Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2009-жылдын 28-августу № 547
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун жүрүшү жана Токтогул суу сактагычындагы суунун зарыл көлөмүнүн топтолушу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик жергиликтүү администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, отун-энергетикалык комплекстин ишканалары 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-майындагы № 279 токтому менен бекитилген милдетке ылайык 2009-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында кеминде 11,0 млрд. куб.м өлчөмдөгү суу топтоону камсыз кылуу зарыл. 2009-жылдын 12-августуна карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11828 млн. куб.м өлчөмдү түздү, бул 2008-жылдагыга караганда 2482 млн. куб. метрге көп. Бирок 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине тиешелүү түрдө даярдык көрүү жана ушул мезгилди өтүү үчүн зарыл болгон каражаттардын тартыштыгы байкалып, анын өлчөмү 1483 млн. сомду түздү.
Ошону менен бирге эле отунду жеткирүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендерлерди өткөрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, бюджеттик уюмдар тарабынан сакталбай жатат. 2009-жылдын 10-августуна карата бюджеттик уюмдар катуу отунду сатып алуу үчүн келишимдерди тариздөөдө пландын 54 процентин гана аткарышкан. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары калкты катуу отун менен камсыз кылууда пландын 27 процентин гана аткарышкан.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары энергияны үнөмдөө саясатын тийиштүү деңгээлде жүргүзбөй жатышат.
Түзүлгөн кырдаалды эске алып, 2010-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында суунун пландалган деңгээлин сактоо жана 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде республиканын отун-энергетика комплексинин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин отчету маалымат катары эске алынсын.
2. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине калкты катуу отун менен камсыз кылуу боюнча иши жетишсиз деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги пайда болгон тартыштыкты тындыруу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан 1483 млн. (бир миллиард төрт жүз сексен үч миллион) сом өлчөмүндөгү мамлекеттик максаттуу субсидияны энергетикалык компанияларга бөлүп берсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, "Көмүр" жана "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканалары, "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасы, "Электрдик станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз" жана "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдору:
- бюджеттик уюмдар үчүн отунду жеткирүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендерлерди өткөрүүнү 2009-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте аякташсын;
- ата мекендик энергия үнөмдөөчү продукцияны киргизүүнү эске алып, энергия үнөмдөө боюнча региондук жана ведомстволук программаларды иштеп чыгышсын жана комплектүү электрдик люминесценттик лампаларга өтүү жөнүндө буйруктарды чыгарышсын;
- суунун аз болуп жаткан шарттарында алдыда боло турган жылытуу мезгилине отунду өз убагында даярдоонун зарылдыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен жүргүзүүнү камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик республиканын ички рыногундагы ата мекендик өндүрүштөгү жана импорттолгон көмүрдүн чекене бааларына жылытуу мезгилинин сезондуулугун эске алып туруктуу мониторинг жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги:
- жаратылыш газын жоготууну нормативдик деңгээлге чейин кыскартуу боюнча белгиленген милдетти 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кыргызгаз" ачык акционердик коому менен бирдикте кыйшаюусуз аткарууну камсыз кылсын;
- "Электрдик станциялар" ачык акционердик коомун Токтогул ГЭСиндеги ТЦ 400000/500 № 1 станционардык трансформаторун 2009-жылдын 22-ноябрына чейинки мөөнөттө калыбына келтирип оңдоону милдеттендирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |