Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №829 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Борбордун максаты жана милдети
III. Борбордун функциялары
IV. Борбордун укуктары
V. Борбордун ишин уюштуруу
VI. Борборду каржылоо
VII. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамлекетти агенттик) ведомстволук бөлүмчөсү болуп эсептелет.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелип, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбор бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкаруу укугундагы юридикалык жак болуп эсептелет.
Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
5. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, казыналык системасында алыш-бериш (анын ичинде валюталык) эсептери болот.
Борбордун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору";
- расмий тилде: "Центр медико-социальной экспертизы лиц с ограниченными возможностями здоровья при Государственном агентстве социального обеспечения при Правительстве Кыргызской Республики".
Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ДМЧАМСЭБ"
- расмий тилде: "ЦМСЭЛОВЗ"
6. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 144 А.
7. Борбордун медициналык-социалдык экспертизалоо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо маселелери боюнча корутундулары менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
8. Борбордун максаты жарандардын жашоо категориясынын бузулуу деңгээлин өз убагында жана сапаттуу күбөлөндүрүү, кийин аларды коомчулукка социалдык интеграциялоо үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык коргоо чараларына болгон муктаждыгын аныктоо болуп эсептелет.
9. Борбордун милдети төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- медициналык-социалдык экспертизалоонун сапатын өркүндөтүү;
- Борбордун кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасында майып түзүмүн өз убагында жана сапаттуу каттоону жана талдоону камсыз кылуу;
- реабилитациялоонун жекече программаларын (мындан ары - реабилитациялоонун жекече программалары) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, алар Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) төрагасы бекитет.
10. Борбор төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- медициналык-социалдык экспертизалоонун сапатын, мыйзамдуулугун, илимий негиздүүлүгүн камсыз кылат жана республикада реабилитациялык иш-чараларды иштеп чыгат, медициналык-социалдык экспертизалоонун практикасына илимий принциптерди жана экспертизалоо ыкмаларын киргизет, медициналык-социалдык экспертизалоону андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- аймактык медициналык-социалдык экспертизалоодон күбөлөндүрүү алган жана анын чечимине даттанган жарандардын кайрылууларын жана арыздарын карайт;
- жарандарды кайра күбөлөндүрөт (негизинен татаал эксперттик учурларда);
- зарыл болгон учурда дарылоо уюмдарында жана республиканын илимий борборлорунда кошумча текшерүү жүргүзүү жана медициналык-социалдык экспертизалоо жүргүзүү үчүн кошумча зарыл маалымат алуу менен аймактык медициналык-социалдык экспертизалоонун багыттамасы боюнча жарандарды күбөлөндүрөт;
- жарандарды кабыл алат, медициналык-социалдык экспертизалоо маселелери боюнча жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын өз убагында жана толук кароону камсыз кылат, алардын себептерин изилдейт, алар боюнча чечим кабыл алууну камсыздайт;
- социалдык жактан камсыз кылган уюмдардын багыттамалары боюнча:
а) көрсөтүлгөн медициналык документтер боюнча белгиленген бир мөөнөт үчүн майыптуулук белгилеринин болушу тууралуу каза болгондон кийин экспертиза жүргүзөт;
б) көрсөтүлгөн медициналык документтер боюнча белгиленген бир мөөнөт үчүн майыптуулук белгилеринин болушу тууралуу өткөн мезгил үчүн майыптуулугун, майып болгондугунун себебин (майыптуулук пайда болгон жагдайларга жана шарттарга жараша), майып болгонунун мөөнөтүн жана убактысын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ар түрдүү социалдык жактан коргоого муктаждыгын белгилейт;
- аймактык медициналык-социалдык экспертизалоо жана медициналык-социалдык экспертизалоо маселелери боюнча дарылоо-профилактикалык уюмдардын врачтарына консультациялык жардам көрсөтөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жумушта алардын эмгегин уюштуруу маселеси боюнча сунуштарды иштеп чыгат, консультация жүргүзөт;
- аймактык медициналык-социалдык экспертизалоо ишине жана сапатына контроль жүргүзөт, эксперттик чечимдердин тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерет (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды түздөн түз же сырттан кайра күбөлөндүрүү, иш кагаздарын изилдөө аркылуу) жана эксперттик катачылыктарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзөт, каталардын алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте майыптуулукка алып келүүчү факторлорду изилдейт, майыптуулукту профилактикалоо боюнча комплекстүү программаларды иштеп чыгууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоо боюнча жекече программаларды иштеп чыгууга катышат, реабилитациялык иш-чараларды контролдойт, алардын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу маалыматтар базасын түзөт;
- дарылоо уюмдары үчүн Борбордун иш багыттары боюнча илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, лекцияларды, анын ичинде Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу базасында дарылоо уюмдарынын врачтары үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык байланыштарды, медициналык-социалдык экспертизалоо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо чөйрөсүндөгү тажрыйбаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алмашууну жүргүзөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук бирикмелеринин ишине белгиленген тартипте көмөк көрсөтөт;
- калкты социалдык коргоонун аймактык органдары, саламаттык сактоо уюмдары, иш менен камсыз кылуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окуу жайлары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык реабилитациялоо чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара иштешет;
- Борбор МСЭКти квалификациялык кадрлар менен комплектейт.
11. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдар менен Борбордун ишинин маселелери боюнча келишимдерди түзүүгө;
- чарбалык ишинин менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынан, юридикалык жактардан комиссиянын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан жарандардын эмгегинин мүнөзү жана шарттары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- саламаттык сактоо уюмдарынан МСЭКке жиберилүүчү медициналык документтерди сапаттуу тариздөөнү талап кылууга, алардын так болушун жана объективдүүлүгүн контролдоого;
- күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан жарандарды диагнозду тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоо үчүн дарылоо уюмдарына жиберүүгө;
- дарылоо-профилактикалык уюмдарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды диспансерлештирүү жана калыбына келтирип дарылоо боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшүн контролдоого;
- аймактык МСЭКтердин чечимдерине каршы арыз берген жарандарды күбөлөндүрүүгө;
- калктын айрым категорияларын күбөлөндүрүүнү жана кайра күбөлөндүрүүнү сырттан, ал эми зарыл учурда тикелей контролдоого (ЧАЭСтеги аварияны жоюунун катышуучуларын, эмгектен жаракат алган жарандарды, аскер кызматчыларынын, аскер кызматынан бошотулгандардын кесиптик ооруларын);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды контролдук күбөлөндүрүүнү, кайра күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө;
- бардык деңгээлдеги МСЭКтердин жыйындарына катышууга;
- жумушта МСЭКтин сунуштарына ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишин уюштурууну баалоону жүргүзүүгө;
- майыптуулукту профилактикалоо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо боюнча МСЭКтин сунуштарын аткарбаган ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин иштери боюнча мамлекеттик органдарга кайрылууга;
- Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун базасында жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билимдин негизинде, акы албастан, орто звенодогу врач-эксперттердин, медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, кесиптик даярдоого, кайра даярдоого;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде адистиги боюнча квалификациялык категорияны ыйгаруу үчүн аттестациядан өткөрүүгө;
- МСЭК маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга.
12. Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Борбордун түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын бюджеттен бөлүнгөн акчалардын чегинде бекитүү;
- директордун орун басарын, башкы бухгалтерди, МСЭКтин төрагаларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
- Борбордун ишинин негизги багыттарын аныктоо, ошондой эле программаларын жана пландарын бекитүү.
13. Борборду директор жетектейт, аны Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
14. Борбордо директордун орун басары кызматы уюштурулат. Директордун орун басарын Мамлекеттик агенттиктин статс-катчысынын сунушу жана директордун орун басарынын макулдугу боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
15. Борбордун директору ага жүктөлгөн төмөнкүдөй милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат:
- Борбордун жана МСЭКтин ишти өз убагында жана сапаттуу аткаруусун уюштурат жана камсыз кылат;
- Борбордун, аймактык МСЭКтердин кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, эмгек мыйзамдарына ылайык жазалоо жана сыйлоо чараларын көрөт, иштин сапаты жана натыйжалары, кесиптик жана чыгармачылык демилгеси үчүн эмгек акы фондусунун үнөмдөөнүн эсебинен сыйлайт;
- Борбордун жана анын аймактык бөлүмчөлөрүнүн иштөө маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
- иштеги жетишкендиги жана демилгеси үчүн Борбордун кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт;
- Борбордун каражаттарын белгиленген тартипте тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Борбордун кызматкерлеринин ички тартипти жана эмгек тартибин сактоосун камсыз кылат;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо маселелерин Мамлекеттик агенттиктин коллегиясына кароого киргизет;
- Борбордун атынан бардык уюмдарда, ошондой эле сот жана башка инстанцияларда чыгат;
- Борбордун жана аймактык МСЭКтердин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бекитет.
16. Борбор төмөнкүлөрдөн турат:
- дайыма иштеген Медициналык-социалдык экспертиза борборунун комиссиясынан (курамы ар кандай адистиктеги үч врачтан кем болбойт). Зарыл болгон учурда Борбордун директору эксперттик-реабилитациялык диагностикалоодогу муктаждыкка жараша ар кандай профилдеги адис-консультанттарды акы төлөп ишке тарта алат;
- каржылоонун, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун борбордоштурулган бөлүмүнөн;
- кадрдык маселелер боюнча башкы адистен;
- аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардан (райондор аралык МСЭК).
17. Адистиги боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы бар врачтар эксперт врач болуп иштей алышат.
18. Борбор Борборунун директору тарабынан жыл сайын бекитилүүчү тизмеге ылайык медикаменттер, "биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечка" менен аймактык МСЭКтерди камсыз кылат.
19. Борбор өзүнүн ишинде алгачкы эсептик-отчеттук документтердин формаларын жана белгиленген тартипте бекитилген катуу отчеттуулуктагы бланктарды колдонот.
20. Борбор жана аймактык МСЭК оорулууларды ар тараптуу изилдөө үчүн зарыл болгон шарттары бар (түрдүү адистердеги врачтар, диагностикалык кабинеттер, лабораториялар), саламаттык сактоонун дарылоо жана билим берүү уюмдарынын базасында ижара акысын төлөбөстөн жайгашат.
21. Борборго жана аймактык МСЭКтерге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү жайлар өрткө каршы талаптарга ылайык келиши керек жана аларга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эркин жетүүсүн камсыз кылууга тийиш.
МСЭК жайлары үчүн төмөнкүдөй нормативдер каралган:
- күтүү бөлмөсү;
- каттоо үчүн бөлмө;
- врач эксперттер үчүн кабинеттер;
- архив үчүн кабинеттер.
Жайларда оорулууларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды маданияттуу тейлөө үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүшү керек.
22. Катуу ооруларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө күбөлөндүрүү, Борбордун жеринде өткөрүлүүчү заседаниелери үчүн атайын транспорт менен камсыз кылынат.
23. Борборду каржылоо республикалык бюджеттин жана бюджеттен тышкары түшүүлөрдүн (демөөрчүлөрдүн жардамдарынын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн, ошондой эле мыйзамга каршы келбеген башка түшүүлөрдүн) каражаттарынан каралат.
24. Борбордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик отчеттуулук жана статистикалык отчеттуулук жүргүзүлөт.
25. Борбордун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
26. Борбордун иши ал мыйзамга ылайык кайра уюштурулганда же жоюлганда токтотулушу мүмкүн.
27. Борбор Юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине тиешелүү жазуу киргизилген учурдан баштап кайра уюштурулган же жоюлган болуп эсептелет.
28. Кайра уюштурулганда Борбордун бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укук мураскерине өтөт.
29. Жоюлганда бардык мүлктүк укуктар жана милдеттер Мамлекеттик агенттикке өтөт.
30. Жоюлган учурда документтер Кыргыз Республикасынын архив фонду жөнүндө мыйзамдарга ылайык сакталат жана колдонулат.