалат.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын паспорту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипте толтурулат.
12-статья. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардын максаттары жана милдеттери
1. Мамлекеттик жаратылыштык корук юридикалык жак болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү Уставдын негизинде иштейт.
2. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардын жерлерин жаратылыштын эталону катары жердин башка категорияларына которууга болбойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзгөчө учурларда гана жол берилиши мүмкүн.
3. Мамлекеттик жаратылыштык коруктар жаратылышты коргоочу, илимий-изилдөөчү жана экологиялык-агартуучу уюмдар болуп эсептелишет жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн генетикалык фондун, типтүү жана уникалдуу экологиялык системаларды жана ландшафттарды сактоо жана изилдөө, жаратылыштагы процесстердин табигый жүрүшүн камсыздоо, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгуу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө шарттарды түзүү максатында уюштурулат.
4. Мамлекеттик жаратылыштык коруктарга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- аймактын бүткүл жаратылыштык комплексин табигый абалда сактоо;
- Кызыл китепке киргизилген сейрек жана жок болуп бараткан жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактоо жана санын экологиялык туруктуу деңгээлге чейин калыбына келтирүү, биологиялык жана ландшафттык түрлөрдү сактоо;
- биологиялык түрлөргө илимий изилдөөлөрдү, узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү, табигый ресурстарды коргоону жана пайдаланууну өркүндөтүү боюнча негизделген сунуштарды даярдоо, анын ичинде Жаратылыштын жылнаамасын жүргүзүү;
- жаратылышты коргоо жана корук иши тармагындагы илимий кадрларды жана адистерди даярдоого жардам көрсөтүү;
- экологиялык билимдерди жайылтуу жана экологиялык-агартуучулук иш жүргүзүү.
13-статья. Мамлекеттик жаратылыштык коруктарды функциялык зоналарга бөлүү
Мамлекеттик жаратылыштык коруктарды функциялык зоналарга бөлүү төмөнкүдөй зоналарды бөлүү жолу менен ишке ашырылат:
- негизги же корук зона (өзөк зона);
- буфердик зона;
- корголуучу зона.
14-статья. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардын өзөк зонасын пайдалануу режими
1. Өзөк зонада:
- жаратылыштык комплекстерди табигый абалда кармоого, табигый комплекстердин жана алардын компоненттеринин антропогендик таасирдин натыйжасынан өзгөрүүлөрүн калыбына келтирүүгө жана болтурбоого;
- санитардык жана өрткө каршы коопсуздукту камсыздоочу шарттарды сактоого;
- экологиялык мониторинг жүргүзүүгө;
- белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүүгө багытталгандан башка бардык иш-чараларга тыюу салынат.
2. Жарандардын мамлекеттик жаратылыштык коруктардын аймагында болуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте жол берилет.
15-статья. Мамлекеттик жаратылыштык коруктун буфердик зонасын пайдалануунун режими
Мамлекеттик жаратылыштык коруктун буфердик зонасында биологиялык жана ландшафттык түрлөрдүн абалына терс таасирди болтурбоо үчүн төмөнкүдөй тыюу салынат:
- жаңы конуштарды түзүүгө;
- аймакты аңчылык кылуу, аңчылык чарбаларды уюштуруу жана аңчылык базаларды жайгаштыруу үчүн берүүгө;
- өндүрүштүк объекттерди курууга, жайгаштырууга жана эксплуатациялоого;
- пайдалуу казындыларды чалгындоого жана казууга;
- илимий мекемелер менен макулдашылган санитардык кыюудан башка кыюулардын бардык түрлөрүнө;
- өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн кое берүүгө (климатташтырууга);
- коруктун гидрологиялык режимин өзгөртүүчү иштерге жана жалпы экосистемага таасир этиши мүмкүн болгон башка иштерге;
- чарбалык жана жаратылыштык комплекстердин жана объекттердин абалына коркунуч келтирген башка иштерге.
