Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №819 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик, анын ичинде административдик имараттарды (бөлмөлөрдү) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө НУСКАМА
Бул нускама мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин далилдеген, ижара акысын эсептөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана ижара мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыккан.
Мамлекеттик имаратты (бөлмөнү) пайдалангандыгы үчүн айлык ижара акынын чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет:
мында:
Аа.ак. - имарат үчүн айлык ижара акысынын өлчөмү;
К1 - имараттын жайгашкан ордунун коэффициенти;
К2 - имаратты пайдалануунун тармактык коэффициенти;
S - ижарага берилүүчү имараттын аянты;
1 - ижара төлөмүн корректирлөөчү ставкасы (сом);
Аж - жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн акы.
Эсептөөдө пайдаланылган коэффициенттердин чоңдугу төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат:
а) К1 - имараттын жайгашкан ордунун коэффициенти.
Мамлекеттик имараттардын (бөлмөлөрдүн) жайгашкан ордун эске алып, төмөнкүдөй коэффициенттер пайдаланылат (Бишкек ш. боюнча):
- 1-зона - Бөкөнбаев, Суюмбаев, Фрунзе көчөлөрүнүн, Манас пр., Бөкөнбаев чегиндегилер - 5;
- 2-зона - Тынчтык пр., Ахунбаев, Шабдан-Баатыр, Курманжан Датка, Жибек-Жолу, Фучик, Москва, Некрасов, Л.Толстой көчөлөрүнүн, Тынчтык пр. чегиндегилер - 4 ;
- 3-зона - калгандары - 3.
Ош шаарында - 3;
областтык маанидеги шаарларда - 2;
райондук маанидеги шаарларда - 1,5;
республиканын калган региондорунда - 1.
б) К2 - имаратты пайдалануунун тармактык коэффициенти:
I) Медициналык тейлөө кызматын көрсөтүү:
1) лаборатория, дарыкана, медицина борбору, дарылоо бөлмөсү - 25;
2) УЗИ, рентген бөлмөсү, кароо бөлмөсү, укалоо бөлмөсү, стоматология - 22;
3) дары препараттарын даярдоо, стационарлар - 20.
II) Өндүрүш:
1) шлакоблокторду, курулуш материалдарын өндүрүү - 25;
2) кампа, гараж, жашылча сактоочу жай - 23;
3) телекоммуникациялар үчүн антенналарды жана жабдууларды орнотуу - 28;
4) фильмдерди чыгаруу - 10;
5) тигүү цехи - 25;
6) башка өндүрүштүк тейлөөлөр - 20.
III) Турмуш-тиричилик кызматы:
1) химиялык тазалоо, бут кийимдерин оңдоо, тиричилик тейлөө комбинаты, боео устаканасы, - 20;
2) ксерокс (көчүрмө) - 28;
3) чач тарач, сулуулук салону, косметика салону - 30;
4) жаңы үйлөнгөндөр үчүн салон - 28;
5) окуу, анын ичинде балдар борбору - 22;
6) офис - 25.
IV) Көңүл ачуулар:
1) казино - 50;
2) бильярд жана башка көңүл ачуучу оюндар - 30;
3) электрондук оюндар залы - 30;
4) мейманкана - 25;
5) кинотеатр - 15;
6) ресторан, кафе, бар - 30;
7) киновидеокиреканалар, компьютер кызматы, фото тейлөө кызматы, бассейн, сауна, мончо, бизнес-борбору, биржа - 25.
V) Финансылык мекемелер:
1) көчмө касса, бланктарды сатуу пункту - 27;
2) валюта алмаштыруу пункту - 28;
3) күрөөкана - 22;
4) банктык кызмат - 25;
5) төлөмдөрдү кабыл алуу пункту - 2.
VI) Коомдук тамак-аш ишканалары:
1) кондитердик цех - 23;
2) наабайкана - 18;
3) дүкөн, соода түйүнү, киоск, ларек - 24;
4) ашкана - 15.
VII) Ар түрдүү:
1) автоунаа оңдоо жана техникалык жактан тейлөө көрсөтүү үчүн имарат, автоунаа токтоочу жай, АЗС - 25;
2) жарнамалык курулмалар - 50.
Жогорку позицияларда саналгандардан тышкары башка имараттарга колдонулуучу коэффициент - 15.
Жер участогун пайдалангандыгы үчүн акы төлөө (Аж) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет:
Жер ижарасынын акысы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептелет.
С - айыл чарбалык эмес багыттагы жерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын негизги чени;
S - жер участогунун аянты. Төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет:
жер участогунун аянтын имараттын жалпы аянтына бөлүп жана ижарага берилүүчү аянтка көбөйтөт;
Ки - инфляция коэффициенти;
К1 - экономикалык-пландаштыруу аянтынын коэффициенти;
К2 - коммерциялык пайдалануу коэффициенти.
Айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер сылыгынын негизги чени жана жер салыгын дифференциялоо үчүн коэффициенттер мыйзамдарда белгиленгенге ылайык кабыл алынат.
Ижара акысынын чоңдугуна имараттарды эксплуатациялоо жана имараттарды жана бөлмөлөрдү күнүмдүк ремонттоо, жылытууга кеткен чыгымдар, коммуналдык тейлөө кызматтары боюнча тийиштүү чыгымдары камтылбайт.
Ижара акысынын өлчөмү жөнүндө шарттардын жазуу түрүндө тараптардын ортосунда макулдашуусу жок болсо ижара келишими түзүлбөгөн болуп эсептелинет.