КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-сентябры № 561
Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө
Республикада балык чарбасын туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү калкка табигый жана жасалма көлмө-сууларда уюштурулган балык өстүрүү өндүрүшүндө иштөө чөйрөсүн түзүү, товардык балык өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана республикада азык-түлүк программасы аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмө-сууларды балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
- Балыкчылык, балык уулоочулук жана балык өстүрүүчүлүк максаттарда балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментине берилчү Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнүн жана суу сактагычтарынын тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти:
- балык чарбасында пайдаланылбаган бардык табигый жана жасалма майда көлмө- сууларга, көлдөргө, суу сактагычтарга, көлмөлөргө жана өзөндөргө аларды балык өстүрүү, балык уулоо жана балыкты көбөйтүү максатында пайдалануу үчүн инвентаризация жүргүзсүн;
- республикада садоктук жана фермердик товардык балыкчылыкты республиканын калкынын иш менен камсыздалышынын маанилүү факторлорунун бири катары активдүү өнүктүрүүнү камсыздасын;
- товардык балык өстүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, республикада табигый жана жасалма чоң көлмө-сууларда, ошондой эле балык чарбасында пайдаланылбаган майда көлмө-сууларда товардык балык өстүрүп көбөйтүүчү чарбаларды түзүү боюнча чараларды көрсүн;
- балык запастарды жасалма өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизүүнү жана ата мекендик ихтиофаунадагы балыктардын баалуу түрлөрүнүн энелик үйүрлөрүн түзүүнү жана республиканын көлмө-сууларында товардык максатта өстүрүү үчүн балыктардын жана башка суудагы биоресурстардын жогорку продуктулуу породаларын аквакультурлоонун жана климатташтыруунун технологияларын өнүктүрүүнү камсыздасын;
- эмгекке жарактуу жергиликтүү калктын иш менен камсыздалышын көбөйтүү үчүн балык тармагынын өндүрүштүк инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүнү камсыздасын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1985-жылдын 8-майындагы № 204 «Сонундук жана спорттук балыкчылыкты уюштуруу үчүн мергенчилердин жана балыкчылардын коомдоруна берилүүчү көлмөлөрдүн жана алардын участкаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетинин 1991-жылдын 23-сентябрындагы № 472 «Көлмө-сууларды суу пайдалануунун ар түрдүү категорияларына киргизүү жөнүндө» токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 561 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмө-сууларды балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги табигый жана жасалма көлмө-сууларды же алардын айрым участокторун балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн пайдаланууга берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик маанидеги табигый жана жасалма көлмө-сууларды же алардын айрым участокторун пайдаланууга берүү көлмө-сууларды же алардын айрым участокторун юридикалык жактарга жана жеке адамдарга балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн берүү жолу менен ишке ашырылат.
3. Мамлекеттик маанидеги чоң табигый жана жасалма көлмө-сууларда юридикалык жана жеке жактарга балыктын баалуу түрлөрүнүн өнөр жайлык запасынын бөлүгүн гана пайдаланууга (кармоого) уруксат берилет, аларды кармоо нормалар (квоталар, лимиттер) менен жөнгө салынат, бул аларды башка пайдалануучулардын дагы пайдалануу мүмкүндүгүн караштырат жана келишимдин шарттарында же балык кармоо боюнча документтерде чагылдырылат.
4. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик маанидеги бардык табигый жана жасалма көлмө-суулар (көлдөр, суу сактагычтар, көлмөлөр жана дарыялар) балык багуунун, балык кармоонун, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объекттери болгон өздөрүнүн балык запастары болуп бардыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бирдиктүү балык чарба фондун түзүшөт.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти (мындан ары - Департамент) республикадагы балык чарба фондунун негизги пайдалануучусу болот жана көлмөлүк, садоктук жана маданий балык чарбаларды түзүү үчүн көлмө-сууларды аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын балык чарба фондунун курамына кирген табигый жана жасалма көлмө-сууларды (мындан ары - көлмө-суулар) юридикалык жана жеке жактарга белгиленген тартипте берет.
6. Көлмө-суулар же алардын айрым участоктору балык багуу жана балык өстүрүү максаттары үчүн пайдаланууга он жылга чейинки мөөнөткө, ал эми балык уулоо максаты үчүн - бир жылга чейин берилиши мүмкүн.
7. Пайдалануу режими өзгөчөлүү, тукумдук көлмө-суулар катары, балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнүн икрасын камдоо үчүн пайдаланылчу көлмө-суулар же көлмө-суулардын участоктору пайдаланууга конкурстук негизде берилиши мүмкүн.
8. Департамент республикада балык чарбасын өнүктүрүү, көлмө-сууларды жана балык запастарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет.
9. Балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн көлмө-сууларды же алардын айрым участокторун пайдаланууга алууга кызыкдар юридикалык жана жеке жактар керектүү негиздемеси менен Департаментке белгиленген формада арыз беришет.
Балык чарбаларды уюштурууда жана балыкчылык же балык өстүрүү боюнча жумуштарды уюштурууда арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- балык чарбасын өнүктүрүүнүн бизнес-планы, аны кармоого каражаттардын, өндүргүчтөрдү жана товардык балыктарды алуунун, кое берилчү балык материалдарды өстүрүүнүн, балык өстүрүү-мелиорация иш-чараларынын эсептери;
- уюштурулчу балык чарбанын жана көлмө-суунун (балык уулоочу участоктордун) карта-схемасы, чарбанын чек араларын белгилөө, көлмө-суулардын же анын айрым участокторунун аянтын жана эгер пайдаланыла турган болсо - садоктук курулмалар жайгаштырылчу жерлерин көрсөтүү менен;
- атайын илимий органдын же Департаменттин ихтиология кызматынын иштетилчү көлмө-суулардын балыкчылык-биологиялык потенциалы жөнүндө балыкчылык-биологиялык негиздемеси жана белгиленип жаткан балык чарбалык иштин долбоордук материалдарына балык чарбалык экспертизанын корутундусу.
10. Балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн көлмө- сууларды же алардын айрым участокторун пайдаланууга өткөрүп берүү ачык-айкын негизде ишке ашырылат. Бир эле көлмө-сууга же анын участогуна бир нече талапкер болгон учурда аларды пайдаланууга берүү конкурстук негизде ишке ашырылат.
11. Балыкчылык жана балык өстүрүү максаттары үчүн көлмө-сууларды юридикалык жана жеке жактарга берүү аларды коруу, көлмө-сууларды балыктандыруу жана аларды андан ары көбөйтүү боюнча иш-чаралар менен андан аркы балык чарбалык иштетүү, балык чарбаларды орноштуруу жана уюштуруу үчүн биологиялык негиздеменин негизинде жүргүзүлөт.
12. Балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн (мындан ары - балык чарбалык пайдалануу үчүн) көлмө-сууларды же алардын участокторун пайдаланууга берүү келишим менен таризделет.
Келишим ага тараптар кол коюшкан учурдан тартып күчүнө кирет.
13. Суу чарбалык уюмдар менен түзүлүүчү суу пайдалануу жөнүндө келишимдер юридикалык жана жеке жактарга көлмө-сууларды же алардын айрым участокторун балык чарба үчүн пайдаланууга укук бербейт.
14. Көлмө-сууларды балык чарбалык пайдаланууга келишимде бекитип берилген көлмө-сууну пайдалануу боюнча укуктук, экономикалык жана башка шарттар, тараптардын милдеттери жана укуктары, көлмө-сууларды пайдалангандык үчүн акынын өлчөмү, аларды төлөөнүн тартиби, келишимдин шарттарын аткарбагандык үчүн тараптардын жоопкерчилиги так белгиленүүгө тийиш.
Көлмө-суунун же анын участогунун паспорту келишимдин милдеттүү курамдык бөлүгү болот жана анда көлмө-суунун балык чарбалык-биологиялык потенциалы жөнүндө маалыматтар жана аны балык чарбага пайдалануудагы чектөөлөр жөнүндө маалыматтар болот.