16-статья. Мамлекеттик жаратылыштык коруктун корголуучу зонасын пайдалануунун режими
1. Мамлекеттик жаратылыштык коруктун корголуучу зонасында табигый ресурстардын абалына зыян келтирбечү чарбалык иштин негизги түрлөрүнө уруксат берилет.
2. Мамлекеттик жаратылыштык коруктун корголуучу зонасында төмөнкүдөй тыюулар салынат:
- дары сырьену, жемиштерди, мөмөлөрдү жана гүлдөрдү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн терүүгө;
- аңчылыкка, жаныбарларды кармоого, уяларды бузууга, жапайы жаныбарлардын ийиндерин жана бөлөк баш калкаларын жана жатактарын бузууга, ошондой эле канаттуулардын жана сойлооочулардын жумурткаларын алууга;
- жапайы жаныбарларды климатташтырууга;
- мамлекеттик жаратылыштык коруктун табигый, илимий, маданий жана эстетикалык маанисин азайтуучу иштердин бардык түрлөрүнө.
17-статья. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардагы илимий-изилдөө иштери
1. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардагы илимий-изилдөө иштеринин негизги милдети экологиялык абалды баалоону жана болжолдоону, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгууну, биосферанын биологиялык жана ландшафттык түрлөрүн сактоону, табигый ресурстарды өндүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну көздөйт.
2. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардагы илимий-изилдөөчү иш табигый комплекстерге, жаратылыштын айрым объекттерине, табигый процесстердин динамикасына жыл бою стационардык байкоолорду жана изилдөөлөрдү уюштуруу жолу менен жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик жаратылыштык коруктарда мамлекеттик бюджеттин каражатынын жана инвестицияларды тартуунун эсебинен жүргүзүлгөн илимий-изилдөөчү иштин жыйынтыктары мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
4. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардагы табигый объекттердин жана комплекстердин абалы жөнүндө маалымат ачык болот.
5. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардын илимий фонддору мөөнөтсүз сакталууга тийиш.
6. Мамлекеттик жаратылыштык коруктардагы илимий изилдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы координациялайт.
18-статья. Мамлекеттик жаратылыштык парктардын милдеттери
1. Мамлекеттик жаратылыштык парктарга төмөнкүдөй милдеттер тапшырылат:
- табигый комплекстерди, уникалдуу жана эталондук табигый участокторду жана объекттерди сактоо;
- ландшафттарды, тарыхый-маданий объекттерди сактоо;
- калктын экологиялык билиминин жана түшүнүгүнүн деңгээлин жогорулатуу;
- жөнгө салынчу туризм жана эс алуу үчүн шарттарды түзүү;
- биологиялык жана ландшафттык түрлөрдү сактоонун илимий методдорун иштеп чыгуу;
- экологиялык мониторинг жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- бузулган жаратылыштык жана тарыхый-маданий комплекстерди жана объекттерди калыбына келтирүү.
19-статья. Мамлекеттик жаратылыштык парктардын иштеши
1. Мамлекеттик жаратылыштык парк юридикалык жак болот жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү Уставдын негизинде иштейт.
2. Мамлекеттик жаратылыштык парктарды уюштуруу үчүн бөлүнгөн жерлердин жана/же суулардын (акваториялардын) участоктору алардын чектериндеги бардык табигый ресурстар жана объекттер менен туруктуу пайдаланууга берилет.
3. Мамлекеттик жаратылыштык парктардын жерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда жердин башка категорияларына которууга болбойт.
20-статья. Мамлекеттик жаратылыштык парктарды пайдалануунун режими
1. Мамлекеттик жаратылыштык парктардын аймактарында алардын табигый, тарыхый-маданий жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коруунун дифференцияланган өзгөчө режими белгиленет.
2. Мамлекеттик жаратылыштык парктарда төмөнкүдөй зоналар бөлүнөт:
- корук режимдеги зона;
- экологиялык стабилдештирүү зонасы;
- туристтик жана рекреациялык иш зонасы;
- чектелген чарбалык иштин зонасы.
3. Мамлекеттик жаратылыштык парктардын корук режиминдеги зоналарында мамлекеттик коруктар үчүн каралган режим белгиленет.
4. Экологиялык стабилдештирүү зонасында жөнгө салынчу экологиялык туризмден жана бузулган табигый комплекстерди жана объекттерди калыбына келтирүү боюнча иштердин башка чарбалык жана рекреациялык иштерге тыюу салуу менен коруу режими белгиленет.
5. Туристтик жана рекреациялык иш зонасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү табигый комплекстердин жана объекттердин сакталышын камсыздоочу корук режимин белгилейт, алардын аймактарында рекреациялык күч келүү нормаларын эске алып жөнгө салынчу туристтик жана рекреациялык пайдаланууга (мергенчиликтен башкасына), анын ичинде туристтик маршруттарды, жолдорду, конуштарды жана кароочу аянттарды уюштурууга жол берилет.
6. Чектелген чарбалык иш зонасында администрациялык-чарбалык арналыштагы объекттер жайгаштырылат, улуттук табигый парктын корулушун жана иштетилишин камсыздоо, ага келгендерди тейлөө үчүн керектүү чарбалык иш жүргүзүлөт, мейманканалар, кемпингдер, музейлер жана туристтерди тейлөөчү башка объекттер курулат.
7. Мамлекеттик жаратылыштык парктардын аймагында корукка алынган жаратылыштык комплекстерге жана башка объекттерге зыяндуу тасир этүүчү ишкердиктин бардык түрлөрүнө тыюу салынат, атап айтканда:
- гидрологиялык режимдин өзгөрүшүнө алып келчү иштерге;
- өндүрүштүк жана мамлекеттик жаратылыштык парктардын ишине байланышы жок башка объекттерди курууга жана эксплуатациялоого;
- геологиялык чалгындоо жумуштарына жана пайдалуу казындыларды иштетүүгө;
- негизги пайдалануу катары жыгачтарды кыюуга;
- жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн киргизүүгө (климатташтырууга);
- мамлекеттик жаратылыш парктарынын табигый, илимий, маданий жана эстетикалык маанилерин азайтуучу иштин башка түрлөрүнө.
21-статья. Мамлекеттик заказниктердин максаттары жана милдеттери
1. Мамлекеттик заказник айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болот жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү Уставдын негизинде иштейт.
2. Заказниктер илимий негиздеменин негизинде табигый комплекстерди жана алардын айрым компоненттерин сактоо, жаңылоо, калыбына келтирүү максатында белгилүү бир убакытка түзүлөт.
3. Заказниктерге төмөнкүдөй негизги милдеттер тапшырылат:
- заказниктин табигый комплексин же айрым компонентин сактоо;
- флоранын жана фаунанын пайдалуу жана баалуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек же жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн сактап калуу;
- токойдун типтүү участокторун жана айрым өзгөчө баалуу же сейрек бак-бадал түрлөрдү сактоо;
- уникалдуу жана типтүү биологиялык жамааттарды сактоо;
- эстетикалык баалуу ландшафттарды сактоо;
- геологиялык сейрек нерселерди (үңкүрлөрдү, аскаларды, көлмөлөрдү, шаркыратмаларды, булактарды ж.б.) сактоо.
4. Комплекстүүдөн башка заказникти түзүүдө тийиштүү жер участогу (суу объектиси) негизги жер пайдалануучудан алып коюлбайт. Жер пайдалануучулар чарбалык иш жүргүзүүдө заказниктин режимин сактоого милдеттүү.
5. Заказниктер максаттык арналыштары боюнча төмөнкүдөй бөлүнүшөт:
- комплекстүү заказниктер, аларда бүткүл табигый комплекс корукта болот;
- зоологиялык жана ботаникалык заказниктер, алар өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын баалуу, сейрек жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн сактоого арналышат;
- токойлук заказниктер, алар токойдун типтүү участокторун жана/же айрым өзгөчө баалуу жана/же сейрек бак-бадал түрлөрдү сактоо максатында түзүлөт;
- геологиялык заказниктер, алар сейрек геологиялык түзүлүштөрдү (үңкүрлөрдү, аскаларды, көлмөлөрдү, шаркыратмаларды, булактарды, палеонтологиялык объекттерди ж.б.) сактоо максатында түзүлөт;
- сезондук заказниктер, алар миграция же кыштоо мезгилинде айрым бир аймакта (акваторияда) канаттуулардын жана жаныбарлардын түрлөрүнүн чогулчу жерлерин коруу максатында түзүлөт.
22-статья. Мамлекеттик заказниктерди пайдалануу режими
Мамлекеттик заказниктердин аймагында айрым табигый объекттерге жана комплекстерге зыян тийгизиши мүмкүн болгон иштин бардык түрлөрүнө тыюу салынат, атап айтканда:
- комплекстүү заказниктерде - табигый комплекстердин сакталышына коркунуч туудурган чарбалык иштерге;
- зоологиялык заказниктерде - аңчылыкка, жапайы жаныбарларды ар кандай жолдор менен алууга, жапайы жаныбарлардын уяларын жана жатактарын бузууга, жумурткаларын алууга, ошондой эле жаныбарлардын сабыркашына же өлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;
- ботаникалык заказниктерде - мал жаюуга, чөп чабууга, гүлдөрдү терүүгө, өсүмдүктөрдүн тамырларын, түптөрүн жана чанактарын казып алууга, от жагууга, транспорт каражаттардын киришине, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүн сабыркоого же куурашына алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;
- токой заказниктерде - мал жаюуга, чөп чабууга, кыюунун бардык түрлөрүнө (санитардык кыюудан башка), ал райондо табигый өспөгөн жыгач породаларын себүүгө жана тигүүгө. Токой заказниктеринде санитардык кыюулар илимий мекемелерге макулдашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча жүргүзүлөт;
- геологиялык заказниктерде - таш, шагыл, кум жана башка пайдалуу казындыларды алууга, үңкүрлөрдү бузууга, заказниктин табигый комплексин өзгөртүүгө же бузууга байланышкан, ошондой эле табигый гидрологиялык режимди өзгөртүшү мүмкүн болгон жер иштетүү жумуштарын жана башка иштерди жүргүзүүгө;
- сезондук заказниктерде - жер которуп же кыштап жаткан куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн болушунун салыштырмалуу чектелген мезгилинде адамдардын барышына же чарбалык иштерди жүргүзүүгө.
23-статья. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтерин уюштуруунун жана алардын иштешинин тартиби
1. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте уюштурулат.
2. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү Уставдын негизинде иштейт.
3. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери мамлекеттик жана эл аралык мааниде болушу мүмкүн.
4. Жаратылыштын мамлекеттик эстелигине мамлекеттик маани берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, ал эми эл аралык маани берүү - эл аралык нормаларга жана эрежелерге ылайык ишке ашырылат.
24-статья. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтерин коруунун режими
1. Объекттерди жаратылыштын мамлекеттик эстелиги деп жарыялоо тийиштүү жер участокторду (суу объекттерин) алардын ээлеринен жана пайдалануучулардан алып коюуга дуушарлантпайт.
2. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери жайгашкан аймакта жана алардын коруу зоналарында алардын сакталышын бузуучу иштердин баарына тыюу салынат.
25-статья. Мамлекеттик ботаникалык бактарды, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды уюштуруунун максаты
1. Мамлекеттик ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар жасалма жана табигый шарттарда биологиялык түрлөрдү сактоо жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн байытуу максатында, илимий, билим берүүчү жана агартуучулук максаттарда түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү Уставдын негизинде иштешет.
2. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын аймагы алардын тике милдеттерди аткарышы үчүн гана арналат. Мында жер участоктор ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар карамагында болчу мамлекеттик илимий-изилдөөчү же билим берүүчү мекемелерге туруктуу пайдаланууга өткөрүп берилет.
26-статья. Мамлекеттик ботаникалык бактарды, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды пайдалануунун милдеттери жана режими
1. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын негизги милдеттери:
- ата мекендик жана чет өлкөлүк флоранын жана фаунанын илимий жана маданий-агартуу жагынан чоң мааниге ээ жандуу өсүмдүктөрүнүн, жапайы жаныбарларынын (айрыкча сейрек жана жок болуп бараткан түрлөрдүн) коллекцияларын жасалма шарттарда сактоо;
- илимий изилдөө жумуштарын жүргүзүү;
- дыйканчылык, зоология жана жаратылышты коргоо тармактарында окутуучу-педагогикалык жана илимий-агартуучу иштерди жүргүзүү.
2. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын аймактарында алардын милдеттеринин аткарылышына байланышпаган жана өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын коллекцияларынын сакталышын бузуучу бардык иштерге тыюу салынат.
27-статья. Биосфералык аймактарды же резерваттарды түзүүнүн максаты
1. Биосфералык аймактарды же резерваттарды түзүүнүн максаты:
- маданий жана табигый мурастарга бай табигый аймактарды сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу;
- регионду узак мөөнөттүү, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө, анын ичинде табигый ресурстардын сакталышын жана калыбына келишин эске алуу менен рекреациялык пайдаланууга колдоо көрсөтүү;
- узак мөөнөттүү экологиялык мониторинг жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле экологиялык агартуу жана тарбиялоо.
2. Биосфералык аймак же резерват тийиштүү илимий негиздеменин жана техникалык долбоордун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен уюштурулат.
3. Биосфералык аймактарды же резерваттарды уюштуруу жөнүндө сунуш биосфералык резерваттардын эл аралык тармагына киргизүү, ырастоо жана ЮНЕСКОнун тийиштүү сертификатын берүү үчүн ЮНЕСКОго жиберилет.
4. Биосфералык аймак же резерват уюштуруунун жана анын иштешинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
28-статья. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчегаралык жаратылыштык аймактарды уюштуруунун тартиби, максаты жана милдеттери
1. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчегаралык жаратылыштык аймактар Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде уюштурулат.
2. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчегаралык жаратылыштык аймактар биосферанын жалпы экологиялык тең салмагын сактоо, флоранын жана фаунанын жок болуу коркунучунда турган жана Кыргыз Республикасынын жана коңшу өлкөлөрдүн Кызыл китебине киргизилген биологиялык түрлөрдү сактоо, Кыргыз Республикасы тарабы болгон эл аралык келишимдерден чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында уюштурулат.
3. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчегаралык жаратылыштык аймактар төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө арналат, алар:
- көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык жаратылыштык корук фондунун аймактарын жана объекттерин коргоо жана пайдалануу жагында эл аралык кызматташууну ишке ашыруу;
- жаратылыштык корук фондун сактоого багытталган эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- алынган илимий информацияны алмашуу;
- чектеш аймактарда эл аралык стандарттарга ылайык келген ар кыл категориядагы өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды түзүү;
- илимий адистерди биргелешип даярдоону уюштуруу;
- экологиялык-агартуучу жана башка иштерди жүргүзүү.
29-статья. Трансчегаралык өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды коруу
Трансчегаралык өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды коруу Кыргыз Республикасы катышып, күчүнө кирген эл аралык келишимде белгиленген тартипте ишке ашырылат.
30-статья. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Бул Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн кунөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын чектериндеги табигый объекттерге жана комплекстерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулууга тийиш.
31-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 28-майындагы № 1561 "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 7, 234-ст.) күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|