Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 655
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
- берененин аталышындагы "жана эл аралык келишимдер" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынан турат".
2. 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат - укук ээлери берген каалагандай маалымат, бул маалымат ушул Мыйзамда корголгон чыгарманы же чектеш укуктардын объектин автор, чектеш укуктардын ээси же укуктардын башка ээси менен идентификациялайт; же чыгарманы, чектеш укуктардын объекттерин колдонуунун шарттары жөнүндө маалымат, бул маалымат чыгармага же чектеш укуктардын объектине тиркелет же аларды жалпыга маалымдоо үчүн билдирүүгө байланыштуу пайда болот; ошондой эле ушундай маалымат кымтылган каалагандай цифралар жана коддор;
автордук укук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттары - чыгармаларды же чектеш укуктар объекттерди алуу мүмкүнчүлүгүн контролдоочу, автор, чектеш укуктардын ээси же ушул Мыйзамга ылайык корголуучу чыгармага же чектеш укуктар объектисине карата башка өзгөчө укуктар ээси тарабынан уруксат берилбеген аракеттерди ишке ашырууга бөгөт койгон же чектеген ар кандай натыйжалуу техникалык түзүлүш же алардын компоненттери.".
3. 5-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамга ылайык автордук укук төмөнкүлөргө жайылтылат:
Кыргыз Республикасынын аймагында жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана жарандыгына карабастан авторлордуку (алардын укук мураскорлорунуку) болуп таанылган чыгармаларга;
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон авторлордуку (алардын укук мураскорлорунуку) болуп таанылган чыгармаларга;
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелип, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттердин жараны болгон авторлордуку (алардын укук мураскорлорунуку) деп таанылган чыгармаларга.";
- 2-бөлүк "жарыяланган" деген сөздөн мурда "биринчи жолу" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 6-беренеде:
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Илим, адабият жана искусство чыгармаларына автордук укук аны жаратуу фактысынан келип чыгат. Автордук укуктун пайда болушу жана анын ишке ашыруу үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр-бир башка формалдуулуктарды сактоо талап кылынбайт.";
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Чыгармага болгон автордук укук чыгарма берилген материалдык объектиге болгон менчик укугу менен байланышпайт.
Кандайдыр бир материалдык объектиге менчик укугун же ээлик кылуу укугун берүү ушул объектиде берилген чыгармага кандайдыр бир автордук укук берүүнү билдирбейт.".
5. 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2.1. ЭЭМ үчүн программалар адабий чыгармалар катары корголот. Мындай коргоо программалардын бардык түрүнө, анын ичинде бардык колдонмо программаларга жана операциялык системаларга таралат, алар баштапкы тексти жана объекттик кодду кошкондо каалаган тилде жана каалаган түрдө болушу мүмкүн.".
6. 9-беренеде:
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Автор жарыяланбаган чыгармага карата жеке мүлктүк эмес укуктарын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле укук ээси чыгармага карата өзгөчө мүлктүк укукка ээ болгондугун ырастоо үчүн автордук укукту коргоонун мөөнөтүнүн ичинде кайсы гана убакытта болбосун аларды расмий реестрлерде каттоого укуктуу, бул тууралуу белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатент тарабынан жүргүзүлөт.
Чыгарманы каттоого тиешелүү жана реестрге киргизилген маалыматтар ушундай жактын каалоосу боюнча Кыргызпатенттин расмий басылмаларына жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну автор же укук ээси менен макулдашуу боюнча Кыргызпатент тарабынан белгиленет. Каттоого жана жарыялоого сарпталган каражаттардын наркынын өлчөмүндө каттоо жана жарыялоо жыйымдар алынат.";
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Өзүн жарыяланбаган чыгарманын кол жазмасынын авторумун деп эсептеген жеке жак укуксуз пайдаланууну же ээлеп алууну болтурбоо максатында аны сактоого берүү зарыл деп эсептесе, анда Кыргызпатент кол жазманы кабыл алууга милдеттүү, кол жазманы берген жакка анын келип түшкөн күнү тууралуу маалымкат берилет.
