Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы №119 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография боюнча департамент жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Департаменттин милдеттери жана функциялары
III. Департаментти башкаруу
IV. Департаменттин мүлкү
V. Департаменттин укуктары
VI. Департаментти жоюу жана кайра уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография боюнча департамент (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ведомстволук подразделениеси болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казначылык системада алыш-бериш жана башка эсептери, өзүнүн аталышы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган гербдүү мөөрү, штампы, бланктары болот.
4. Департаменттин расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография боюнча департамент;
- орус тилинде: Департамент по кинематографии при Министерстве культуры и информации Кыргызской Республики.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 13.
6. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- улуттук кинематографиянын башкаруу системасын өркүндөтүү;
- улуттук кинематографиянын өнүгүшү үчүн шарттарды камсыздоо;
- кыргыз элинин рухий каада-салттарынын кайра жаралуусунда киноискусствонун ролун жогорулатуу;
- Кыргызстан элинин маданий дөөлөтү катары мамлекеттик улуттук фильм фондун кийинки муундар үчүн сактоо;
- кыргыз жана дүйнөлүк киноискусство чыгармаларына калктын жетиши үчүн шарттарды түзүү.
7. Департамент негизги милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
- улуттук киноискусствону сактоо жана өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгат;
- мамлекеттик киноматографиянын чыгармачыл-өндүрүштүк жана материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү, калктын калың катмарына киноискусствонун чыгармаларын жеткирүү боюнча милдеттерди ишке ашырууда маселелерди кино чыгаруучулардын, кино прокатчылардын иштерин координациялайт;
- мамлекеттик киностудиянын тематикалык, өндүрүштүк программаларынын түзүүгө, мамлекеттик каражаттарынын эсебинен фильмдерди чыгарууга смета жана чыгымдарды түзүүнүн тууралыгына контролдоо жүргүзөт;
- мамлекеттик каражаттардын эсебинен тартылган, өндүрүшү аяктаган фильмдерди кабыл алууну жүргүзөт;
- калкты киновидео жактан тейлөөнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- мамлекеттик кинотеатрлардын репертуардык саясатын жүзөгө ашырат;
- киновидео жабдууларын техникалык пайдалануу эрежелеринин сакталышын камсыз кылат;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында кино видео фильмдерди эл алдына көрсөтүүнү ишке ашыруучу кинопроекциялык, видеопроекциялык, видеотелевизиондук түйүндөрдү каттоону жүргүзөт;
- кино чыгаруу жана кино прокат чөйрөсүндө ата-мекендик жана чет өлкөлүк кино фирмалар жана компаниялар менен кызматташууларды ишке ашырат;
- кинематография жаатында кадрларды даярдоо, алардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүргүзөт;
- маданий программаларды, кинофестивалдарды, киножумалыктарды, фильмдердин бет ачаарларын жана башкаларды уюштурат;
- кыргыз кинематографынын өндүрүштүк, техникалык, окутуучулук жана маалыматтык базасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Департаменттин ишин координациялайт жана контролдойт.
9. Департамент Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине өзүнүн иши жөнүндө отчет берет.
10. Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти директор жүргүзөт, ал Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Департаменттин директору:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде кинематографиянын бардык мамлекеттик уюмдары аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана башка нормативдик актыларды чыгарат;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин номенклатурасына киргизилген кызматтарды кошпогондо, Департаменттин бош кызмат ордун ээлөөгө сынактарды жана кызматкерлерге аттестация жүргүзүүнү уюштурат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ишеним каттарды тариздебестен Департаменттин атынан келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун кароого катышат;
- Департаменттин мүлкүн жана каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескейт;
- мамлекеттик материалдык-техникалык каражаттардын, ошондой эле "Кыргызфильм" киностудиясында жайгаштырылган пландан сырткары заказдык кинопродукциялардын жардамы жана анын эсебинен чыгаруу ишке ашырылуучу кинофильмдердин бардык түрлөрүн чыгарууга сметаларды бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кино тармактарынын кинотеатрлардагы билеттерине баа коюу жана сатуу системасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык бардык деңгээлдерде Департаменттин кызыкчылыктарын көрсөтөт.
12. Департаменттин директорунун орун басары болот, аны директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри дайындайт. Орун басарынын ыйгарым укуктарын директор аныктайт.
Директор жок учурда директордун орун басары анын кызматтык милдеттерин аткарат.
13. Департаменттин мүлкү ажыратуу укуксуз оперативдүү башкарууга Департаментке өткөрүп берилген мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
14. Департаменттин мүлкүн негизги фонддор, жүгүртүүчү каражаттар, башка баалуулуктар түзөт, алардын наркы Департаменттин мамлекеттик кинематография уюмдарынын өз алдынча баланстарында чагылдырылат.
15. Департаменттин каражатын түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) республикалык бюджет, анын каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Департаменттин аппаратын күтүүгө;
- кинофильмдерди, кино мезгилдүү басмаларды, кино санжыраларды чыгарууга, кинофильмдерди кыргыз тилине которууга, мамлекеттик фильм фондун толуктоого;
- толук метраждуу көркөм, кыска метраждуу даректүү жана мультипликациялык фильмдерди чыгаруу үчүн мамлекеттик заказга;
б) башка булактар:
- продукцияларды сатуудан, иш аткаруудан жана кызмат көрсөтүүдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Департаменттин мамлекеттик кинематография уюмдарынын иштеринин башка түрлөрүнөн алынган кирешелер;
- ишканалардын, уюмдардын, жарандардын, анын ичинде чет мамлекеттердин акысыз жана кайрымдуулук взностору;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар.
16. Департаментке өзүнүн милдеттерин чечүү үчүн төмөнкүдөй укуктар берилет:
- уюштуруу, чыгармачыл-өндүрүштүк, чарбалык-финансылык, ошондой эле фильмдерди прокаттоо маселелерин өз алдынча чечүүгө;
- чыгарылуучу продукцияларга, иш аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө сарптоолордун көлөмдөрүн аныктоого;
- өз кызыкчылыктарын жана Департаментке кирген мамлекеттик кинематография уюмдарынын кызыкчылыктарын мамлекеттик башкаруу органдарында көрсөтүүгө;
- технологиялык, өндүрүштүк-экономикалык процесстерди, Департаменттин кино уюмдарында эмгек акыны жөнгө салуучу нормативдерди иштеп чыгууга;
- кинотеатрларды каттоону, ачуу жана пайдаланууну жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен макулдашуу боюнча мамлекеттик ишканалар жана уюмдар, жеке жана юридикалык жактар менен келишимдер боюнча жабдууларды, эмеректерди, транспорттук каражаттарды жана башка материалдык баалуулуктарды сатып алууга, сатууга жана алмашууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктар.
17. Департаментти жоюу (кайра уюштуруу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.