Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 661
"Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Ушул Мыйзам адвокатуранын, адвокаттык иштин укуктук негиздерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт.
1-берене. Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасында адвокаттык ишти (мындан ары - адвокатура) жөнгө салуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана нормалары саналат.
2-берене. Адвокатура
Адвокатура - бул өзүн-өзү башкаруучу, анда Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик таламдарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын таламдарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга шарт түзүүгө чакырылган адвокаттардын кесипчилик коомдоштугу.
Адвокатура жарандык коомчулуктун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт.
Адвокатура өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүргүзгөн жана киреше алуу максатын көздөбөгөн, өз алдынча уюштуруучулук-укуктук формага - адвокатурага ээ коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат.
Адвокатура коммерциялык уюмдарды түзүүгө жана алардын катышуучусу болууга укуксуз.
Облустун, республикалык маанидеги шаардын, борбордун аймагында уюштуруучулук-укуктук формада бир адвокатура - филиалы (мындан ары аймактык адвокатура) түзүлүшү жана иштеши мүмкүн.
Адвокатуранын мүчөсү Адвокатуранын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми Адвокатура мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
3-берене. Адвокатуранын Уставы
Адвокатуранын уставы төмөнкүлөрдү камтышы абзел:
а) Адвокатуранын максаттары, милдеттери жана функциялары;
б) Адвокатуранын башкаруу органдарын түзүү тартиби;
в) Адвокатуранын башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары;
г) Адвокатурага мүчөлүктүн шарттары жана тартиби;
д) Адвокатуранын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
е) Адвокатуранын мүлкүн түзүү жана аны пайдалануу тартиби;
ж) Адвокатуранын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;
з) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмү жана төлөө тартиби, бюджет боюнча отчеттуулуктун жана аны жарыялоо;
и) аймактык Адвокатураны жоюуда анын мүлкүнүн тагдыры;
к) аймактык Адвокатураны түзүү, аракеттүүлүк тартиби, анын башкаруу органдары ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;
л) адвокаттарды аймакты Адвокатурага киргизүү (бекитүү) тартиби;
м) ушул Мыйзамда каралган башка маселелер.
Уставда Адвокатуранын ишине тиешелүү жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын баша мыйзам актыларына каршы келбеген башка жоболор да каралышы мүмкүн.
4-берене. Адвокатуранын башкаруу органдары
Адвокатуранын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Адвокаттардын чогулушу;
2) Адвокаттардын кеңеши;
3) Адвокатуранын Квалификациялык комиссиясы;
4) Текшерүү комиссиясы
Квалификациялык жана текшерүү комиссияларынын мүчөлөрү бир эле мезгилде адвокаттардын Кеңешинин мүчөлөрү боло алышпайт.
5-берене. Адвокаттардын съезди
1. Адвокаттардын съезди Адвокатуранын эң жогорку башкаруу органы болуп эсептелет.
Адвокаттардын съездинде адвокаттар Кеңешинин Төрагасы төрагалык кылат, ал жок болуп калган учурларда анын-орун басары төрагалык кылат.
2. Адвокаттардын Кеңешинин чечими менен адвокаттардын съезди үч жылда бир жолу чакырылат, датасы, убактысы жана съездин өткөрүлө турган орду аныкталат. Адвокаттардын кезексиз съезди Кеңештин чечими (өзүнүн демилгеси боюнча) менен же болбосо Кыргыз Республикасынын бардык адвокаттарынын үчтөн биринен кем эмес бөлүгүнүн демилгеси боюнча чакырылат.
Адвокаттардын съездинин жумушунда Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмес же болбосо шайланган делегаттардын курамына ылайык катышуу болсо адвокаттардын съезди укуктуу болуп эсептелинет.