Кол жазманы берүү, кабыл алуу жана сактоо тартиби Кыргызпатент тарабынан аныкталат.".
7. 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Авторлоштордун ар бири башка авторлоштордун макулдугун албастан, өз атынан өзүнүн укугун коргоого байланыштуу чараларды көрүүгө укуктуу.".
8. 14-беренеде:
- 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгер жумуш берүүчү чыгарманы алган учурдан тартып үч жылдын ичинде чыгарманы пайдаланбаса, анда чыгарманы пайдаланууга болгон бардык укуктар авторго өтөт. Бул эреже чыгарманы пайдалануу катары менен эки жылдын ашуун үзгүлтүккө учураганда да колдонулат. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөр тараптардын макулдашуусу менен кыскартылышы мүмкүн.";
- 5-бөлүктөгү "пункту" деген сөз "бөлүгү" деген сөз менен алмаштырылсын.
9. 15-берененин 2-бөлүгүндөгү "ушул пункттун" деген сөздөр "ушул бөлүктүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 16-беренеде:
- 2-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"бардык адамдар чыгармага каалаган жерден жана учурда өзүнүн тандоосу боюнча интерактивдик режимде жете алгандай кылып чыгарманы жалпыга маалымдоо үчүн билдирүүнү (жалпыга маалымдоо укугу);";
акыркы абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Аталган норма төмөнкүлөргө колдонулбайт:
ЭЭМ программалары же маалымат базаларына карата, эгер ЭЭМ үчүн программанын өзү же маалымат базасы прокаттын негизги объекти болуп эсептелбесе;
аудиовизуалдык чыгармаларга карата, эгер алардын прокаты кайта чыгаруунун өзгөчө укугуна олуттуу зыян келтирип, ушундай чыгармаларды кеңири көчүрүүгө алып келбесе.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Автор чыгарманын ар бир пайдаланылган түрүнө автордук сый акы алууга укуктуу. Чыгарманын ар бир пайдаланылган түрүнө автордук сый акынын өлчөмү жана эсептөө тартиби автордук келишимде, ошондой эле авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдар менен пайдалануучулар түзгөн келишимдерде белгиленет.";
- 5-бөлүктөгү "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
11. 18-берененин 2-бөлүгүндө:
- "пунктундагы" деген сөз "бөлүгүндөгү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"жалпыга маалымдалган чыгармаларды уруксаты жок каалагандай түрдө кайра чыгарууга;
чыгарманы нормалдуу пайдаланууга зыян келтирген жана негизделбеген түрдө автордун мыйзамдык кызыкчылыктарын чектеши мүмкүн болгон каалагандай түрдөгү кайра чыгарууга.".
12. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Китепканаларда, архивдерде жана билим берүү
мекемелеринде чыгармаларды пайдалануу
1. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөй, бирок колдонулган чыгарманын авторун жана алынган булактын атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен пайда табуусуз бир нускада төмөнкүлөрдү репродукциялоого жол берилет:
1) китепканаларда жана архивдерде калыбына келтирүү, жоголгон же бузулган нускаларды алмаштыруу, өздөрүнүн фонддорунан чыгарманы кандайдыр бир себептер боюнча жоготушкан, эгерде мындай нусканы демейки шарттарда башка жол менен алууга мүмкүн болбосо, башка китепканаларга берүү үчүн укук ченемдүү жарыялаган чыгарманы;
2) китепканаларда жана архивдерде окутуу жана изилдөө максаттарда жеке жактардын суроо-талаптары боюнча жыйнактарга, гезиттерге жана башка мезгилдүү басылмаларга укук ченемдүү жарыяланган айрым макалаларды жана көлөмү кичине чыгармаларды, укук ченемдүү жарыялаган жазуу жүзүндөгү чыгармалардан (иллюстрациялуу жана иллюстрациясыз) кыска үзүндүлөрдү;
3) аудитордук машыгуулар үчүн билим берүү мекемелеринде жыйнактарга, гезиттерге жана башка мезгилдүү басылмаларга укук ченемдүү жарыяланган айрым макалаларды жана көлөмү кичине чыгармаларды, укук ченемдүү жарыяланган жазуу жүзүндөгү чыгармалардан (иллюстрациялуу жана иллюстрациясыз) кыска үзүндүлөрдү.
2. Мыйзамдуу жол менен жарандык колдонууга киргизилген чыгармалардын нускаларын автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөй эле китепканаларда убактылуу акысыз пайдаланууга жол берилет. Мында цифралык формада берилген чыгарманын нускалары, анын ичинде китепкана ресурстарын өз ара пайдалануу тартибинде берилүүчү чыгармалардын нускалары ушул чыгармалардын көчүрмөлөрүн цифралык формада түзүүгө мүмкүн болбой турган шарттарда китепкана жайларында гана убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.".
13. 25-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "ушул пункттун 1-пунктчасында" деген сөздөр жана цифралар "ушул бөлүктүн 1-пунктунда" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
14. 26-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган кайта чыгаруу үчүн сыйакы ушундай кайта чыгаруу үчүн пайдаланылуучу жабдууларды (аудио- жана видеомагнитофондор, башка жабдуулар) жана материалдык алып жүрүүчүлөрдү (үн- жана (же) видеопленкалар жана кассеталар, лазердик дисктер, компакт-дисктер, башка материалдык алып жүрүүчүлөр) жасап чыгаруучулар же импортчулар тарабынан төлөнүп берилет.
Жабдуулардын жана материалдык алып жүрүүчүлөрдүн тизмеси, ошондой эле тийиштүү каражаттарды чогултуунун өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Бул сыйакыны чогултуу жана бөлүштүрүү авторлордун, фонограмма чыгаруучулардын жана жамааттык негизде аткаруучулардын мүлктүк укуктарын башкаруучу уюмдардын бири тарабынан ушул уюмдардын ортосундагы макулдашууга ылайык ишке ашырылат (ушул Мыйзамдын 45-беренеси). Эгер бул макулдашуу менен башкалар каралбаса, белгиленген сыйакы төмөнкүдөй пропорцияда бөлүштүрүлөт: кырк пайыз - авторлорго, отуз пайыз - аткаруучуларга, отуз пайыз - фонограмма чыгаруучуларга.";
- 3-бөлүктөгү "пунктунун" деген сөз "бөлүгүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
15. 27-берененин 3 жана 4-бөлүгүндөгү "пунктундагы" деген сөз "бөлүгүндөгү" деген сөз менен алмаштырылсын.
16. 34-берененин 1-бөлүгүндөгү 3 жана 4-пункттарындагы "пунктунун" деген сөз "бөлүгүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
17. 36-беренеде:
- 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Эгер берилүүчү укуктардын маңызынан башкалар келип чыкпаса, укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө аткаруучу менен фонограмма чыгаруучунун келишимдерине, автордук келишим жөнүндө ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.".
18. 37-беренеде:
- 2-бөлүгүндө:
5-пункттагы "пункту" деген сөз "бөлүгү" деген сөз менен алмаштырылсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) бардык адамдар аткаруунун же оюндун жазуусуна каалагандай жерде жана учурда өзүнүн тандоосу боюнча интерактивдик режимде жете алгандай кылып аткаруунун же оюндун жазуусун жалпыга маалымдоо үчүн билдирүү (жалпыга маалымдоо укугу);";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) фонограммага жазылган аткаруунун же оюундун түпнускасын же нускаларын сатуу же менчик укугун башка жол менен берүү аркылуу жайылтуу. Эгер фонограммага жазылган аткаруунун же оюндун түпнускасы же нускалары сатуу же менчик укугун башка жол менен берүү аркылуу жарандык колдонууга укуктуу киргизилсе, аларды аткаруучунун макулдугусуз жана сый акы төлөбөй эле Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары жайылтууга жол берилет.";
- 3-бөлүктөгү "2-пунктунун 3-пунктчасында" деген сөздөр жана цифралар "2-бөлүгүнүн 3-пунктунда" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктөгү "2-пункттун 1, 2 жана 3-пунктчаларында" деген сөздөр жана цифралар "2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүктөгү "2-пунктунун 1, 2, 3 жана 4-пунктчаларында" деген сөздөр жана цифралар "2-бөлүгүнүн 1, 2, 3 жана 4-пункттарында" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 7-бөлүктөгү "пунктунда" деген сөздөр "бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. 38-беренеде:
- 2-бөлүктө:
1-пункт "фонограмманы" деген сөздөн кийин "түз же кыйыр түрдө" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) бардык адамдар фонограммага каалаган жерде жана учурда өзүнүн тандоосу боюнча интерактивдик режимде жете алгандай кылып фонограмманы жалпыга маалымдоо үчүн билдирүү (жалпыга маалымдоо укугу);";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) фонограмманы эфирде же кабель боюнча берүү."
- 4-бөлүктөгү "пункту" деген сөз "бөлүгү" деген сөз менен алмаштырылсын.
20. 39-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жалпыга маалымдалган фонограммалар коммерциялык максатта жарыялангандарга теңештирилет.";
- 2-бөлүктөгү "пунктунда" деген сөздөр "бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
21. 40-берененин 3-бөлүгүндөгү "2-пунктунун 4-пунктчасында" деген сөздөр жана цифралар "2-бөлүгүнүн 4-пунктунда" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
22. 41-берененин 3-бөлүгүндөгү "2-пунктунун 4-пунктчасында" деген сөздөр жана цифралар "2-бөлүгүнүн 4-пунктунда" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
23. 42-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "ушул пункттун" деген сөздөр "ушул бөлүктүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24. 43-берененин 5-бөлүгүндөгү "пункттарында" деген сөздөр "бөлүктөрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 45-беренеде:
- 2-бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюм чыгармаларды жана чектеш укук объекттерин пайдалануунун тиешелүү ыкмалары үчүн пайдалануучулар менен лицензиялык келишим түзөт. Мындай лицензиялык келишимдердин шарттары бир категориядагы бардык пайдалануучулар үчүн бирдей болуусу керек. Аталган уюм пайдалануучу менен лицензиялык келишим түзүүдөн жетиштүү негизи жок баш тартууга укуксуз.";
экинчи абзацтагы "пунктуна" деген сөздөр "бөлүгүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Лицензиялык келишимдерди түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 406-беренесине ылайык жүргүзүлөт.".
26. 46-беренеде:
- 1-бөлүктө:
3-пункттагы "пункттары" деген сөз "бөлүктөрү" деген сөз менен алмаштырылсын;
4-пункттагы "ушул пункттун 3-пунктчасында" деген сөздөр жана цифра "ушул бөлүктүн 3-пунктунда" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
акыркы абзацтагы "ушул пункттун 4 жана 5-кичи пункттарында" деген сөздөр жана цифралар "ушул бөлүктүн 4 жана 5-пункттарында" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын";
- 2-бөлүктө:
1-пункттагы "1-пунктунун 4-пунктчасына" деген сөздөр жана цифралар "1-бөлүгүнүн 4-пунктуна" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
2-пункттагы "ушул пункттун 1-пунктчасында" деген сөздөр жана цифра "ушул бөлүктүн 1-пунктунда" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
3-бөлүгүндөгү "1-пунктунун 4-пунктчасында" деген сөздөр жана цифралар "1-бөлүгүнүн 4-пунктунда" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
27. 48-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48-берене. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу
1. Бул Мыйзам менен каралган автордук жана чектеш укуктарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, жазык жана административдик жоопкерчиликке тартылышат.
2. Ошондой эле автордук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттарынан четтөөгө багытталган аракеттерди жүргүзүү автордук жана чектеш укуктарды бузган болуп эсептелет.
Кандай түзүлүш же анын компоненттери болбосун, аларды даярдоо, импорттоо, жайылтуу (сатуу, киреге берүү), убактылуу пайдаланууга бекер берүү, жарнама кылуу, кандай түзүлүш же анын компоненттери болбосун, аларды төмөнкүдөй коммерциялык максаттар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн ээлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти жаратат:
а) автордук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттарын четтеп өтүү максатында сатуу үчүн жарнама берилген же сунуш кылынган;
б) аларды пайдалануунун жана (же) пайдалануунун натыйжасынын негизги максаты болуп автордук жана чектеш укуктарды коргоонун кандай болбосун техникалык каражаттарын четтеп өтүү эсептелинген;
в) башталышында автордук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттарын четтеп өтүүгө мүмкүнчүлүк же жеңилдик берүү максатында арналган, ыңгайлаштырылган же аткарылган.
3. Эгерде ушундай аракеттерди кылып жаткан адам аларды кылуу автордук же чектеш укуктарды бузууга түрткү берээрин, мүмкүндүк берээрин, өбөлгө болоорун же аларды жашыраарын билсе же билүүгө тийиш болсо, төмөндө аталган иш-аракеттердин бирин кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат:
а) автордук жана чектеш укуктарды башкаруу жөнүндө маалыматты уруксатсыз алып салууда же өзгөртүүдө;
б) ушул Мыйзам менен корголуучу чыгармаларды жана башка объектилерди интерактивдүү пайдалануу үчүн жайылтууда, жайылтуу максатында импорттоодо, жалпыга билдирүүдө, жалпыга маалымдап жеткирүүдө, алардан укук ээсинин уруксатысыз автордук жана чектеш укуктарды башкаруу жөнүндө маалыматтар алып салынганда.
4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн жоболору ушул беренеде аталган аракеттерди кылуунун натыйжасында автордук же чектеш укуктар дагы кандайдыр-бир түрдө бузулгандыгына карабастан колдонулат.".
28. 49-беренеде:
- 1-бөлүктө:
4-пунктта "зыяндардын" деген сөздөн мурда "алынбай калган пайданы кошкондо," деген сөздөр менен толукталсын;
акыркы абзацтагы "ушул пункттун 4, 5, 6-пунктчаларында" деген сөздөр жана цифралар "ушул пункттун 4, 5, 6-пункттарында" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын";
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өз укуктарын коргоо үчүн өзгөчө автордук жана чектеш укуктардын ээлери, ошондой эле алардын кызыкчылыгын көргөзгөн, мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдар белгиленген тартипте сотко жана тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.";
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чыгармалардын же фонограммалардын контрафактуу нускалары соттун же судьянын жекече чечими боюнча милдеттүү түрдө конфискацияланат. Чыгармалардын же фонограммалардын конфискацияланган контрафактуу нускалары өтүнүч боюнча автордук же чектеш укуктардын ээсине берилген учурду кошпогондо, жок кылынууга тийиш. Чыгармалардын же фонограммалардын контрафактуу нускаларын даярдоо же кайра көчүрүп чыгаруу үчүн пайдаланылуучу материалдарды жана жабдууларды конфискациялоо жөнүндө чечимди сот же судья жеке өзү чыгара алат.
Чыгармаларга же чектеш укуктар объектисине карата 48-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн аракеттер жасалган ар кандай нускалар да контрафактуу болуп эсептелет.";
- 4-бөлүктөгү "пунктунун" деген сөз "бөлүгүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
29. 50-берененин 1-бөлүгүндөгү жана 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы ", ошондой эле арбитраждык сот" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|