15. Департамент же көлмө-сууну пайдалануучу келишимди төмөнкүдөй учурларда ажыратышы мүмкүн:
- бекитип берилген көлмө-сууну же анын участогун пайдалануудан ыктыярдуу баш тартылганда;
- келишимдин жарактуулук мөөнөтү бүткөндө;
- келишимде белгиленген пайдалануу шарттары бузулганда;
- юридикалык же жеке жактар ишин токтотушканда;
- көлмө-суу максаттык арналышына жараша пайдаланылбаганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер пайда болгондо.
16. Көлмө-сууну же анын участокторун балык чарбалык максатта пайдалануу Департаменттин келишимди ажыратуу жөнүндө чечиминин негизинде токтотулат.
Департаменттин көлмө-сууну же анын участокторун пайдаланууга келишимди ажыратуу жөнүндө чечиминин үстүнөн соттук тартипте даттанууга болот.
17. Көлмө-сууларды же алардын участокторун балык чарбалык пайдаланууга берүү балык ресурстарды пайдалануучуга суу объекттерди негизги суу пайдалануучунун же көлмө-суунун менчик ээсинин пайдалануусунан ажыратып алуусуна укук бербейт.
18. Көлмө-сууларды же көлмө-суулардын участокторун балык чарба максатында пайдалануу акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат.
19. Көлмө-сууларды же алардын участокторун балык уулоо максатында пайдаланганда балык кармагандык үчүн акыны Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө алат.
20. Көлмө-сууларды балыкчылык жана балык өстүрүү максаттарында (товардык балык жана кое берилчү балык материалдарды өстүрүү) же балык уулоо максатында пайдалангандык үчүн акыны Департамент келишим түзгөндө же балык уулоого материалдарды бергенде алат жана ал Департаменттин балык чарбаны өнүктүрүү фондуна кириштелет.
21. Көлмө-сууну же анын участогун балык чарбалык пайдалануу үчүн алган юридикалык жана жеке жактарга төмөнкүдөй укуктар берилет:
- көлмө-сууну же анын участогун аларды берүүнүн шарттарына ылайык пайдаланууга;
- бекитип берилген көлмө-суулардын же алардын участокторунун балык ресурстарын белгиленген тартипте жана келишимге ылайык пайдаланууга;
- контролдоочу органдардын мыйзамсыз аракеттеринен зыян келтирилген учурда чыгымдарынын жана зыяндарынын ордун төлөтүүгө.
22. Көлмө-суунун пайдалануучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бекитип берилген көлмө-сууну анын балык чарбалык пайдалануу боюнча максаттык арналышына жараша натыйжалуу пайдаланууга;
- бекитип берилген көлмө-сууларда же анын участокторунда балык запастарды корууга жана көбөйтүүгө;
- бекитип берилген көлмө-сууда же анын участогунда балыкчылык-биологиялык, мелиорациялык, ихтиопатологиялык жана башка балык чарбалык иш-чараларды аткарууга;
- балыктын баалуу түрлөрүнүн популяциясы сакталышын жана табигый төлдөшүн камсыздоочу ыкмалар менен жана көлөмдө балык кармоого;
- балык ресурстарды чарбалык пайдаланууну балык запастарга зыян келтирилишин жана алардын жашоо чөйрөсү бузулушун болтурбоочу шартта ишке ашырууга;
- бекитип берилген көлмө-сууларды жана алардын балык запастарын пайдалангандык үчүн акыны өз убагында төлөөгө;
- балык ресурстарды биоценоздун бүтүндүгүн бузбоочу жана балык запастардын сакталышын жана көбөйүшүн камсыздоочу ыкмалар менен пайдаланууга;
- балык ресурстардын абалы жана пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды жана отчетторду, ошондой эле бекитип берилген көлмө-суулардагы жана алардын участокторундагы балык чарбалык иштин натыйжасы боюнча маалыматтарды Департаментке өз убагында берүүгө;
- анын күнөөсү боюнча бекитип берилген көлмө-суунун биологиялык продуктулуулугу азайганынан келтирилген зыянды белгиленген тартипте төлөөгө;
- бекитип берилген көлмө-сууларды же алардын участокторун башка юридикалык жана жеке жактарга өз эркинче өткөрүп бербөөгө.
23. Бекитип берилген көлмө-сууларда жана алардын участокторунда балык запастарды жана алардын жашоо чөйрөсүн коруу ошол көлмө-суулардын жана участоктордун пайдалануучулары тарабынан ишке ашырылат, алардын кызматкерлерине Департамент белгиленген тартипте балык коруунун коомдук инспекторунун укугун берет.
24. Келишимдик милдеттенмелерди бузгандыктан улам балыктын сырьелук базасынын абалы начарлаганда көлмө-суулар пайдаланууга берилген юридикалык жана жеке жактар көлмө-сууда балыктын сырьелук базасын калыбына келтирүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшөт, ал эми балык запастарга зыян келтирилген учурда анын ордун белгиленген тартипте толтурушат.
25. Көлмө-сууларды же алардын участокторун пайдалануу мөөнөтү юридикалык жана жеке жактар келишимдин мөөнөтү бүтөөрдөн бир ай мурда Департаментке берчү арыздар боюнча узартылат.
26. Келишимди узартууга артыкчылык укук ал көлмө-суулар жана алардын участоктору бекитип берилген, келишимдик милдеттенмелерин такай аткарышкан юридикалык жана жеке жактарга берилет.
27. Департамент юридикалык жана жеке жактар ушул Жобонун талаптарын аткарышын контролдойт.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 561 токтому менен бекитилген |
Балыкчылык, балык уулоочулук жана балык өстүрүүчүлүк максаттарда балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментине берилчү Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнүн жана суу сактагычтарынын ТИЗМЕСИ
№ | Көлмө-суулардын аталышы жана турган жери | Арналышы | Көлмө-суунун аянты (га) же узундугу (км) |
1 | 2 | 3 | 4 |
1. Чоң табигый көлдөр | |||
1.1 | Ысык-Көл (Ысык-Көл облусу) | балык чарбалык | 6236 кв.км |
1.2 | Соң-Көл (Нарын облусу) | -»- | 270 кв.км |
1.3 | Кара-Суу (Жалал-Абад облусу) | -»- | 4,2 кв.км |
1.4 | Көл-Үкөк (Нарын облусу, Кочкор району) |
| 1,6 кв.км |
2. Суу сактагычтар, БДР, БСР | |||
| Чүй облусу | ||
| Аламүдүн районү | ||
2.1 | Төмөнкү Ала-Арча куйма суу сактагычы | ирригациялык | 625 га |
2.2 | Төмөнкү Ала-Арча нуктук суу сактагычы | -»- | 1000 га |
2.3 | Чөмүч суу сактагычы | -»- | 56 га |
2.4 | ГЭС-5 суу сактагычы | -»- | 15 га |
2.5 | «Карагоо» БСР | -»- | 5 га |
2.6 | «Татин» БСР | -»- | 5 га |
2.7 | «Аламүдүн-Норус» БСР | -»- | 4 га |
2.8 | БСР (Гроздь айылы) | -»- | 5 га |
2.9 | БСР (Константиновка айылы) | -»- | 4 га |
2.10 | ГЭС-6 көлмө | -»- | 3 га |
2.11 | «Мраморный» көлү | табигый | 30 га |
2.12 | 3-көл (Маевка айылы) | -»- | 3 га |
2.13 | Көлмө -»- | -»- | 3,5 га |
2.14 | Көлмө (МТФ-2) | -»- | 7 га |
2.15 | № 1 көлмө (Ленинское айылы) | -»- | 5 га |
2.16 | № 2 көлмө -»- | -»- | 4 га |
2.17 | Көлмө (Садовое айылы) | -»- | 2,5 га |
2.18 | Көлмө (Эт-сөөк завод) | -»- | 1,5 га |
| Ысык-Ата району | ||
2.19 | БДР, Ивановка ст., ВБЧК | ирригациялык | 60 га |
2.20 | БДР «Бос-Бармак», ВБЧК | табигый | 38 га |
2.21 | «БЧКнын эски нугу» БДР | -»- | 10 га |
| Чүй району | ||
2.22 | Токмок кант заводунун көлмөсү | табигый | 20 га |
2.23 | Токмок-1 көлмө | -»- | 14 га |
2.24 | Токмок-2 көлмө | -»- | 12 га |
2.25 | БСР № 1, Жаңы канал | ирригациялык | 2 га |
2.26 | БСР № 13 | -»- | 1 га |
| Кемин району | ||
2.27 | «Жашыл-Көл» | табигый | 1,4 га |
2.28 | «Челек» көлү | -»- | 1,2 га |
2.29 | «Көл-Төр» | -»- | 1,6 га |
2.30 | БСР «Сарбос» | ирригациялык | 3 га |
| Сокулук району | ||
2.31 | Сокулук суу сактагычы | ирригациялык | 180 га |
2.32 | «Жалгач» суу сактагычы | -»- | 44 га |
2.33 | «Чат-Көл» суу сактагычы | -»- | 13 га |
2.34 | «Кара-Көл» суу сактагычы | -»- | 10 га |
2.35 | № 1 суу сактагыч | -»- | 30 га |
2.36 | № 2 суу сактагыч | -»- | 27 га |
2.37 | «Узун-Көл» | -»- | 37 га |
2.38 | БДР «Шарго» | -»- | 130 га |
2.39 | Чирик устун көлү | табигый | 10 га |
2.40 | «Красная заря» көлү | -»- | 15 га |
2.41 | «Кыргыз» көл | -»- | 5 га |
| Москва району | ||
2.42 | «Ак-Суу» суу сактагычы | ирригациялык | 136 га |
2.43 | «Спартак» суу сактагычы | -»- | 590 га |
2.44 | «Макачи» суу сактагычы | -»- | 25 га |
2.45 | «Ак-Суу» көлү | табигый | 21 га |
2.46 | «Москва» көлү | -»- | 14 га |
2.47 | «Ленин жолу» көлү | -»- | 24 га |
| Жайыл району | ||
2.48 | «Кара-Балта» суу сактагычы | ирригациялык | 149 га |
2.49 | «Механическое» суу сактагычы | -»- | 42 га |
2.50 | «Жекен-2» суу сактагычы | -»- | 33 га |
2.51 | «Ак-Башат-5» суу сактагычы | -»- | 40 га |
2.52 | «Степное» суу сактагычы | -»- | 34 га |
2.53 | «Эриктүү» суу сактагычы | -»- | 20 га |
| Панфилов району | ||
2.54 | «Кара-Тума» суу сактагычы | ирригациялык | 220 га |
2.55 | «Панфилов-1» суу сактагычы | -»- | 40 га |
2.56 | «Панфилов-2» суу сактагычы | -»- | 62 га |
2.57 | «Пучук» суу сактагычы | -»- | 60 га |
2.58 | «Агермень» суу сактагычы | -»- | 34 га |
2.59 | «Ладыбан» суу сактагычы | -»- | 8 га |
2.60 | «Чалдовар» көлү | табигый | 25 га |
2.61 | «Нива» көлү | -»- | 3 га |
| Жалал-Абад облусу | ||
2.62 | Токтогул суу сактагычы | балык чарбалык | 26500 га |
2.63 | Базар-Коргон суу сактагычы | -»- | 231 га |
2.64 | Күрп-Сай суу сактагычы | ирригациялык | 1200 га |
2.65 | Шамалды-Сай суу сактагычы | -»- | 240 га |
2.66 | Үч-Коргон суу сактагычы | -»- | 400 га |
2.67 | Касан-Сай суу сактагычы | -»- | 480 га |
2.68 | «Көл-Ала» көлү | табигый | 410 га |
| Ош облусу | ||
2.69 | Найман суу сактагычы | ирригациялык | 450 га |
2.70 | Папан суу сактагычы | -»- | 710 га |
2.71 | Касан-Сай суу сактагычы | -»- | 506 га |
2.72 | Кемпир-Абад суу сактагычы | -»- | 5400 га |
2.73 | «Кулун» көлү | табигый | 730 га |
| Баткен облусу | ||
2.74 | Төрт-Күл суу сактагычы | ирригациялык | 267 га |
| Талас облусу | ||
2.75 | Киров суу сактагычы | балык чарбалык | 2800 га |
2.76 | Кара-Буура суу сактагычы | ирригациялык | 265 га |
| Нарын облусу | ||
2.77 | Орто-Токой суу сактагычы | балык чарбалык | 2550 га |
2.78 | «Ара-Көл» (Кочкор району) | табигый | 10 га |
2.79 | «Ала-Көл» (Жумгал району) | -»- | 7 га |
3. Чоң эмес табигый көлдор, көлмө-суулар, БДР жана БСР | |||
| Ысык-Көл облусу | ||
| Түп району | ||
3.1 | «Кара-Көл» | балык чарбалык | 46 га |
3.2 | БСР «Чоң плотина» (Долон айылы) | ирригациялык | 85 га |
3.3 | БСР «Кичине плотина» | -»- | 26 га |
3.4 | БСР «Маяк» | -»- | 13 га |
3.5 | БСР «Госспецхоз» (Николаевка айылы) | -»- | 18 га |
3.6 | БСР «Кош-Дөбө-1» | -»- | 57 га |
3.7 | БСР «Кош-Дөбө-2-Чыргой» | -»- | 56 га |
3.8 | БСР «Победа» (Михайловка айылы) | -»- | 4 га |
3.9 | БСР «Шаты» | -»- | 3,8 га |
3.10 | «Кара-Көл» | -»- | 46 га |
3.11 | «Ой-Тал» көлү | табигый | 4 га |
3.12 | «Осипово» көлү | -»- | 1,3 га |
3.13 | «Кутурга» көлү | -»- | 1,2 га |
3.14 | «Колотилино» көлу | -»- | 1,2 га |
3.15 | «Шуваево» көлү | -»- | 1,1 га |
3.16 | Көлмө (Түп айылы) | -»- | 16,5 га |
3.17 | Көлмө (Кутургу айылы) | -»- | 4,0 га |
3.18 | Көлмө (Ак-Булуң айылы) | -»- | 3,0 га |
| Ысык-Көл району | ||
3.19 | «Байсорун» көлү (Ананьево айылы) | табигый | 1,0 га |
3.20 | «Ак-Суу» көлү | -»- | 1,3 га |
3.21 | «Маяк» ДОЦ аймагындагы көлмөлөр | -»- | 3,2 га |
| Ак-Суу району | ||
3.22 | Көл (Кара-Жал айылы) | табигый | 3,28 га |
3.23 | Көл (Теплоключенка айылы) | -»- | 1,5 га |
3.24 | Көл (Теплоключенка айылы) | -»- | 2,36 га |
3.25 | Көл (Теплоключенка айылы) | -»- | 2,5 га |
3.26 | Көл (Теплоключенка айылы) | -»- | 2,7 га |
3.27 | «Звероферма» көлү | -»- | 10 га |
| Жети-Өгүз району | ||
3.28 | «Зеленый Гай» көлү (Липенка айылы) | табигый | 16 га |
3.29 | «Циколка» көлү (Липенка айылы) | -»- | 1,8 га |
3.30 | Кара-Көл (Липенка айылы) | -»- | 4,7 га |
3.31 | № 1 көлмө (Липенка айылы) | -»- | 3,1 га |
3.32 | № 2 көлмө (Липенка айылы) | -»- | 3,2 га |
3.33 | № 3 көлмө (Липенка айылы) | -»- | 3,9 га |
3.34 | ГЭСтин көлү (Липенка айылы) | ирригациялык | 4,8 га |
3.35 | «Бугор-1» көлмө (Липенка айылы) | табигый | 1,4 га |
3.36 | «Тегирмен» көл (Липенка айылы) | -»- | 3,2 га |
3.37 | № 4 көлмө (Липенка айылы) | -»- | 3,3 га |
3.38 | «Сибенко» көлү (Липенка айылы) | -»- | 3,4 га |
3.39 | «Жыдык-Көл» (Липенка айылы) | -»- | 6,3 га |
3.40 | «Дальнее» көлү (Липенка айылы) | ирригациялык | 25,9 га |
3.41 | «Малое» көлү (Кызыл-Суу айылы) | табигый | 4,9 га |
3.42 | «Среднее» көлү (Кызыл-Суу а.) | -»- | 8,9 га |
3.43 | «Кокуй-Көл» (Ак-Дөбө айылы) | -»- | 32 га |
3.44 | «Кара-Көл» (Ак-Дөбө айылы) | -»- | 36,5 га |
3.45 | «Жашыл-Көл» | -»- | 480 га |
3.46 | «Ала-Көл» | -»- | 680 га |
3.47 | «Жыдык-Көл» (Жети-Өгүз айылы) | -»- | 25,6 га |
3.48 | Аты жок көл (Жети-Өгүз айылы) | -»- | 5,0 га |
3.49 | Аты жок көл (Жети-Өгүз айылы) | -»- | 6,2 га |
3.50 | Аты жок көл | -»- | 4,0 га |
3.51 | Аты жок көл | -»- | 5,2 га |
| Тоң району | ||
3.52 | «Айдың-Көл» | табигый | 3 га |
3.53 | Сасык-Көл» | -»- | 1,6 га |
3.54 | «Туз-Көл» | -»- | 8,6 га |
3.55 | «Кош-Кара-Көл» | -»- | 1,2 га |
3.56 | Аты жок көл (Төрт-Күл айылы) | -»- | 5 га |
3.57 | «Тешик-Көл» (бийик тоодо, сыртта) | -»- | 20 га |
3.58 | «Коңур-Өлөң-1» көлү (бийик тоодо, сыртта) | -»- | 2 га |
3.59 | «Коңур-Өлөң-2» көлү (бийик тоодо, сыртта) | -»- | 26 га |
Эскертүү: БДР - Декадалык жөнгө салуу бассейни.
БСР - Суткалык жөнгө салуу бассейни.
ВБЧК - Чыгыш Чоң Чүй каналы.
4. Дарыялар
| Чүй дарыясынын бассейни |
| Нарын дарыясынын бассейни |
| Талас дарыясынын бассейни |
1 | 2 |
| 3 |
| 4 |
4.1 | Чүй суусу куймалары менен | 4.22 | Нарын суусу куймалары менен | 4.44 | Талас суусу |
4.2 | Чыгыш Каракол | 4.23 | Балгарт | 4.45 | Бешташ |
4.3 | Чыгыш Сөөк | 4.24 | Он-Арча | 4.46 | Кара-Буура |
4.4 | Шамшы | 4.25 | Ичке-Баш | 4.47 | Күмүштак |
4.5 | Кара-Кужур | 4.26 | Оттук | 4.48 | Үрмарал |
4.6 | Түлөк | 4.27 | Жергетал | 4.49 | Асса |
4.7 | Чоң-Кемин | 4.28 | Ат-Башы | 4.50 | Күркүрөө-Суу |
4.8 | Чым-Булак | 4.29 | Сары-Тал |
|
|
4.9 | Тегирмен-Суу | 4.30 | Тегерек-Булак |
|
|
4.10 | Орто-Кайыңды | 4.31 | Кара-Коюн |
|
|
4.11 | Чолок-Кайыңды | 4.32 | Ат-Башы-Кара-Суу |
|
|
4.12 | Калмак-Суу | 4.33 | Ала-Бука |
|
|
4.13 | Төр-Суу | 4.34 | Көкөмерен |
|
|
4.14 | Кегети | 4.35 | Торкент |
|
|
4.15 | Ысык-Ата | 4.36 | Ничке |
|
|
4.16 | Аламүдүн | 4.37 | Кодул (Кашка-Суу) |
|
|
4.17 | Ала-Арча | 4.38 | Чычкан |
|
|
4.18 | Ак-Суу | 4.39 | Бала-Чычкан |
|
|
4.19 | Кара-Балта | 4.40 | Узун-Акмат |
|
|
4.20 | Көкөмерен | 4.41 | Кара-Суу |
|
|
4.21 | Жыламыш | 4.42 | Суусамыр |
|
|
|
| 4.43 | Батыш-Каракол |
|
|
| |||||
| Сыр-Дарыянын бассейни |
| Кара-Дарыянын бассейни |
| Аму-Дарыянын бассейни |
4.51 | Сумсар | 4.67 | Кара-Дарья | 4.83 | Кызыл-Суу дарыясы |
4.52 | Гавасай | 4.68 | Тар |
|
|
4.53 | Падыша-Ата | 4.69 | Кара-Кулжа |
|
|
4.54 | Кассансай | 4.70 | Яссы |
|
|
4.55 | Терек-Сай | 4.71 | Куршаб (Гүлчө) |
|
|
4.56 | Кожо-Бакырган | 4.72 | Кара-Үңкүр |
|
|
4.57 | Ак-Суу | 4.73 | Арсланбап булагы |
|
|
4.58 | Чаткал | 4.74 | Майли-Сай суусу |
|
|
4.59 | Сандалаш | 4.75 | Ак-Буура |
|
|
4.60 | Исфайрамсай | 4.76 | Кырк-Кичик |
|
|
4.61 | Шахимардан | 4.77 | Чили-Сай |
|
|
4.62 | Сох | 4.78 | Кыргызата |
|
|
4.63 | Кардалы | 4.79 | Котчан |
|
|
4.64 | Босого | 4.80 | Абшир-Сай |
|
|
4.65 | Исфара | 4.81 | Кызыл-Үңкүр |
|
|
4.66 | Исфана | 4.82 | Араван-Сай |
|
|
«Ысык-Көлдүн» бассейни | |||||
4.84 | Ырдык | 4.111 | Чон-Койсу суусу | 4.138 | Кичи-Сарыбу- лак суусу |
4.85 | Челпек | 4.112 | Чолпон-Ата | 4.139 | Чоң-Сарыбулак |
4.86 | Кичине-Кызыл-Суу | 4.113 | Орто-Долоноту | 4.140 | Шаты |
4.87 | Жуука (Заука) | 4.114 | Сөгөттү | 4.141 | Түп |
4.88 | Чычкан | 4.115 | Чоң-Сөгөттү | 4.142 | Табылгаты |
4.89 | Актерек | 4.116 | Корумду | 4.143 | Чыгыш Кең-Суу |
4.90 | Кичи-Сарыбулак | 4.117 | Кумбел | 4.144 | Батыш Кең-Суу |
4.91 | Кичи-Жаргылчак | 4.118 | Аксуу | 4.145 | Чоңташ |
4.92 | Сарыбулак | 4.119 | Тегерменти | 4.146 | Чыгыш Корумду |
4.93 | Чоң-Жаргылчак | 4.120 | Чет-Байсаур | 4.147 | Батыш Корумду |
4.94 | Таралган | 4.121 | Орто-Байсаур | 4.148 | Чон-Куочи |
4.95 | Барскоон | 4.122 | Каменная (Чоң-Байсаур) | 4.149 | Кичи-Куочи |
4.96 | Тамга | 4.123 | Атымкул (Ачык-Таш) | 4.150 | Талдысу |
4.97 | Тосор | 4.124 | Чон-Өрүктү | 4.156 | Ичкесу |
4.98 | Кажы (Кадрен-Сай) | 4.125 | Орто-Өрүктү | 4.157 | Жыргалан |
4.99 | Бар-Булак | 4.126 | Кичи-Өрүктү | 4.158 | Түргөн-Аксуу |
4.100 | Шор-Булак | 4.127 | Ойтал | 4.159 | Бозучук |
4.101 | Дүрөсуу (Чырпыкты) | 4.128 | Кутургу | 4.160 | Ичке-Жергес |
4.102 | Чок-Тал | 4.129 | Караганды (Дол-Булак) | 4.161 | Чоң-Жергес |
4.103 | Чет-Койсу | 4.130 | Шинаты | 4.162 | Аксуу |
4.104 | Орто-Койсу | 4.131 | Күрмөнтү | 4.163 | Курчак-Арал |
4.105 | Кара-Көл | 4.132 | Аксай | 4.164 | Карасуу (Батыш) |
4.106 | Кашка-Суу | 4.133 | Көксай | 4.165 | Ичкетор (Чоң-Тор) |
4.107 | Жети-Өгүз | 4.134 | Култор | 4.166 | Мамбеттөр |
4.108 | Чоң-Кызыл-Суу | 4.135 | Жерүй | 4.167 | Коңур-Өлөң |
4.109 | Тоң | 4.136 | Четинди | 4.168 | Туура-Суу (Улахол) |
4.110 | Корумду | 4.137 | Актерек | 4.169 | Чоң-Аксу |