Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №828 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын УСТАВЫ
I. Жалпы жоболор
II. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
III. Ишкананын укуктары жана милдеттери
IV. Ишкананы башкаруу
V. Эсеп жана отчет
VI. Ишкананын мүлкү жана финансысы
VII. Ишкананын ишинин токтотулушу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Мамлекеттик агенттиктин приказдарына, ушул Уставга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына таянат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи Устав болот.
4. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасы";
- расмий тилде - "Республиканское предприятие протезно-ортопедических изделий Государственного агентства социального обеспечения при Правительстве Кыргызской Республики";
5. Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "РПОБИ";
- расмий тилде - "РППОИ".
6. Ишкана юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Ишканада өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана башка атрибутикасы болот.
8. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча чарбакер субъект болот.
9. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, сот органдарында доочу жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
10. Ишкананын жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кривоносов көчөсү, 208.
11. Ишкананын Ош шаары, Каргантөбө көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан филиалы болот.
12. Ишкананын протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдоочу протездик-ортопедиялык устаканалары болот.
13. Ишкана өзүнүн ишин өз алдынча пландаштырат жана өзү өндүрчү продукцияга, аткарылчу жумуштарга жана көрсөтүүчү кызматтарга болгон керектөөгө жана эмгек жамаатын социалдык камсыздоо зарылдыгына жараша өнүгүү келечегин аныктайт.
Протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоодогу өндүрүштүк процесс металл иштетүү өнөр жайынын технологиясына (аспаптарды жасоо өндүрүшүнө) теңештирилет.
14. Ишкананын негизги максаты элди протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо болуп эсептелет.
15. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыктан жабыркаган республиканын башка жарандарын протездик-ортопедиялык буюмдар, реабилитациянын техникалык каражаттары жана тиричиликтик шаймандар менен камсыздоо;
- протездөөнүн технологиясын өркүндөтүү.
16. Ишкана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- функциялык касиеттери, биомеханикалык жана кинематикалык параметрлери боюнча чет өлкөлүк аналогдордон кем калышпаган протездик-ортопедиялык буюмдарды чыгарат;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, кыймылдап жүрүүнүн атайын каражаттарын, ошондой эле майыптар үчүн тиричиликтик шаймандарды жасоого жана берүүгө заказдарды алат;
- заказды тариздейт жана заказчыга даяр буюмду ченөө жана алуу үчүн мөөнөтүн көрсөтүү менен заказ алынганы жөнүндө маалымкат берет, даяр продукцияны башкы ишканада же филиалда, ошондой эле көчмө бригада иштеген жерде ченейт, тууралайт жана берет;
- протездик-ортопедиялык продукция протезделүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына жараша, тийиштүү сапатта жана комплектиде жасалышын камсыздайт;
- кресло-коляскаларды курайт, сактайт жана Мамагенттиктин тизмелери боюнча райондук (шаардык) социалдык коргоо башкармаларына берет;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан алынган заказдарга жана Ишкананын картотекасына жараша өндүрүштүк-чарбалык иш жүргүзөт;
- өндүрүштүк кубаттуулукту болушунча пайдаланат, чыгарылчу продукциянын сапатын жогорулатат, өзү чыгарчу продукцияны заказчылардын сунуштарына жана керектөөлөрүнө жараша такай өркүндөтөт;
- өзүнүн финансылык каражаттарын бекитилген пландарга жана түзүлгөн келишимдерге жараша пайдаланат;
- мыйзамда белгиленген тартипте бухгалтердик, оперативдүү жана статистикалык эсеп жүргүзөт, бекитилген формалар боюнча отчетторду түзөт жана аны белгиленген мөөнөттөрдө тийиштүү органдарга берет;
- Ишкананын кызматкерлерин даярдайт жана квалификациясын жогорулатат;
- мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен продукция жасайт жана заказчыларга берет, белгиленген тартипте жумуштарды аткарат жана кызматтарды көрсөтөт;
- мыйзамда каралган башка функцияларды аткарат.
17. Ишкана алдыдагы маселелерди чечүү жана тапшырылган милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте, анын ичинде акчалай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- республиканын калкынан жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан заказдарды алууга;
- чарбалык-өндүрүштүк иштин бардык түрлөрү боюнча белгиленген тартипте жылдык сметаны иштеп чыгууга;
- жасалган продукцияга кеткен чыгымдарды Мамлекеттик агенттикке төлөөгө берүү үчүн эсептөөгө;
- эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы жана башка төлөмдөрдү төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөөгө;
- куруу-монтаждоо башкармалары менен капиталдык ремонтко, утурумдук жана орто аралыктагы ремонтторго келишимдерди түзүүгө;
- технологиялык процесстерди бекитүүгө;
- сырьену, материалдарды, отунду, электр энергияны сарптоонун нормаларын бекитүүгө;
- алынган заказдар боюнча керектүү материалдарды, жабдууларды, полуфабрикаттарды бөлүнгөн бюджеттик каражаттын чегинде алууга;
- өзүнүн жүгүртүлчү каражаттарынын жалпы көлөмүн аныктоого;
- Ишкананын максаттык фондун түзүүчү, негизги фонддорду модернизациялоого пайдаланылчу амортизациялык которууларды жасоого;
- эскирген, жешилген жана андан аркы пайдаланууга жараксыз жабдууларды, транспорт каражаттарды, шаймандарды, жабдыктарды белгиленген тартипте баланстагы эсептен чыгарууга.
18. Ишкананын кызматкерлеринин ишинин жана эс алуусунун режими, алардын социалдык камсыздалышы, социалдык камсыздандыруу эмгек мыйзамдарынын нормалары менен жөнгө салынат.
19. Эгер мыйзамдарга жана Уставга каршы келбесе, Ишканада уюштуруучу менен макулдашуу боюнча бул Уставда каралбаган укуктар жана милдеттер да болушу мүмкүн.
20. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын түзүүгө жана алардын саламаттыгына жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жооп тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка түрлөрдөгү милдеттүү камсыздандырууну камсыздоого.
21. Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын директорунун орун басарын, башкы инженерин жана башкы бухгалтерин дайындоо жана бошотуу;
- Ишкананын структурасын, штаттык санын жана сарптоолорунун сметасын бюджеттик ассигнованиелердин чегинде бекитүү;
- Ишкананын ишинин башкы багыттарын аныктоо, ошондой эле ишинин программаларын жана пландарын кароо жана бекитүү.
22 Ишкананы Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
23. Директор:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ишкананын Уставынын талаптары аткарылышы үчүн, анын ичинде иштин негизги түрлөрү Уставда каралган максаттарга ылайык толук көлөмдө жүргүзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан чыгат;
- эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
- Ишкананын кызматкерлери менен жамааттык келишим түзөт;
- жумушчуларды, кызматчыларды сыйлоо үчүн Ишкананын фонддорунун каражаттарын пайдалануунун сметасын бекитет, ал фонддон сыйлайт жана бир жолку жардамдарды берет;
- иштеги жетишкендиктери жана демилгечилдиги үчүн Ишкананын кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;
- Ишкананын каражаттарын жана мүлкүн белгиленген тартипте тескейт жана башкарат;
- компетенциясына кирген маселелер боюнча приказдарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
24. Ишкана өз ишинде Уюштуруучуга отчеттуу жана анын контролунда болот.
Ишкана өзүнүн иши жөнүндө, анын ичинде пландык документти аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетторду жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда башка маалыматтарды берет.
Мамлекеттик агенттик Ишкананын бухгалтердик отчетун жана башка отчетторун бекитет.
25. Ишканага таандык мүлктүн пайдаланылышын жана сакталышын Мамлекеттик агенттик контролдойт.
26. Ишкананын ишине текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
27. Ишкананын активин анын балансындагы негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, финансылык ресурстар түзүшөт.
Ишкананын мүлкү ага чарбалык башкаруу укугунда таандык жана өз алдынча балансында чагылдырылат.
28. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар:
- Ишканага уюштуруучу өткөрүп берген мүлк жана каражаттар;
- чарбалык-өндүрүштүк иштен алынчу кирешелер;
- мыйзамга каршы келбечү башка түшүүлөр.
29. Ишкана республикалык бюджеттен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен каржыланат (демөөрчүлүк жардам, гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кошумчалары, мыйзамга каршы келбеген башка кирешелер).
30. Ишкананын ишинен алынган пайда толук анын карамагына түшөт. Ишкана алынган пайданы сарптоо багыттарын кирешелердин жана сарптоолордун бекитилген сметасына ылайык өз алдынча аныктайт.
31. Ишкананын иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
32. Ишкана Юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине тийиштүү жазуу жазылган учурдан баштап өзгөртүп түзүлдү же жоюлду деп эсептелет.
33. Өзгөртүп түзүүдө жана жоюуда Ишкананын бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укук улантуучусуна өтөт.
34. Жоюлган учурда бардык мүлктүк укуктар жана милдеттер Мамлекеттик агенттикке өткөрүп берилет.
35. Ишкана жоюлган учурда документтери Кыргыз Республикасынын архивдик фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.