Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №819 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик, анын ичинде административдик имараттарды (бөлмөлөрдү) пайдалануу, ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик имараттарды (бөлмөлөрдү) ижарага берүүнүн
тартиби жана шарттары
III. Ижара келишими
IV. Мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) ижарага берүү келишимин
түзүүнүн, өзгөртүүнүн жана бузуунун тартиби
V. Мамлекеттик имараттарды (бөлмөлөрдү) ижарага берүү
VI. Тараптардын жоопкерчилиги
1 тиркеме. Мамлекеттик имараттарды (бөлмөлөрдү) ижарага берүү
2-тиркеме. 20__-ж. _____ кварталынын отчеттук мезгили үчүн ижара
акысы боюнча маалыматтар
1. Ушул "Мамлекеттик, анын ичинде административдик имараттарды (бөлмөлөрдү) пайдалануу, ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик, анын ичинде административдик имараттарды (бөлмөлөрдү) пайдаланууну, ижарага берүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле ижара келишимдерин тариздөөнү аныктайт.
2. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
Мамлекеттик, анын ичинде административдик имараттарды (бөлмөлөрдү) ижарага берүүнүн өз алдынча мамилелер системасын билдирет, мында Ижарага берүүчү пайдаланылбаган мамлекеттик имараттардын (бөлмөлөрдүн) аянттын Ижарага алуучуга акы төлөө менен убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет.
Ижарага берүүчү - мамлекеттин мүлкү чарбалык карамакта жана оперативдүү башкарууда (балансында) турган мамлекеттин башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик ишканалар.
Ижарага алуучу - акы төлөө менен мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга (ижарага) алуучу (алган) жеке же юридикалык жак.
Ижара объектилери болуп мамлекеттин менчигинде турган мамлекеттик имараттар жана анын пайдаланылбаган аянттары таанылат.
3. Ижарага берүүчү тараптар кол койгон мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине (мындан ары - Маммүлкмин) макулдашууга жана каттоого берет. Ижара келишими, ижарага берүүчү келишимдин иштеген мөөнөтүн сунуштаган каты менен кошо берилет.
4. Маммүлкмин бир айдын ичинде ижара акы эсептөөсүн текшерет, макулдашат жана ижара келишимин каттайт.
5. Ижара келишиминин иштөө мөөнөтү биротоло Маммүлкмин менен аныкталат.
6. Мамлекеттик имараттарды (бөлмөлөрдү) ижарага берүү шарттары, тараптардын укуктары жана милдеттенмелери, тараптардын жоопкерчиликтери жана башка шарттары ижара келишими менен белгиленет.
7. Ижарага алуучу ижара келишими күчүнө кирген учурдан тартып мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) ижарага алат. Ижара келишими аны Маммүлкминде каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
8. Ижарага алуучу ижара келишимин аткарууга байланыштуу келип чыккан милдеттенмелер боюнча мыйзамдарга ылайык мүлктүк жоопкерчиликти тартат.
9. Ижарага берүүчү Ижарага алуучунун ижара келишимин аткарып жаткандыгын текшерүүгө, бул үчүн бардык зарыл документтерди жана маалыматтарды алууга укуктуу.
10. Ижарага алынуучу мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) ижара алуучу субарендага, Ижара берүүчү жана Маммүлкмин менен алдын ала жазуу түрүндөгү макулдашуусу менен гана жалдоого берилиши мүмкүн.
11. Ижарага берүүчү менен Ижарага алуучунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу негизги документ болуп ижара келишими эсептелинет (1-тиркеме).
12. Келишимде ижарага берилүүчү мамлекеттик имараттын (бөлмөнүн) аталышы, аянты жана жайгашкан жери, жер участогун пайдалануу үчүн акы төлөөнү, мамлекеттик имарат (бөлмө) үчүн ижара акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби, келишим боюнча тараптардын укуктары жана милдеттенмелери, аны бузуунун шарттары жана башка шарттар караштырылган.
13. Ижара акысын эсептөөнү Ижарага берүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген "Мамлекеттик, анын ичинде административдик имараттарды (бөлмөлөрдү) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө" Нускамага ылайык ишке ашырылат.
14. Ижара акысы мезгилдүү же бир жолу төлөнгөн акылардын бекем суммасында белгиленген түрүндө Ижарага берүүчүнүн эсеп счетуна төлөнөт. Ижара акысына коммуналдык төлөмдөр жана башка эксплуатациялык чыгашалар кирбейт.
15. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу пайдалануу жоопкерчилигин, мамлекеттик органдын, ишкананын, мекеменин жана уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери тартат.
18. Ай сайын мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер Ижарага берүүчүнүн эсебине түшөт жана ал 10 банктык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин эсебине толугу менен которот, ал өз кезегинде аларды толугу менен республикалык бюджетке которот.
19. Эгерде Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен мамлекеттик имаратка (бөлмөгө) Ижарачы ремонттук жумуштарды жүргүзө турган болсо, анын наркы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин макулдугу боюнча Ижарага берүүчүнүн карамагында калган ижара акы каражаттар эсебинен эсептелет.
20. Ижарага берүүчү тиркелген форма (2-тиркеме) боюнча ар бир Ижарачыдан түшкөн ижара акысы тууралуу Маммүлкминге квартал сайын маалымат берет.
21. Ижарага берүүчү ижара келишимин түзүүгө байланыштуу көрсөтүлгөн маалыматтар жана материалдардын чындыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
22. Ижара келишими өткөн келишимдин иштеген акыркы күнү боюнча күчүн жоготот, эгерде бул убакыттын ичинде келишим узартылбаса.
23. Ижарага берүүчү жана (же) Ижарага алуучу келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн 10 күн кем эмес убакытта жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүү жолу менен демилгелөөгө укуктуу. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө чечимди Маммүлкмин билдирүүнү алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде кабыл алат.
Керек убакта Ижара берүүчү жана Ижарага алуучуга жазуу түрүндө билдирүү жиберүү жолу менен бир жактуу тартипте Маммүлкминдин демилгеси боюнча ижара келишимин жоюу мүмкүн.
24. Төмөнкүдөй бузуулар жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү киргизгенден кийин 30 күндүк мөөнөттө Ижарага алуучу ал бузулууларды четтетпесе, келишим бузулушу мүмкүн:
- келишимдин шарттарын бузуу менен мүлктү пайдаланса;
- төлөө мөөнөтү келишим менен белгиленген мезгилдин ичинде ижара төлөмү төлөбөсө;
- келишим менен алдын ала каралган башка шарттарда.
Келишимди жоюуда, Ижарага берүүчү бир айлык мөөнөттө имаратты (бөлмөнү) бошотуу боюнча чараларды кабыл алышы жана Маммүлкминге маалымат бериши керек.
25. Ижара акысы ченемдик актылардын кабыл алынышына ылайык белгиленген баалардын жана тарифтин өзгөрүлгөн учурларда гана кайра каралышы мүмкүн. Ижарага берүүчү ижара акысынын өзгөргөндүгү тууралуу Ижарачыга жазуу түрүндө билдирет.
26. Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кошумча келишим түзүү жолу менен киргизилиши мүмкүн.
27. Түзүлгөн келишимдин шарттарында белгиленген ченемдиктер боюнча ижарага берилген мамлекеттик имараттардын (бөлмөлөрдүн) капиталдык жана кезектеги ремонту жүргүзүлөт.
28. Эгер ижара келишими менен башкасы караштырылбаса, мамлекеттик имараттарды (бөлмөлөрдү) берүүгө даярдоо, өткөрүп берүү актысын түзүү жана кол коюуга берүү, Ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүргүзүлөт.
29. Акт Ижарага берүүчүнүн жана Ижара алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда түзүлөт.
30. Акт төмөнкүдөй реквизиттерди камтышы керек:
- актынын түзүлгөн жери жана күнү;
- ижара келишиминин номуру жана кол коюунун күнү, ага ылайык мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) өткөрүп берүү-кабыл алуу жүргүзүлөт;
- өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик имараттын (бөлмөнүн) техникалык абалы;
- табылган бузууларды жана оңдолбогондорду четтетүүнүн мөөнөтү жана тартиби.
31. Акт тараптардын өкүлдөрү тарабынан кол коюулат жана мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлөт. Келишимди бузууда же анын мөөнөтү өткөндө ошондой эле ижарага алынган мүлктү өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы түзүлөт.
32. Тийиштүү таризделген кабыл алуу-өткөрүү актынын жоктугу ижара келишиминин жарабастыгы болуп эсептелет.
33. Келишимди токтотууда Ижарага алуучу Ижарага берүүчүгө мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) эскиргендигин эске алып, ал алган абалындай же келишимдеги шартталган абалында кайтарып берүүгө милдеттүү.
34. Аткарбаган же келишим боюнча милдеттенмелерди тийиштүү түрдө аткарбаган учурда, тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген жоопкерчиликти тартат.
35. Күнөөлүү тарап башка тарапка келтирген материалдык зыянды келишим боюнча аткарбаган же өз милдеттерин тийиштүү эмес түрдө аткаргандан келген бардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
36. Тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылган күнөөлүү жактар келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотулбайт.
37. Ушул Жобонун шарттарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдын, ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчиси персоналдуу жоопкерчилик тартат. Ушул Жобонун ченемдеринин бузулушуна жол берген жетекчи, ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушун жиберүүгө Маммүлкмин укуктуу.
1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маммүлкминистрлигинин атынан Мүлктүк мамилелер департаменти жана Аймактык башкармалыктар менен макулдашылган
__________ "__" _______ 200_-жыл
_________ ш. "__" _______ 200__-ж.
___________________________________________________________ атынан __________________________________________________ мындан ары "Ижарага берүүчү" ________________________ негизинде аракеттенүүчү _____________ жана (эгер физикалык жак болсо - Ф.А. Атасынын аты көрсөтүлөт; эгер юридикалык жак болсо - юридикалык жактын аталышы, келишим түзүүгө ыйгарым укук берилген өкүлдүн фамилиясы, атасынын аты жана эмненин негизинде бул юридикалык жак иш жүргүзөрү көрсөтүлсүн) мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталуучу башка тарап менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1.1. Ижарага берүүчү ____________ (көчө, аянты, просп., тар көчөсү) боюнча N _____ курулуштагы _____ этажында жайгашкан, жалпы аянты _____ кв.м мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) берет, ал эми Ижарага алуучу _____________ максатында пайдалануу үчүн кабыл алат.
1.2. Ижара мөөнөтү 200_-ж. "___" тартып 200_-ж. "___" чейин _______ айга (жылга) белгиленет (Маммүлкмин менен толтурулат). Мөөнөтү бүткөндөн тартып келишим жоюлган болуп эсептелет. Келишимдин күчүнүн мөөнүтүнүн бүтүшү келишим боюнча тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышынын токтолушуна алып келет.
1.3. Келишим тараптардын өз ыктыяры менен толук бирдей укугунда түзүлөт.
2.1. Ижарага берүүчү укуктуу:
- Ижарага алуучудан ай сайын ижара акысын алууга;
- Ижарага алуучудан мамлекеттик имараттын (бөлмөнүн) абалынын жана Ижарага алуучунун чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, экологиялык кырдаалдын начарлашынан келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
- Ижарага алуучунун макулдугу боюнча колдонулуп жаткан мыйзамдар өзгөргөн учурда, келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
- Ижарага алуучунун бул келишимдин шарттарын бузган иштерди жүргүзүүсүн токтотууга.
2.2. Ижарага алуучу укуктуу:
- өз алдынча ушул келишимдин максаттарына жана шарттарына ылайык гана ижарага алынган мамлекеттик имаратта (бөлмөдө) чарбалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө;
- өткөрүп берүү-алуу актысына кол коюлгандан кийин ижарага алынган мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) пайдаланууга киришүүгө.
2.3. Ижарага берүүчү милдеттүү:
- Ижарага алуучуга ушул келишимдин шарттарына ылайык келген абалда мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) берүүгө;
- бул келишимди макулдашуудан кийин он күндүк мөөнөттө өткөрүп берүү-алуу актысы боюнча Ижарага алуучуга мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) берүүгө;
- Ижарага алуучунун чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, эгерде алар мыйзамдарга жана ушул келишимдин шарттарына каршы келбесе, кийлигишпөөгө, мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) үзүрлүү пайдаланууга тоскоолдук кылбоого;
- ижарага пайдаланууга берилген мамлекеттик имараттын (бөлмөнүн) абалын контролдоону ишке ашырууга;
- келишим бузулгандан кийин ижараланган Ижарачыдан имаратты (бөлмөнү) бошотуу боюнча керектүү чараларды кабыл алууга;
- 10 банктык күндүн ичинде Ижарага алуучу ижара үчүн төлөгөн кирешени Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин эсеп счетуна которууга.
2.4. Ижарага алуучу милдеттүү:
- бул келишимдин шарттарына ылайык мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) пайдаланууга алууга;
- ушул келишимдин 1.1-пунктунда белгиленген түз багытталышы боюнча гана ижарага алынган мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) пайдаланууга;
- мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде өз эсебинен күндөлүк ремонт жүргүзүүгө;
- Ижарага берүүчүгө өткөрүп бергенге чейин ижарага алынган мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) жана ага жакын жайгашкан аймакты ылайыктуу техникалык абалында (күндөлүк жана капиталдык оңдоо жүргүзүү) жана тийиштүү санитардык абалында кармап турууга;
- Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндө уруксатысыз, Ижарага алуучунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу ижарага алынган мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) кайрадан пландаштырууну (конструкциянын негизги алып жүрүүчүсүнө) жана кайрадан жабдууну жүргүзбөөгө;
- ар бир айдын 5-күнүнө чейин ижара акысын төлөөгө, ошондой эле өзүнчө келишим боюнча коммуналдык жана башка максаттуу тейлөө кызматтарына төлөөгө;
- келишимдин күчүнүн мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле мөөнөтүнөн мурун мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) бошото тургандыгы жөнүндө Ижарага берүүчүгө бир ай мурун жазуу түрүндө билдирөөгө;
- объектини ижарага берген Ижарага берүүчүгө белгиленген тартипте ижарага берилген объектиге эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө, белгиленген мөөнөттөрдө көрсөтмөлөрдү аткарууну камсыздоого;
- ижарага алынган мамлекеттик имаратка (бөлмөгө) тийиштүү бөлүгүндө колдонулуучу эрежелерди жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын буйруктарын аткарууга жана мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликти тартууга;
- башка ижарачылардын укугун, ошондой эле мамлекеттик имараттын пайдаланууну бузбоого;
- Ижарага берүүчүгө өз чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында ижарага алынган мамлекеттик имараттын (бөлмөнүн) сапатынын начарланышына байланыштуу келтирилген чыгымдарды толугу менен ордун толтурууга;
- ижарага алынган мүлктү күрөөгө койбоого же башкача түрдө түйшүккө салбоого;
- келишим бүткөндө Ижарага берүүчүгө оңдолгон абалында мамлекеттик имаратты кайтарып берүүгө.
3.1. Мамлекеттик имарат (бөлмө) үчүн ижара акысынын өлчөмү айына 1 кв.м үчүн ______ сомду түзөт. ______ кв.м аянты менен ижарага берилүүчү мамлекеттик имарат (бөлмө) үчүн айына бардыгы ______ сомду түзөт.
3.2. Ижара акысы ченемдик актылардын кабыл алынышына ылайык белгиленген баалардын жана тарифтин өзгөрүлгөн учурларда гана кайра каралат. Ижарага берүүчү ижара акысынын өзгөргөндүгү тууралуу Ижарачыга жазуу түрүндө билдирет.
3.3. Ижарага алуучунун каражаттарынын эсебинен ижарага алынган мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) жакшыртуу боюнча иштерди аткарууда ижара акысы төмөндөтүлбөйт.
4.1. Бул келишим Маммүлкминден каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
4.2. Ушул келишим төмөнкүдөй себептердин бири боюнча күчүн жоготот:
- ижарага алынган мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) келишимге ылайык эмес пайдаланганда;
- тараптардын биринин келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбаган же тийиштүү эмес түрдө аткарган учурда келишимди мөөнөтүнөн мурун токтотуу жөнүндө тараптардын биринин арызы кабыл алынганда;
- юридикалык жакты (Ижарага алуучуну) жойгон учурда;
- Ижарага алуучу болуп эсептелинген жарандын - физикалык жак өлгөндө, аны ишмердүүлүккө жөндөмсүз, ишмердүүлүккө жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса же кабарсыз жоголгон учурда;
- келишим менен белгиленген мөөнөттө ижара акысын, эксплуатациялык чыгымдарды, коммуналдык тейлөө кызматтарын, санкцияларды төлөбөсө. Үч айдан жогору болгон мөөнөттө толугу менен ижара акысы жана коммуналдык тейлөө кызматтары боюнча түшүүлөрдүн кечиктирилүүсү, Ижарага берүүчүнүн бир тараптуу тартибинде келишимди жоюу үчүн негиз болуп эсептелинет;
- келишимдин аракет мөөнөтүнүн акыркы күнү өтүшү боюнча;
- Маммүлкминдин демилгеси боюнча.
5.1. Күнөөлүү тарап башка тарапка келишим боюнча өз милдеттерин аткарбагандыгы же тийиштүү эмес түрдө аткаргандыгынан келип чыккан материалдык зыяндардын жана бардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
5.2. Ушул келишимдин талаптарын жана шарттарын түз жана жашыруун түрүндө бузган бүтүмдөр жарабас болуп эсептелинет, ал эми ушуларды жүргүзүүдө күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартиптик, материалдык, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
5.3. Тартиптик, материалдык, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылган күнөөлүү жактар келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдеттеринен бошотулбайт.
6.1. Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
6.2. Эгер макулдашууга келишпесе, талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
7.1. Кыргыз Республикасынын Маммүлкминде макулдашуудан өтпөгөн Ижара келишими жарабас болуп саналат.
7.2. Милдеттенме бузулган учурда, Кыргыз Республикасынын Маммүлкмин бир тараптык тартипте келишимди жое алат.
7.3. Бул келишимге тиркеме тиркелет, ал ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуп эсептелинет жана тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлушу зарыл.
7.4. Ижарага берилген имараттын сырткы бөлүгүндө жарнаманы жайгаштыруу белгиленген тартипте Ижарага берүүчү менен макулдалышы зарыл.
7.5. Бул келишим жазуу түрүндө түзүлөт, тараптардын колу коюлат.
7.6. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу Мүлктүк мамилелер департаментинде калат, экинчиси - Ижарага берүүчүгө, үчүнчүсү - Ижара алуучуга берилет.
Тараптардын юридикалык даректери жана банк маалыматтары:
Ижарага берүүчү Ижарага алуучу
_____________________ _____________________
Колу Колу
Мөөрдүн орду Мөөрдүн орду
2-тиркеме Жогорку ведомство: ________________________________ Балансты кармоочу: ________________________________ Дареги ____________________________________________
┌──┬─────────────────┬──────────┬───────────┬───────────┬─────────────┬
│N │ Ижарага │Келишимдин│ Бир айлык │Келишимдин │27.07.2009-ж.│
│ │ алуучунун │ номери, │ижара акысы│негизинде │ N 253 │
│ │ аталышы │ датасы │ (сом) │бир жылдык │ Мыйзамына │
│ │ │ │ │ ижара │ ылайык │
│ │ │ │ │ акысынын │Республикалык│
│ │ │ │ │планы (сом)│ бюджетине │
│ │ │ │ │ │ которулуучу │
│ │ │ │ │ │жылдык ижара │
│ │ │ │ │ │акысынын 30% │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│1 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│2 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│3 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│4 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│5 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│6 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│7 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼──────────┼───────────┼───────────┼─────────────┼
│ │ │ │ │ │ │
└──┴─────────────────┴──────────┴───────────┴───────────┴─────────────┴
┬─────────────┬─────────┬───────────┬───────────────────────┬─────────┐
│27.07.2009-ж.│Отчеттук │ ___ кв. │ Которулду (сом) │ ___ │
│ N 253 │мезгилдин│ отчеттук ├───────┬───────┬───────┤ квартал │
│ Мыйзамына │ башында │мезгилинде │20__-ж.│ ___ │ ___ │аягындагы│
│ ылайык │ калдык │эсептелинди│ үчүн │квартал│квартал│ калдыгы │
│Республикалык│ (карыз) │ (сом) │алардын│ үчүн │ үчүн │ (сом) │
│ бюджетине │ (сом) │ │ичинен │алардын│ (сом) │ │
│ которулуучу │ │ │ │ичинен │бардыгы│ │
│жылдык ижара │ │ │ │ │ │ │
│акысынын 70% │ │ │ │ │ │ │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
┼─────────────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│ │бардыгы │бардыгы │бардыгы│бардыгы│бардыгы│бардыгы │
┴─────────────┴─────────┴───────────┴───────┴───────┴───────┴─────────┘
Жетекчи ____________________________ Башкы бухгалтер ____________________
Мөөрдүн орду ________