3. Съездин ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет:
1) Адвокатуранын ишмердүүлүгүнүн негизги багытын аныктоо;
2) Адвокатуранын уставын бекитүү, ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор боюнча чечим кабыл алуу, же болбосо уставды жаңы редакцияда кабыл алуу;
3) Адвокаттардын Кеңешин түзүү жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу боюнча чечим кабыл алуу;
4) адвокаттардын профессионалдык этикасынын эрежелерин кабыл алат;
5) адвокаттардын съездине өкүлчүлүктөрдүн нормаларын жана делегаттардын шайлоо тартибин аныктайт;
6) адвокаттардын арасынан квалификациялык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо;
7) текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо, финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча отчетун бекитүү;
8) мүчөлүк төгүмдөрүдү төлөөдөн келип түшкөн каражаттардын ичинен Адвокатуранын жалпы керектөөсүнө карата аймактык адвокатуралардын төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо;
9) Уставка ылайык башка ыйгарым укуктарга ээ.
6-берене. Адвокаттар кеңеши
1. Адвокаттар кеңеши адвокатуранын коллегиалдуу аткаруучу органы болуп эсептелет жана адвокаттардын чогулушунда жашыруун добуш менен адвокаттардын ичинен 9 адамдан ашпаган санда түзүлөт.
Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен Кеңештин төрагасы, анын сунушу боюнча орун басары шайланат.
2. Адвокаттардын чогулушу үч жылда бир жолу Кеңештин үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес курамын жаңылайт. Адвокаттар Кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кезектеги съезди өткөргөнгө чейин сакталат.
3. Адвокаттар кеңешинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) Адвокатураны мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде жана башка уюмдарда көрсөтүү;
2) Адвокатуранын квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү;
3) аймактык адвокатураларды түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Адвокаттардын мүчөлүк төгүмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо жана мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартибин бекитүү;
5) Адвокатуранын квалификациялык комиссиясынын корутундусун эске алуу менен адвокаттардын аракетине (аракетсиздигине) карата даттанууларды кароо;
6) Адвокаттардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде, адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу жана адвокат стажерлорду окутуу программаларын бекитүү, аталган программалар боюнча кесиптик окууларды уюштуруу;
7) Адвокаттар Кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн сыйлоолордун өлчөмдөрүн аныктоо;
8) адвокаттардын социалдык жана кесиптик укуктарын коргоо;
9) Ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жөнүндө сунуш келтирүү;
10) Адвокатуранын Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарга ээ.
7-берене. Адвокатуранын Квалификациялык комиссиясы
1. Квалификациялык комиссия үч жылдык мөөнөткө 7 адамдан турган санда түзүлөт. Мында комиссиянын мүчөсү болгон адвокаттын адвокаттык иш тажрыйбасы беш жылдан кем эмес болушу керек.
Квалификациялык комиссиянын төрагасы анын мүчөлөрүнүн арасынан бир жылдык мөөнөткө шайланат.
Эгерде квалификациялык комиссиянын курамында ушул пунктта көрсөтүлгөн квалификациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси бар болсо, ал түзүлгөн жана чечимдерди кабыл алууга укуктуу болуп эсептелет.
2. Квалификациялык комиссиясынын мүчөлөрү болгон адвокаттар квалификациялык комиссиядагы ишин адвокаттык иш менен айкалыштыра алат.
3. Квалификациялык комиссиянын отуруму квалификациялык комиссиянын төрагасы тарабынан зарылдыкка жараша, бирок бир жылда төрт жолудан кем эмес чакырылат.
4. Квалификациялык комиссия арызды, даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча адвокаттын аракеттеринде (аракетсиздигинде) адвокаттын кесиптик этикасынын нормаларын бузуулардын бардыгы же жоктугу жөнүндө, ал тарабынан өз милдеттеринин аткарылбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткарылгандыгы жөнүндө корутунду берет, ошондой эле адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана андан ажыратуу тууралуу адвокаттар Кеңешине сунуш менен кайрыла алат.
5. Адвокаттардын квалификациялык комиссиясынын корутундусу анын отурумуна катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу аркылуу кабыл алынат. Квалификациялык комиссиянын отурумунун протоколуна квалификациялык комиссиянын төрагасы жана анын катчысы кол коет.
6. Адвокат жана адвокаттын аракетине (аракетсиздигине) даттануу берген адам даттануунун калыс жана адилет каралышына укуктуу. Көрсөтүлгөн адамдар даттанууну кароого өздөрү тандаган адвокатты тартууга укуктуу.
7. Адвокатуранын квалификациялык комиссиясынын жобосу адвокаттар Кеңеши тарабынан бекитилет.
8-берене. Текшерүү комиссиясы
1. Текшерүү комиссиясы Адвокатуранын каржылык-чарбалык ишин көзөмөлдөйт жана адвокаттардын Съездине отчет берет.
2. Текшерүү комиссиясын түзүү жана иштөө тартибин Адвокатуранын Уставы аркылуу аныкталат.
9-берене. Адвокатуранын мүлкү
1. Адвокатура өзүнө жеке менчик укугунда таандык болгон обочолонгон мүлккө ээ, ага уставдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл негизги жана жүгүртмө каражаттар, имараттар, курулуштар, жабдуулар, баалуу кагаздар жана башка мүлк кирет.
2. Адвокатуранын мүлк булагы болуп мүчөлүк төгүмдөр, өз ишинен түшкөн кирешелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшкөн каражаттар кирет.
10-берене. Аймактык адвокатура
1. Аймактык адвокатура Адвокатуранын уставында аныкталган тартипте түзүлөт.
2. Аймактык адвокатура өзүнүн ишмердүүлүгүндө Адвокатуранын уставын жетекчиликке алат.
11-берене. Аймактык адвокатуранын башкаруу органдары
Аймактык адвокатуранын башкаруу органдары төмөнкүлөр:
- тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу;
- башкармалыгы.
12-берене. Аймактык адвокаттардын жалпы чогулушу
1. Аймактык адвокатураны башкаруунун жогорку органы болуп тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу эсептелет.
2. Аймактык адвокаттардын жалпы чогулушунун ыйгарым укуктарына төмөнкү маселелер тиешелүү:
1) башкармалыктын төрагасын анын орун басарын жана мүчөлөрүн шайлоо;
2) аймактык адвокатуранын Уставы аркылуу жалпы чогулуштун ыйгарым укуктарына таандык кылынган башка маселелерди чечүү.
3. Эгерде жалпы чогулушка катышуу үчүн каттоо аяктаган учурда аймактык адвокатуранын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен көбү катталса, адвокаттардын жалпы чогулушу мыйзамдуу деп саналат.
4. Адвокаттардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби адвокатуранын Уставы тарабынан аныкталат.
13-берене. Аймактык адвокатуранын Башкармалыгы
1. Аймактык адвокатуранын башкармалыгы аймактык адвокатуранын коллегиалдуу аткаруучу органы болуп эсептелет жана аймактык адвокаттардын жалпы чогулушунда адвокаттардын ичинен 5 адамдан ашпаган санда жашыруун добуш менен үч жылга түзүлөт.
2. Аймактык адвокатуранын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн ичинен төрага жана анын орун басары шайланат.
Башкармалыктын төрагасы аймактык адвокатураны учурда жетектейт жана аймактык адвокатуранын жалпы чогулушуна отчет берет.
3. Аймактык адвокатуранын Башкармалыгынын ыйгарым укуктарына адвокатуранын башка башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кирбеген жана аймактык адвокатуранын уставында аныкталган бардык маселелерди чечүү кирет.
14-берене. Адвокат
Ушул мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны алган Кыргыз Республикасынын жараны адвокат боло алат.
15-берене. Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш
1. Кыргыз Республикасында адвокаттык иш болуп адамдарга жана юридикалык жактарга (мындан ары - ишеним артуучулар) алардын укуктарын, эркиндиктерин жана таламдарын коргоо, ошондой эле сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу максатында ушул мыйзамда аныкталган тартипте адвокаттык иш менен алектенүүгө укук берген лицензия алган адамдар тарабынан кесиптик негизде көрсөтүлө турган квалификациялуу юридикалык жардам саналат.
2. Адвокат адвокаттык ишти өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн уюштуруучулук-укуктук формаларда адвокаттык уюмдар аркылуу жүргүзө алат.
3. Адвокаттар тарабынан адвокаттык иштин алкагында көрсөтүлө турган юридикалык жардам ишкердик (коммерциялык) болуп саналбайт.
16-берене. Адвокаттык иштин принциптери
Адвокаттык иштин принциптери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) адвокаттык ишти жүргүзүүдө адвокаттын көз каранды эместиги;
2) адвокаттык иштин өз алдынчалыгы;
3) адвокаттык ишти мыйзамдарда тыюу салынбаган ыкмалар жана каражаттар аркылуу жүргүзүү;
4) адвокаттардын жүрүм-турумунун кесиптик этикасынын эрежелерин сактоо;
5) адвокаттык жашырын сырды сактоо.
