Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын 3-сентябры № 558
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- мыйзамсыз жүгүртүү администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке дуушарлантуучу баңги каражаттардын, психотроптук заттардын, прекурсорлордун жана баңги заттуу өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрүн аныктоонун критерийлери (№ 6 тиркеме).";
- жогоруда аталган токтомдун № 2 тиркемесиндеги Баңги заттардын № I тизмесинде:
- 56-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3 - Метилфентанил";
- 108-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"108. Көрсөтүлгөн баңги каражаттардын препараттары, эгер алар башка тизмелерге киргизилбесе.";
Баңги заттардын № II тизмесинин 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Көрсөтүлгөн баңги каражаттардын препараттары, эгер алар башка тизмелерге киргизилбесе.";
Баңги каражаттардын N IV тизмесинде:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баңги заттардын N IV тизмеси - адамдарга колдонуу тыюу салынган, Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилчү дары каражаттардын мамлекеттик реестрине киргизилбечү, Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган баңги каражаттар.";
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Каннабис" (CANNABIS) (каннабистин саманы) - "каннабис" түркүмүндөгү бардык түрдөгү өсүмдүктөрдүн бардык ыкмалар менен чогултулган, кургатылган да, кургатылбаган да, чайыры алынбаган же төмөнкүдөй аталыштардагы бардык бөлүктөрү (уругунан башкасы) (CANNABIS RESIN):
Ait makhlif, Aliamba, Anassa, Anhascha, Assis, Assyuni, Bambia, Banbalacha, Bang(-a), Banghi(-a), Bangi-Aku, Banque, Benghia, Bhang(-a), Bhangaku, Can-Yac, Canamo indiano, Canapa, Canape indiana, Canepa indiana, Cangonha, Canghama, Canhamo, Cannabis indica, Cannabis indicae herba, Cannabis sativa, Cannacoro, Can-Yac, Capsh, Carocuda, Chanvre, Chanvre indien, Chur ganja, Chur-gunjah, Chutras, Chutsao, Da-boa, Dacha, Dagga, Darakte-Bang, Dawamesk, Diamba, Dirijo, Djamba, Djoma, Dokka, Dormilona, Durijo, El kif, Elva, Erva do norte, Erva maligna, Esrar, Femea, Fininha, Fininho, Finote, Flat ganja, Flat-gunjah, Fokkra, Fumo brabo, Fumo decaboclo, Gandia, Ganja(-ah), Ganjayala, Ganjika, Ganjila, Ghanja, Ghaoui, Gongo, Gozah, Grahni Shardool, Greefe, Griefo, Grifa, Griffa, Guabza, Guaza, Gunjah, Gunjha, Hamp(-a), Hanf, Hanfkraut, Haouzi, Hemp, Hen-Nab, Herba cannabis, Herba cannabis indiacae, Herbe de chanvre indien, Hursini, Hushish, Igbo, Ikinji, Indian hemp, Indischer Hanf, Indishehennepkruid, Indisk hampa, Intian hamppu, Intsangu, Isangu, Janjah, Jatiphaladya churna, Jeajuana, Juanita, Jvalana Rosa, Kamashwar modaka, Kamesvara modaka, Kanab, Kanabis, Karpura rasa, Khanje, Kif, Kif ktami, Kinnab, Kiste kibarfi, Kulfi, Kulphi, Kumari asava, Liamba, Lianda, Lutki, Maconha, Maconia, Madan modak, Madi, Magiyam, Makhlif, Malva, Matekwane, Mbanje, Meconha, Misari, Mnoana, Momea, Mota, Mulatinha, Mundyadi vatika, Namba, Ntsangu, Nwonkaka, Nwunkaka, Opio do pobre, Pang(-o), Pienka, Penek, Penka, Pito, Pretinha, Purnadhi legiyam, Rafe, Rafi, Rafo, Riamba, Rongony, Rora, Rora ganja, Rosa Maria, Round ganja, Round guanjah, Sabsi, Sadda, Siddhi, Sonadora, Soussi, Subji, Summitates cannabis, Surama, Tahgalim, Takrouri, Takruri, Tedrika, Teloeud, Teriaki, Tronadora, Umya, Urumogi, Wee, Wewe, Yamba, Yesca, Yoruba, Zacate chino, Zahra, Zerouali, Ziele konopi indyjskich.
"Марихуана (MARIHUANA) - "каннабис" түркүмүндөгү бардык өсүмдүктөрдүн бардык жолдор менен жыйналган, сөңгөктөн ажыратылган (кургатылган же кургатылбаган), майдаланган же майдаланбаган (уругунан башкасы), же төмөнкүдөй аталыштарга ээ өйдөкү бөлүктөрү жана жалбырактары:
Marajuana, Mariajuana, Maraquango, Marigonga, Mariguana, Marihuana, Marijuana, Mariquita, Maruaumba.
"Каинабистин чайыры" (CANNABIS RESIN) (гашиш) - каннабис өсүмдүгүнүн бөлүп алынган чайырынын, чацынын атайын жасалган аралашмасы же аралашмага кандай форма - таблетка, пилюли, пресстелген плитка, паста ж.б. (уругунан башкалар) берилгенине карабастан "каннабис" өсүмдүгүнүн өйдөкү бөлүктөрүн ар кандай толтургучтар менен иштетүү (майдалоо, пресстөө) жолу менен жасалган, же төмөнкүдөй аталыштарга ээ аралашма:
Berrch, Bers, Bheng, Charas, Charras, Charris, Chastig, Chastry, Chats Raki, Chira(-s), Churrus, Chus, Garaouich, Gatawich, Garawish, Garoarsch, Gauja, Gosale, Hachich(-e), Hachichet el keif, Hachisch, Flafion, Haloua, Hasach, Haschich, Haschisch, Hascise, Hash, Hasheesh, Hashish, Hasis, Hasjisj, Haszysz, Haxix(-e), Heloua, Komonga, Ma'agoun, Maagun, Maajoun, Madjun, Magoon, Majoom, Majun, Malak, Manzoul, Manzul, Mapouchari, Masmach, Mumeka, Mosjuk, N'rama, Resin callnabis indicae, Sighirma, Teridka.
"Каннабистин экстракттары жана маңыздары" - каннабисти же каннабистин чайырын ар кандай экстрагенттер, а.и. спирт менен экстракттоо жолу менен жасалган каражаттар.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Апийимдин саманынын концентраты (эреже катары, "меңдубана" түркүмүндөгү өсүмдүктүн сабагынан ажыратылган башы же сабагынын башына жакын бөлүктөрү менен кошо).";
- 13-пункту "кургатылбаган" деген сөздөн кийин ", майдаланылган же майдаланылбаган" деген сөздөр менен толукталсын;
Психоптроптук заттардын № I тизмесинде:
- 9 жана 10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Эфедринден, псевдоэфедринден, эфедрини бар препараттардан же эфедра чөбүнөн колдо жасалган, ичинде меткатинон (эфедрон) бар препараттар (SELF-MODE PREPARATIONS OUT OF EPHEDRINE) (SELF-MODE PREPARATIONS OUT OF PSEUDOEPHEDRINE).
10. Кактустардын бардык түрлөрүнүн бардык бөлүктөрү, мисалы Lophophora williamsi (кургатылганы да, кургатылбаганы да, майдаланганы же майдаланбаганы), психотроптуу заттары барлар, ошондой эле ал кактустарды иштетүүнүн продуктулары, анын ичинде Психотроптуу заттардын тизмесине киргизилген психотроптуу заттарды камтыган колдо жасалган препараттар (мескалин ж.б.)";
- 19-пунктта "баңги каражаттардын" деген сөздөр "психотроптук заттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31-пункттан кийин "ошондой эле ушул Тизмеде аталган заттардын туздары, андай туздар болушу мүмкүн болгон бардык учурларда. Заттардын стереоизомерлери, эгер конкреттүү химиялык белгилөө даана жокко чыгарылбаса - андай стереоизомерлер конкреттүү химиялык белгилөөнүн алкагында болушу мүмкүн болсо." деген сөздөр төмөнкүдөй мазмундагы абзацка алмаштырылсын:
"Эскертүү: Ушул Тизмеде аталган заттардын туздары, андай туздары болушу мүмкүн болгон бардык учурларда; Заттардын стереоизомерлери, эгер конкреттүү химиялык белгилөө даана жокко чыгарылбаса - андай стереоизомерлер конкреттүү химиялык белгилөөнүн алкагында болушу мүмкүн болсо;
ал заттардын препараттары.";
Психотроптуу заттардын № II жана № IV тизмелеринде "Препараттар" деген позициялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Препараттар
Ал заттардын препараттары.";
- жогоруда аталган токтомдун 2-пункту "психотроптуу заттар" деген сөздөрдөн кийин "(мисалы, Lophophora williamsi)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун N 4 тиркемесинин "Психотроптуу заттар" деген 2-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 69-пункт менен толукталсын:
"
69 | МДМА (экстази) жана амфетамин катарындагы башка туундулар (ДОБ, ДМА, ДОЭТ, ММДА, 4-МТА, ПМА ж.б.) (жарактуу заттын кургак калдыгына айлантып эсептегенде | 1,5 | 1,5-45 | 45 |
|
";
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы № 6 тиркеме менен толукталсын:
2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
И.Чудинов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-сентябрындагы № 558 токтомуна
тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтомуна
№ 6 тиркеме |
Мыйзамсыз жүгүртүү администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке дуушарлантуучу баңги каражаттардын, психотроптук заттардын, прекурсорлордун жана баңги заттуу өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрүн аныктоонун
КРИТЕРИЙЛЕРИ
Баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын чоң эмес өлчөмү суткалык 1 (бир) дозага барабар болууга тийиш.
Баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын чоң өлчөмү суткалык 1 (бир) дозадан суткалык 30 (отуз) дозага чейин кошо камтуу менен болууга тийиш(*).
Баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын өтө чоң өлчөмү суткалык 30 (отуз) дозадан ашык жана андан да көп болууга тийиш(*).
(*) Баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын дарылык формалары үчүн - жарактуу баңги каражатка же психотроптук затка айлантып эсептегендеги коэффициентти эсепке албастан, таблеткалардан жана шамдардан башкалары.".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
|
Н.Айтмурзаев |