Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №830 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардам департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Департаменттин максаттары жана милдеттери
3. Департаменттин функциялары
4. Департаменттин укуктары
5. Департаменттин ишинин уюштурулушу
6. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы (мындан ары - Мамагенттик) Социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардам департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин калктын социалдык жактан аялуу катмарларын натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону ишке ашыруучу ведомстволук подразделениеси болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдоруна, Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге таянат.
3. Департамент өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер, ошондой эле Мамагенттиктин башкармалары жана бөлүмдөрү менен өз ара байланышта жүргүзөт.
4. Департамент өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штампы, мөөрү болот.
5. Департаменттин максаты болуп мамлекеттик жөлөкпулдар жана компенсациялар менен өз убагында жана сапаттуу камсыздоо, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жана өтө картаң жарандарды социалдык тейлөө, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөгөндүк, маркумду коюу боюнча социалдык жөлөкпулдар менен камсыз кылуу эсептелет.
6. Департаменттин милдеттери:
- калктын муктаж катмарларына мамлекеттик жөлөкпулдарды жана компенсациялык төлөмдөрдү өз убагында жана сапаттуу берүү үчүн шарттарды түзүү;
- интернат үйлөрдөгү, өз үйлөрүндөгү өтө картаңдарды жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды социалдык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;
- кош бойлуулук жана төрөгөндүк, сөөк коюу боюнча жөлөкпулдарды өз убагында төлөөнү камсыз кылуу;
- гуманитардык жардамдарды эсепке алуу жана каттоо.
7. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
- социалдык жактан коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды жана жеңилдиктердин ордуна берилүүчү компенсациялык төлөмдөрдү аймактык социалдык коргоо башкармалыктары өз убагында төлөп жаткандыгын контролдойт;
- мамлекеттик жөлөкпулдардын, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү компенсациялык төлөмдөрдүн дайындалышы, каржыланышы жана төлөнүшү жөнүндө белгиленген форма боюнча оперативдүү маалыматты жана отчетторду түзөт;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү компенсациялык төлөмдөрдү каржылоо үчүн Мамагенттикке жыйынтык өтүнмөлөрдү даярдайт;
- ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер үчүн аймактык социалдык коргоо органдарынан жолдомолордун керектелүүчү саны жөнүндө жалпыланган өтүнмөлөрдү даярдайт;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү компенсациялык төлөмдөрдү аларды алуучулардын санына жараша райондор боюнча анализдейт;
- бюджеттин орто мөөнөттүк прогнозуна карата Мамагенттикке мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна компенсациялык төлөмдөр боюнча сунуштарды даярдайт;
- аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору боюнча жыйынтык отчетторду даярдайт;
- аз камсыз үй-бүлөлөрдү социалдык паспорттоштуруу боюнча маалыматтар базасын иштеп чыгууга катышат;
- калкты социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштин абалы боюнча жыйынтык отчетторду даярдайт;
- социалдык коргоо боюнча мамлекеттик, улуттук программаларды, ошондой эле ченемдик укук актыларды иштеп чыгууга катышат;
- гарантияланган эң төмөнкү кирешенин эң төмөнкү социалдык стандарттарын жана критерийлерин иштеп чыгууга катышат;
- массалык маалымат каражаттарында калкты социалдык жактан коргоо маселелерин дайыма чагылдырууга катышат;
- коомдук, кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдардын социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерин мониторингдөөгө жана баа берүүгө катышат;
- Мамагенттик системасындагы интернат үйлөрдүн иштерин башкарат жана контролдойт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге калкка социалдык кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүүгө жана социалдык тейлөөнүн заманбап түрлөрүн киргизүүгө катышат;
- интернат үйлөргө аныктоо үчүн ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жана картаңдардын документтерин тариздейт;
- республикалык бюджеттин каражаттарынан кош бойлуулук жана төрөгөндүк боюнча, ошондой эле маркумду коюуга жөлөкпулдарды төлөөдөгү чыгымдардын ордун толтуруу үчүн аймактык социалдык коргоо бөлүмдөрүнөн отчетторду жана өтүнмөлөрдү кабыл алат;
- кош бойлуулук жана төрөгөндүк боюнча, маркумду коюуга жөлөкпулдарды республикалык бюджеттин каражатынан төлөө үчүн өтүнмөлөрдү даярдайт;
- республикага келген гуманитардык жардамдын мүнөзүн аныктайт жана гуманитардык жардам алуучуларды, гуманитардык жардам берүүчү уюмдарды каттайт;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте башка мамлекеттик органдар, кызмат адамдары менен өз ара байланышта иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
8. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- аймактык социалдык коргоо башкармалыктарынын жетекчилеринен Департаменттин алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон отчетторду жана материалдарды алууга;
- Департаменттин ишинин багыттары боюнча кеңешмелерди, семинарларды, конкурстарды, конференцияларды өткөрүүгө;
- кадрларды окутууну жана кайрадан даярдоону, квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
- бажылык тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келген жүктүн гуманитардык мүнөзүн тастыктоого;
- милдеттерин жана функцияларын тийиштүү аткаруу үчүн башка укуктарга ээ.
9. Мамагенттиктин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- бюджеттик ассигнованиелердин чегинде Департаменттин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана сарптоолор сметасын бекитүү;
- Департаменттин директорунун орун басарын кызматка дайындоо жана бошотуу;
- Департаменттин ишинин негизги багыттарын аныктоо, ошондой ишинин программаларын жана пландарын бекитүү.
10. Департаментти Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
11. Департаменттин директору:
- Департаментке тапшырылган милдеттердин жана функциялардын аткарылышын уюштурат жана камсыздайт;;
- Департаменттин кызматкерлерин ишке дайындайт жана бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазалоо жана сыйлоо чараларын колдонот;
- Департаменттин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Департаменттин кызматкерлерин иштеги жетишкендиктери жана демилгелери үчүн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт;
- Департаменттин ишинин маселелери боюнча приказдарды чыгарат;
- Департаменттин каражаттарын жана мүлкүн башкарат;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды чектөө жана төлөө маселелерин Мамагенттиктин коллегиясынын кароосуна киргизет;
- бардык уюмдарда, соттук инстанцияларда Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин структурасын, штаттык санын жана сарптоолорунун сметасын Мамагенттиктин директорунун бекитүүсүнө берет.
12. Директордо Мамагенттиктин статс-катчысынын сунушу жана Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарынын макулдугу менен Мамагенттиктин директору кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу орун басары болот.
13. Департамент Мамагенттик тарабынан аппаратты кармап турууга бекитилген сарптоолор сметасы боюнча каржыланат.
14. Департаменттин балансында бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен сатып алынчу негизги каражаттары жана материалдык баалуулуктары болот жана алардын сакталышын камсыз кылат.
15. Департаменттин иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
16. Департамент Юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине тийиштүү жазуу жазылган учурдан баштап өзгөртүп түзүлдү же жоюлду деп эсептелет.
17. Өзгөртүп түзүүдө жана жоюуда Департаменттин бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укук улантуучусуна өтөт.
18. Жоюлган учурда бардык мүлктүк укуктар жана милдеттер Мамагенттикке өткөрүп берилет.
19. Жоюлган учурда документтери Кыргыз Республикасынын архивдик фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.