2. Адвокаттык ишти аткарууда адвокатты кардары жана анын таламдары катары кароого болбойт.
3. Адвокат мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун жана гумандуулуктун принциптерине кызмат көрсөтөт.
17-берене. Юридикалык жардам берүүнүн кепилдиги
1. Мамлекет Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына юридикалык жардам, анын мүнөзү жана алуунун тартиби жөнүндө маалымат алуунун бирдей жеткиликтүү болушуна кепилдик берет.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурларда мамлекет тарабынан кепилдикке алынган юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттарга акы төлөө мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурларды албаганда юридикалык жардам алууга кайрылган адамдын адвокатты тандоо эркиндиги бар.
18-берене. Адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны алуу
1. Адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны (мындан ары лицензия) алууга жогорку юридикалык билими бар жана юридикалык кесип боюнча кеминде эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, квалификациялык сынактан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны акылуу.
2. Лицензия төмөнкү жарандарга берилбейт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке жарамсыз же ишке жарамдуулугу чектелген деп табылган;
2) соттолгондугу өчүрүлбөгөн же алынбаган;
3) тартип бузгандыгы үчүн укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган адамдар - бошотулгандан тарта бир жылдын ичинде;
4) мурда адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясынан ажыраган.
3. Юридикалык адистик боюнча лицензияны алуу үчүн зарыл болгон иш тажрыйбага төмөндөгү иштер кирет:
1) сот катарында;
2) мамлекеттик, анын ичинде, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганга чейинки органдарда юридикалык жогорку билимди талап кылган кызматтар;
3) жогорку юридикалык билимди талап кылган муниципалдык кызматтар;
4) уюмдардын юридикалык кызматтарында жогорку юридикалык билимди талап кылган кызматтар;
5) илимий-изилдөө мекемелериндеги жогорку юридикалык билимди талап кылган кызматтар;
6) орто кесиптик, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайлардан кийинки кесиптик билим берүү мекемелеринде юридикалык сабактардын окутуучусу катарында;
7) адвокат катарында;
8) адвокаттын жардамчысы катарында;
9) нотариус катарында.
19-берене. Квалификациялык экзаменди тапшырууга укук
1. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген адам Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине квалификациялык сынак тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арыз жазууга укуктуу.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
2) талапкердин өздүгүн жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн аныктаган документтер;
3) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жогорку юридикалык билим тууралу дипломдун көчүрмөсү;
4) нотариалдык жактан же кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн юридикалык кесип боюнча иш тажрыйбасын ырастаган документтин көчүрмөсү;
5) Акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө (экиден кем эмес адвокаттын сунуштамалары);
6) фотосүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги зарыл учурларда талапкер тарабынан тапшырылган документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга сунушталган документтердин жана маалыматтардын ырастыгын текшерүү же ырастоо үчүн суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
3. Документтер текшерилгенден кийин Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлиги квалификациялык сынакка киргизүү жөнүндө буйрук чыгарат.
4. Квалификациялык сынакты тапшырууга киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ушул мыйзамдын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган, ошондой эле тапшырылган документтердеги маалымат ырасталбаган учурларда кабыл алынат. Квалификациялык сынакты тапшырууга уруксат бербеген чечим боюнча сотко даттанууга болот.
20-берене. Квалификациялык сынак
1. Квалификациялык сынак Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык комиссия (мындан ары - Квалификациялык комиссия) тарабынан кабыл алынат, ал жети адамдан турат.
2. Квалификациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилет:
- адвокаттар Кеңеши тарабынан сунушталган адвокаттардын ичинен 5 жылдан кем эмес адвокаттык иш тажрыйбасы бар Адвокатурадан төрт өкүл;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен үч өкүл.
3. Квалификациялык сынак тестирлөөдөн турат (жазуу жүзүндө жана компьютердик).
4. Тесттин жалпы суроолорунун 70 пайызына туура жооп берген адам квалификациялык сынактан өттү деп эсептелет.
Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамдар экинчи жолку сынакка бир жыл өткөндөн кийин гана киргизилиши мүмкүн. Квалификациялык комиссиянын чечими боюнча бир ай ичинде сотко даттанууга болот.
5. Экзамендин жыйынтыгы боюнча Квалификациялык комиссия тарабынан протокол формасында түзүлгөн чечим кабыл алынат.
Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан экзамендин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат, чечим бир айлык мөөнөт ичинде сот органдарына даттанылышы мүмкүн.
6. Лицензия Квалификациялык комиссиянын чечими кабыл алынгандан кийин бир ай ичинде берилет.
21-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана жокко чыгаруу
1. Адвокаттык иш менен алектенүүгө укук берген лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин чечими менен жүргүзүлөт.
2. Лицензиянын колдонулушу төмөнкү учурларда токтото турулат:
1) адвокат мамлекеттик же муниципалдык кызматка өткөндө (жергиликтүү кеңештердин депутатынан тышкары);
2) мөөнөттүү чыныгы аскер кызматында болсо;
3) адвокаттын арызы боюнча;
4) кесиптик этиканын нормалары бузулган болсо;
5) мүчөлүк төгүмдү Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө төлөбөсө.
3. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда адвокаттар Кеңешинин сунушу боюнча ушул берененин 2-бөлүмүндө каралган учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Лицензиянын колдонулушун токтото туруу ушул берененин 2-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн негиздер боюнча үч жылга чейин жүргүзүлөт.
Токтото турулган лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин чечими аркылуу калыбына келтирилет.
4. Лицензиядан ажыратуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) адвокатка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
2) кесиптик этиканын нормалары кайталанып бузулган болсо;
3) ушул Мыйзамдын нормаларына ылайык квалификациясын жогорулатпаган болсо;
4) адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын нормалары бузулса.
5. Лицензиядан ажыратуу ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда адвокаттар Кеңешинин сунушу боюнча ушул берененин 4-бөлүмүндө каралган учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Лицензиясын колдонушун токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) адвокат Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда;
2) адвокат өлгөндө же сот тарабынан аны өлдү деп жарыялоо жөнүндө чечим күчүнө киргенде;
3) белгиленген тартипте ишке жарамсыз жеё ишке жарамдуулугу чектелген деп табылган учурда;
4) адвокаттын кат жүзүндөгү жеке арызы боюнча.
5. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин чечими боюнча ал алынган күндөн тарта бир айлык мөөнөттө сотко даттанууга болот.
22-берене. Адвокаттардын Мамлекеттик реестри
1. Адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясын алган жарандар боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын Мамлекеттик реестрине киргизилет.
2. Адвокаттардын Мамлекеттик реестрин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын Мамлекеттик реестринин формасы жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
23-берене. Адвокат тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдардын түрлөрү
1. Адвокат адвокаттык ишти жүргүзүүдө:
1) укук маселелери боюнча оозеки же кат жүзүндө кеңеш берет;
2) арыздарды, даттанууларды, расмий өтүнүчтөрдү жана башка укуктук мүнөздөгү документтерди түзөт;
3) конституциялык, жарандык жана администрациялык сот иштеринде өкүл катары катышат;
4) кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүндө жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерге өкүл же коргоочу катары катышат;
5) бейтарап сотто, эл аралык коммерциялык сотто жана чыр-чатактарды чечүүчү башка органдарда иштерди териштирүүгө өкүл катары катышууга;
6) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюмдарда ишеним артуучунун таламдарынан чыгууга;
7) чет мамлекеттердин мамлекеттик жана башка органдарында, эл аралык сот органдарында ишеним артуучунун таламдарынан чыгууга, эгерде чет мамлекеттердин мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерде башкача көрсөтүлбөсө;
8) аткаруу ишине, ошондой эле кылмыш жазасын аткарууга ишеним артуучунун өкүлү катары катышууга.
2. Адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка юридикалык жардамды көрсөтүүгө укуктуу.
24-берене. Адвокаттын укуктары
1. Адвокат өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарандардын жана уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын тапшыруусу боюнча тийиштүү маселелерди чечүү ыйгарым укугуна кирген бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алардын өкүлдөрү катары чыгууга жана алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоого;
2) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле башка уюмдардан маалымат топтоого, анын ичинде, маалыматты жана башка документтерди суроого; Көрсөтүлгөн органдар жана уюмдар мыйзамда аныкталган тартипте адвокатка ал сураган документтерди берүүгө милдеттүү.
3) жарандык, администрациялык, кылмыш иштеринде жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерде далил катары пайдаланылышы мүмкүн болгон фактылар жөнүндө маалымат топтоого;
4) күбөлөрдөн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү алууга, жеринде карап чыгуунун жеке протоколдорун түзүүгө;
5) юридикалык жактардан, жарандардан болсо алардын макулдугу боюнча документтерди же алардын көчүрмөлөрүн суроого жана алууга;
6) уюмдарда тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон документтер жана материалдар менен таанышууга;
7) атайын билимди талап кылган маселелер боюнча адистердин кат жүзүндө корутундусун алууга;
8) кызмат адамдарынын кабылдоосунда расмий өтүнүчтөрдү жана даттанууларды берүүгө жана мыйзамга ылайык алардан ошол расмий өтүнүчтөр жана даттануулар боюнча кат жүзүндө жооп алууга;
9) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отурумдарында жана уюмдарда өздөрүнүн расмий өтүнүчтөрүн кароодо катышууга жана алардын маани-мазмуну боюнча түшүнүк берүүгө;
10) иштин материалдарынан зарыл маалыматтарды жазып алууга же алардын көчүрмөлөрүн алууга;
11) айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө тергөөчүнүн расмий өтүнүчүн (токтомун) мыйзам аркылуу ыйгарым укук берилген адам тарабынан кароодо милдеттүү түрдө катышууга, ошондой эле жазуу же оозеки түрдө расмий өтүнүчүн билдирүүгө; Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн жүйөлүү себептерди албаганда, айыпталуучуну камакта кармоонун мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маселени кароодо да адвокаттын катышуусу милдеттүү.
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-аракеттерди жасоого.
2. Адвокат төмөнкүлөргө укуксуз:
1) өзүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн кайрылган адамдан тапшырма алууга, эгерде анын мыйзамсыз мүнөзгө ээ экенин мурдатан билген болсо;
2) өзүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн кайрылган адамдан тапшырма алууга, эгерде ал:
- ишеним артуучуга ушул иш боюнча юридикалык жардам көрсөтүп жаткан же мурда көрсөткөн болсо жана анын таламдары жардам сурап кайрылган адамдын таламдарына карама-каршы келсе (тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ортомчу катары чыккан учурларды албаганда);
- ишеним артуучу менен макулдашуунун предмети боюнча ушул адамдын таламынан айырмаланган өз алдынча таламга ээ болсо;
- ишке судья, прокурор, оболку иликтөө жүргүзгөн адам, тергөөчү, эксперт, адис, котормочу, жабыр тартуучу же күбөкөр, граждандык доогер же граждандык жоопкер катары катышса;
- ушул адамдын ишин териштирүүгө же кароого катышкан же катыша турган кызмат адамы менен туугандык жана үй-бүлөлүк мамиледе болсо;
3) иш боюнча ишеним артуучунун эркине каршы көз карашты ээлөөгө, адвокат ишеним артуучу өзү мурдатан билерине ынанган учурларды албаганда;
4) ишеним артуучунун күнөөсү далилденгени жөнүндө элге жарыя кылууга, эгерде ал аны танса;
5) ишеним артуучунун макулдугусуз ага өзү тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык жардамга байланыштуу ишеним артуучу тарабынан ага билдирилген маалыматтарды жаюуга;
6) өзүнө алган коргоп берүү кызматынан баш тартууга.
25-берене. Адвокаттын милдеттери
1. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын эрежелерин жана адвокаттык сырды сактоого;
2) өзүнө юридикалык жардам сурап кайрылган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоонун мыйзамда каралган бардык каражатын жана ыкмаларын колдонууга;
3) эгерде коргоо алдында турган адамды жана ишеним артуучуну коргоону жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган жагдайлар болбосо, анда коргоо алдында турган адамдын жана ишеним артуучунун укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамда көрсөтүлгөн бардык мүмкүнчүлүктөр жана каражаттар аркылуу коргоого;
4) юридикалык жардам көрсөткөндүгүнөн улам өзүнө маалым болгон маалыматтарды купуя сактоого, аны жардам алууга кайрылган адамдын макулдугусуз жарыялоого;
5) ар бир үч жылда өзүнүн билимин өркүндөтүүгө жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;
6) адвокатура тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү төгүүгө.
2. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана адвокатуранын Уставында каралган жоопкерчиликке тартылат.
26-берене. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу
1. Адвокаттык иш адвокат менен ага ишеним артуучунун ортосундагы макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
2. Макулдашуу ишеним артуучу менен адвокаттын ортосунда жөнөкөй кагаз жүзүндө жана көпчүлүккө жарыялоо менен ишеним артуучуга же ал дайындаган адамга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн жарандык-укуктук келишимди билдирет.
Адвокат ишеним артуучунун өкүлү катары конституциялык, граждандык, администрациялык сот ишинде, ишеним артуучунун өкүлү же коргоочусу катары кылмыштык сот ишинде жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот ишинде катышат, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, жеке адамдар менен болгон мамилелерде тапшырма келишиминин негизинде ишеним артуучунун таламдарынан чыгат.
3. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары болуп булар саналат:
1) тапшырманын аткарылышын кабыл алган (алышкан) адвокатты (адвокаттарды), ошондой эле анын адвокаттык билимге жана адвокаттык уюмга таандыктыгын көрсөтүү;
2) тапшырманын предмети;
3) көрсөтүлгөн юридикалык жардам үчүн сый акынын ишеним артуучу тарабынан төлөнүп берүү шарттары;
4) тапшырманын аткарылышы менен байланышкан адвокаттын (адвокаттардын) чыгымдарын ордуна коюунун тартиби жана өлчөмү;
5) тапшырманын аткарылышын кабыл алган (кабыл алышкан) адвокаттын (адвокаттардын) жоопкерчилигинин өлчөмү жана мүнөзү.
4. Адвокаттын сый акыга жана анын тапшырманы аткаруу менен байланышкан чыгымдарын ордуна койдуруу укугу ишеним артуучунун атайын макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүлүп бериши мүмкүн эмес.
5. Адвокаттын кызмат көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктары адвокат менен кардардын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ордер аркылуу ырасталат. Ордердин формасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет. Башка учурларда адвокат ишеним каттын негизинде ишеним артуучунун атынан чыгат. Эч ким адвокаттан жана ага ишеним артуучудан адвокаттын ишке кириши үчүн юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну көрсөтүүсүн талап кылууга укуксуз.
Ордердин болушу адвокатты ишеним артуучунун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында, ишканаларда жана жарандардын алдында ыйгарым укуктуу жак катары көрсөтүү үчүн таанууга негиз болуп саналат.
27-берене. Адвокаттын жардамчысы
Юридикалык жардам көрсөтүү учурунда көмөкчү иштерди аткаруу үчүн адвокат жогорку юридикалык билимдүү адамдардан жардамчыларды алышы мүмкүн. Адвокаттын жардамчысы адвокаттардын укугуна ээ болушпайт жана тергөөдө, сотто, арбитраждык сотто жана башка мамлекеттик органдарда иш жүргүзүшүнө жол берилбейт.
Адвокаттын катышуусунда же анын колу коюлуп, мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн кат жүзүндөгү тапшырмасы боюнча адвокаттын жардамчысы тергөө органдарында, сотто жана башка мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштин материалдары менен таанышып чыгууга, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн чыгартып алууга, көчүрүп алууга жана адвокаттын процесстик ыйгарым укуктарына таандык болгондорун албаганда анын кароосундагы иштер боюнча башка тапшырмаларды аткарууга укуктуу.
Адвокат менен анын жардамчысынын өз ара мамилеси, адвокаттын жардамчысы аткара турган иштин көлөмү, эмгегине акы төлөө жана анын ишине тиешелүү башка маселелер адвокат же адвокаттык мекеме менен адвокаттын жардамчысынын ортосунда түзүлө турган келишим аркылуу аныкталат.
Адвокаттын жардамчыларына юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын маалыматтарынын купуялыгын сактоо милдети жайылтылат.
28-берене. Адвокаттык иштин көз карандысыздыгынын кепилдиги жана кол тийбестиги
1. Мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн адвокаттык ишке ар кандай формада кийлигишүүгө же бул ишке кандайдыр бир жол менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
Адвокат адвокаттык ишти аткарууда, юридикалык жардам сурап кайрылган адамдардын укуктарын жана таламдарын коргоо каражаттарын жана ыкмасын тандоодо өз алдынчалыкка ээ жана башка жактардын пикирлери менен байланышпайт.
2. Адвокаттардын ишине мыйзамсыз кийлигишкен же бул ишти жүргүзүшүнө тоскоолдук кылышкан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
3. Адвокат адвокаттык ишти жүргүзүүдө өзү айткан пикири үчүн кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
Адвокаттын кесиптик ишине байланыштуу ага карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басарлары тарабынан гана козголушу мүмкүн.
4. Адвокаттын турак-жайына же жумуш бөлмөсүнө, пайдаланган транспортуна кирүү, аларды аңтаруу, тинтүү, алып коюу, адвокатты аңтаруу же тинтүү, анын мүлкүн камак салуу жана почта-телеграф корреспонденцияларын карап чыгуу жана алып коюу, анын телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, адвокатты мажбурлап алып келүү, кармоо жана камакка алуу прокурордун токтому же соттун аныктамасы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда адвокаттын өзү тинтүүгө же аңтарууга кириптер болбошу керек.
5. Юридикалык жардамга байланыштуу маалыматтарды талап кылууга, алып коюуга, карап чыгууга, текшерүүгө, көчүрмөсүн алууга, маалыматты топтоого жана пайдаланууга адвокат айыпталуучу катары тартылган учурларда гана жол берилет, ал эми башка учурларда, кылмыш, жарандык, тартиптик иштерди же администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо кардардын макулдугу менен гана жол берилет.
6. Адвокат өзүнө юридикалык жардам сурап кайрылууга же анын көрсөтүлүшүнө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө күбө катары чакырылбайт жана суракка алынбайт.
Адвокат ушул жагдайлар жөнүндө түшүнүк же көрсөтүүлөр берүүгө, ошондой эле оперативдүү-издөө иштеринде, сот ишинин жүрүшүндө, мамлекеттик органдарда пайдалануу үчүн алар жөнүндө кандайдыр-бир материалдарды берүүгө укуксуз.
7. Адвокатка карата кылмыш ишин козгоо, аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө, ошондой эле аны кармоо же камакка алуу тууралу маалымат Адвокатурага жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине токтоосуз билдирилет.
Ушул берене аркылуу аныкталган кепилдиктер ушул мыйзамга ылайык адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар адамдарга гана жайылтылат.
29-берене. Адвокаттык сыр
1. Өзүнө ишеним арткан адамга юридикалык жардам көрсөтүү менен байланышкан кайсы маалымат болбосун адвокаттык жашыруун сыр болуп саналат.
2. Адвокат адвокаттык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды өзүнүн кызыкчылыгына же башка үчүнчү тараптардын кызыкчылыктарына пайдаланууга укуксуз.
30-берене. Адвокатураны түзүүгө байланышкан маселелер
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта алты ай ичинде Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын биринчи съездин уюштуруу жана өткөрүү боюнча чара көрсүн.
Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын биринчи съездинде Адвокатуранын уставы бекитилет, адвокатуранын башкаруу органдары түзүлөт, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелер чечилет.
2. Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын биринчи съездин ачуу катышкан адвокаттардын жаш курагы боюнча эң улуусуна тапшырылат. Отурумду алып баруу үчүн президиум шайланат.
Адвокаттардын биринчи съездинин чечимдери чогулушка катышкан адвокаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын башкаруу органын жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай табуу маселесин карасын.
31-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта төмөнкү мыйзамдар күчүн жоготту деп табылсын:
- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 2000-жыл, № 2, 105-бет);
- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 2000-жыл, № 2, 106-бет);
- "Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси жана "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2004-жылдын 1-апрели, № 26).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|