Редакцияот 01.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 1-сентябры № 550

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылдык округунун жерлерин которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылдык округунун кайра бөлүштүрүү фондунун 25,0 га айдалбаган жерлерин башка жерлерге (кумдарга) которуу жөнүндө жерлерди бөлүүгө байланышкан маселелер боюнча Республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жер-эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов