Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-июну № 421
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Чүй району, Чүй айылы, Совет көчөсү, 99 дареги боюнча жайгашкан имаратты Чүй райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын балансына өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |